Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Билим алуу акча менен кудук казгандай...


Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги көмүскө төлөмдөргө чек кое турган Буйрук чыгарды. Ага ылайык, эми окуучулардын ата-энелеринен мектептердеги кошумча муктаждыктар үчүн акча чогултуу мыйзамсыз саналат. 7-майда ата-энелерден турган демилгелүү топ министрликке кайрылып, мектептерде балдардан акча талап кылууну токтотууну суранышкан.

Учурда Кыргызстанда 2200 чакты жалпы билим берүүчү мектеп бар. Анда 1 млн. 200 миңдей окуучу билим алат.

Өлкөдөгү орто билим берүү сапатын эске албаганда, мектептердеги көмүскө төлөм, жыйымдар окуучу жана ата-энелер үчүн эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Альбина Дүйшөнбиеванын айтымында, соңку кезде ата-энелер тарабынан мектептердеги жыйымдарды токтотуу боюнча арыздануулар көп түшүүдө. Мындан улам министрлик 6-майда Буйрук чыгарып, ага ылайык мектептерде окуучулардан акча жыйноого тыюу салынды.

Мектеп жашындагы балдары бар Алмаз апа министрликтин бул чечимин өтө кубануу менен кабыл алды.

- Көп нерсеге эле акча сурай беришчү да. Азыр элдин баарынын эле иши жок. Анан ата-энелер аябай кыйналып, карыз болсо да таап беришчү. Аябай эле жакшы болуп атат, мен ыраазычылыгымды билдирем.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Альбина Дүйшөнбиева сөз болуп жаткан Буйруктун мазмуну тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Буйрукка ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде акча чогултууга тыюу салынат. Коомдук фонд, Камкорчулар кеңеши аркылуу да төлөмдөрдү кабыл алууга тыюу салынат. Ошондой эле мектептерде директор, класс жетекчиси, мугалимдерге белек үчүн окуучулардан акча топтоого да чек коюлат.

Билим берүү жана илим министрлиги эгерде билим берүү мекемелеринде окуучулардан мыйзамсыз жыйымдар улантылып жаткан фактылар катталса, мектеп директорлорун, мугалимдерин мыйзам жообуна тартуу боюнча катаал чаралар көрүлөөрүн эскертет.

Мектептердеги мыйзамсыз жыйымдарды ооздуктоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин деле чаралар көрүп келген. Алалы, 2006-жылдын 28-июнундагы өкмөттүн № 465 токтомуна ылайык, мектеп фондуна окуучулар эч кандай акча чогултпашы керек деп белгиленген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү мектептин дээрлик бардыгы ар кандай муктаждыктар үчүн окуучулардан акча жыйнап келишкен.

Бишкек шаарындагы № 51 мектептин директорунун орун басары Жылдыз Өмүрбекова министрликтин акыркы буйругу менен тааныш экендигин, бирок мугалимдик жамаат менен буга каршы чыгып аткандыгын “Азаттыкка” билдирди.

- Мектептин ар кандай муктаждыктары бар. Мектепке көп нерсе жетишпейт. Ошол эле буйрукту берип аткан министрлик, чындыгын айтканда, мектепти көп нерсе менен камсыздандыра албайт. Ошондуктан биз кээде ата-энелерге жардамга кайрылганга муктаж болобуз.

Ал арада, 17-майда социалдык тармакты көзөмөлдөгөн Убактылуу өкмөт мүчөсү Элмира Ибраимова Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Каржы министрлигине 10-июнга дейре мугалимдердин айлык акысын көтөрүп, мектептердеги ремонт иштери үчүн кошумча акча бөлүүгө милденттендирди.

XS
SM
MD
LG