Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Акыркы коңгуроо: Кош кал, балалык!


Өлкөдө жалпысынан 2 миңден ашуун орто билим берүүчү мектеп бар. 25-майда ал мектептерде 11-классты аяктап жаткан 76 миң бүтүрүүчү үчүн акыркы коңгуроо кагылды.

Бишкектеги № 66 орто мектептин акыркы конгуроо аземи кадимкидей эле оюн-зоок менен коштолду. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-класс окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл орто мектепти ийгиликтүү аяктап, өзгөчө аттестатка татыктуу 3 миң бүтүрүүчү бар.

11-класстын бүтүрүүчүсү Салтанат Ашымова мектеп босогосун аттап жатканына бир эсе кубанса, бир эсе өкүнүп жатканын айтты:

- Абдан кубанычтамын. 11 жыл бат эле өтүп кеттиби деп ойлонуп атам. Бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол! Баарыңарды куттуктайм.

Мугалимдер бүгүн бүтүрүүчү жана алардын ата-энелеринен көптөгөн алкыш сөздөрдү угушуп, гүлдөргө бөлөндү. Бишкек шаарындагы № 66 мектептин 11-классынын жетекчиси Дилбар Жээнчороева бул күнү ата-энелер атынан алкышка бөлөнүп кубанып турса да, балдарындай болуп калган окуучулар менен кош айтышууга туура келип жатканына кейиди:

- Бир жагы сүйүнүчтүү, бир жагы өкүнүчтүү. Анткени ушуга чейин мен окутуп, тарбиялаган балдарым мектепти бүтүрүп атат. Балдарга кааларым ак жол! Буйруса, алдыда келе жаткан экзамендерин ийгиликтүү бүтүрүп, каалаган ой-максаттарына жетишсин.

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Абдылда Мусаевдин буйругу менен быйыл адатка айланган “Акыркы коңгуроо” аземин жана бүтүрүү кечелерин ресторан-кафелерде өткөрүүгө тыюу салынган.

Мындай чектөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугу жана алардын ата-энелеринин суранычы менен сарамжалдуулукка негизделип киргизилгенин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Албина Дүйшембиева “Азаттыкка” билдирди:

- Билим берүү жана илим министрлигинин Буйругуна ылайык, бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда кечинде белгилөөгө тыюу салынат. Биз ата-энелерден бүтүрүү кечелерин мектептерде күндүз белгилөөгө чакырабыз. Бул чечим 7-8 апрелдерде өлкөдө болгон окуяларга байланыштуу жана “Билим берүү” тууралуу мыйзамдын 31-беренесинин негизинде кабыл алынды.

Акыркы коңгуроо аземинде “Патриот” элдик кошууну Бишкектеги ар бир мектепте үч-төрттөн ыктыярчы коюп, мектептердеги коопсуздук жана тартипти камсыз кылды.

№ 66 орто мектепке келген ыктыярчы Иман “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Мен “Патриот” кыймылынан болом. 25-майга карата бул жерде тынчтыкты камсыздап, тартипсиздик болуп кетпесин деп милицияларга жардам берип турабыз. Бул мектепке штабдан үчөөбүздү жиберишкен. Он экиге чейин ушул жерде болобуз.

Убактылуу өкмөттүн социалдык тармакты жетектеген мүчөсү Элмира Ибраимова менен Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Абдылда Мусаев 25-майда Чүй районундагы Чүй айылында акыркы коңгуроо аземине катышканы кабарланды.
XS
SM
MD
LG