Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

SIDOK: дил баяндар сынагы өтүүдө


SIDOK клубунун мүчөлөрү
SIDOK клубунун мүчөлөрү

Кыргызстанды өнүктүрүүнү максат кылган студенттердин SIDOK (“Student in Development of Kyrgyzstan”) клубу балдар үйлөрү жана интернаттардагы окуучулар арасында “Жылмаюу” аталышындагы дил баян сынагын өткөрүп жатышат. Сынактын негизинде мыкты он дил баян тандалып алынып, анын ээлерине жайында Бишкекке келип, ар кыл семинар, иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

SIDOK клубу тарабынан “Жылмаюу” аталышындагы дил баяндар сынагы быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жатат. Окуучуларга жылмаюу тартуулоону максат кылган бул сынак быйыл “Мен кылалам” деген ураандын алдында өтүп, ага балдар үйүндө тарбияланып жаткан 8-9-10-класстын окуучулары катыша алышат.

Сынактын уюштуруучусу, SIDOK студенттер клубунун башчысы Наргиза Үмөталиева белгилегендей, бул сынак балдар үйүндө жана мектеп-интернаттарда билим алган окуучуларга гана багытталган:

- Биз үч темадагы дил баяндарга сынак жарыялап жатабыз. “Менин кыялым”, “Мен үчүн Ата Мекен деген эмне?”, “Мен окшош болгум келген инсан” деген темаларда дил баян жазылышы керек. Бул долбоордун негизги максаты окуучуга кесип тандоодо багыт көрсөтүү болуп саналат. Ал эми биздин негизги максат - сынактын катышуучуларында кандайдыр бир иштерди жасоо үчүн “мен кылалам” деген сезимди пайда кылуу.

Мыкты дил баян жазгандарга сертификат берилет

Наргиза Үмөталиева белгилегендей, сынакка катышууну каалаган окуучулар 30-майга чейин дил баяндарын жөнөтүшү керек. Бул дил баяндарда окуучунун жеке ойлоруна артыкчылык берилип, ойлонуу мүмкүнчүлүгү текшерилет.

SIDOK клубунун кеңешчиси Асел Султаналиеванын айтымында, бул жылы дил баяндарды тандоого атайын адистер катышмакчы:

- Дил баяндарды биз чогултуп, бул жерде атайын комиссия түзүлгөн. Ошол комиссия менен жакшы жазган он баланы тандайбыз. Анан болушунча биз ар бир облустан окуучуларды тандаганга аракет кылабыз.

Сынактын жыйынтыгында эң мыкты дил баян жазган он окуучу 20-июлдан 29-июлга чейин Бишкекке келип, жогорку окуу жайга тапшыруу багытында өтүлө турган ар кандай семинар, тренингдерге катыша алышат.

Бул аралыкта аларга эки күнгө Ысык-Көлгө барып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары долбоорго катышкандыгы тууралуу сертификат менен бирге демөөрчүлөрдөн белектер да берилет. Бул долбоорду каржылоо үчүн студенттер демөөрчүлөрдү издөө менен бирге жеке салымдарын да кошууну колго алышкан.

Сынактын уюштуруучуларынын бири Айдана Актанова кол өнөрчүлүктүн жардамы менен дил баяндар сынагын каржылоо маселесине өз салымдарын кошуп жаткандыгын айтат:

- Мисалы, биз өз колдорубуз менен ар кандай буюмдарды жасап жатабыз. Алар кичинекей китепчелер, баштыкчалар болушу мүмкүн. Биз бул буюмдарды сатып, түшкөн каражаттарды долбоор үчүн берип жатабыз. Мындан сырткары биздин кээ бир студенттер жапон тилин билишет. Жапониядан келген эс алуучуларга тилмеч болуп тапкан акчаларынын бир бөлүгүн SIDOK уюмуна берип турушат.

“Жылмаюу” долбоорунун уюштуруучулары бул долбоор балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарында окуп жаткан балдарга келечекке ишенимдүү кадам таштоого эң чоң мүмкүнчүлүк берээрин айтышат. Ал түгүл буга чейинки сынакка катышкандар чет өлкөлөргө чейин чыгып окуп жакткандыгын белгилешет:

- Көп ойлондук. Мисалы, 2008-жылы өттү, 2009-жылы өттү. Биз ушунча аракет кылып жатабыз, жыйынтык чыктыбы деп... Карап көрсөк 2008-жылдын жыйынтыгы, бир бала Малазияга бекер окууга өттү. Дагы бир бала КАССИде окуп жатат. КАССИде окуп, биздин клубдун ыктыярчысы болгон. Бирөө Москвага кетти. Калгандары 7-8-класс болчу. Азыр алар окуп жатышат. Анан, буйруса, жыйынтык берет деп ойлойбуз.

Мындай пикирин сынактын уюштуруучусу Абдыракман Малабаев билдирет.

SIDOK аталышындагы клуб Бишкектеги ар кыл жогорку окуу жайда окуган студенттерден куралып, 2004-жылы түзүлгөн. “Жылмаюу” долбоорунан сырткары клуб мүчөлөрү кайрымдуулук, жаштарды агартуу багытында да иш алып барышууда.

XS
SM
MD
LG