Буга улай 1-сентябрда окуучулардын бир бөлүгү билим журтуна барбай калгандыгы айтылууда.
Мэрдин сунушу суу кечпеди
Ош мэринин басма сөз катчысы Александр Ким “Азаттыкка” кабарлашынча, шаардагы 57 мектепте жаш муундарга таалим-тарбия берилчү. Тилекке каршы, Хамза атындагы билим уясы июндагы тополоңдо өрттөлүп кеткендиктен, анын мугалимдери жана окуучулары башка мектептерге жайгаштырылды. Ошентип, калган агартуу мекемелеринде окуу жылы демейдегидей 1-сентябрда башталды.
Мурда маалымдалгандай, ушул жылдын 23-августундагы чоң жыйында Ош шаар мэри Мелисбек Мырзакматов агартуу мекемелериндеги коопсуздукту туруктуу камсыз кылууга 500 чакты милиция зарылдыгын белгилеп, бул маселе чечилмейинче жаңы окуу жылын баштабай турууну сунуштаган эле:
- Бизге ата-энелерден каттар келип түшүүдө. “Эгерде балдарыбыздын коопсуздугун камсыз этпесеңер, аларды мектепке жөнөтпөйбүз!” деп. Кудай сактасын, бир кырсык чалса, алар чындап эле уул-кыздарын мектепке же бала бакчага жөнөтпөй коюшат. Анан ошентип Ош окуясы кайталанышы ыктымал. Абдырахман Тобокелович, президент Роза Отунбаевага, ички иштер министрине расмий кат жазыңыз. Биз сурап жаткан сандагы милиция кызматкерлерин каржылашпаса, биз жаңы окуу жылын баштабай турабыз. Себеби, жоопкерчиликти мен мойнума алгым келбейт!
Учурда Ошто жүргөн вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева минтип элди дүрбөтүп ызы-чуу кылууга негиз жоктугун, күзөтчүлөр 1-сентябрдан тарта шаардын бардык мектептеринде ишке киришкендигин жарыя кылды:
- Эң эле чочулаганыбыз Ош шаары болчу. “Биз балдарды мектепке жөнөтпөйбүз! Даяр болбосо онунчу сентябрдан жаңы окуу жылын баштайбыз!” деп атышпадыбы. Дагы башкача сөздөр да айтылды. Ошон үчүн бул маселелердин тегерегинде катуу иштедик. Мына, окуучуларды ташыганга кичи автобустарды жүргүздүк. Жакында бир коомдук бирикме менен келишим түздүк. 56 мектептин бардыгын эми күзөтчүлөр кайтарышат. Ар бир агартуу журтунун сыртын экөө көзөмөлдөсө, ичинде дагы экөө тартипти камсыздап турат.
Өктөмкан Абдуллаева сөз арасында күзөтчүлөрдүн маянасын Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фонду, эмгек жана миграция министрлиги жана Кыргыз өкмөтү төлөй тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле Ош коогалаңында өрттөлгөн Хамза атындагы мектептин качан курулаары белгисиздигин, Кара-Суу районундагы Толстой атындагы мектеп эмдиги жылы пайдаланууга тапшырылаарын ачыктады.
Кооптонгон ата-энелер
Уулун жетелеп калаадагы Ломоносов атындагы орто мектепке кирип бараткан Фарида Салиеваны кепке тарттык:
- Ломоносов атындагы орто мектепте мыкты жана сапаттуу билим беришет. Мындан тышкары бул жерди мурдатан эле күзөтчүлөр көзөмөлдөшөт. Ошон үчүн уулумду кайрадан бешинчи класска алып келдим. Ал эми Ош окуясын карапайым адамдар жасаган жок. Ушул жаңжалды уюштургандарды таап, кылмышына жараша жазалоону Өкмөттөн талап кылмакчымын.
Бул аралыкта 1-сентябрда оштук окуучулардын бир бөлүгү агартуу мекемелерине барышпай калгандыгы айтылууда. Баласын аралаш тилдүү мектепке жөнөтпөгөндөрдүн бири Батмакан Пайзуллаева буларды билдирди:
- Уулум окуган мектепте кыргыздар, өзбектер жана орустар аралаш билим алышат. Андыктан жайдагы жаңжалдан кийин алар бири-бирин жек көрүп калышты. Дагы араздашпаса экен деп чочулап жатамын. Анткени, коопсуздук маселеси чечиле элек. Кароолчулукка милицияларды же студенттерди тартабыз деп айтышууда. Бирок буга деле ишенич жок. Биринчи сентябрга дейре күзөтчү көйгөйүн чечип коюшса болмок. Ошентип, бийлик уул-кыздарыбыздын коопсуздугун үзгүлтүксүз камсыз этпесе, ошондой эле аларды милиция кайтарганына көзүбүз жетмейинче, биз балдарыбызды мектепке чындап жөнөтпөйбүз.
Ошентип Ош шаарындагы - 56, ал эми Ош облусунун жети районундагы - 529 мектеп 280 миң чакты окуучуга эшигин ачты. Бирок аймактын бийлик өкүлдөрү ошончо окуучунун канчасы мектепке кандай себептер менен барышпай жаткандыгын так билишпестигин, бул туурасында 6-сентябрдан кийин гана толук маалымат беришээрин айтышты.