Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Т. Эгембердиев: Энергетиканы сактасак, экономиканы да сактайбыз


Жаңы жылдан тарта электр кубатынын акысы эки эсе, жылуулук менен ысык суунун баасы беш эсеге кымбаттаганы белгилүү. Тарифтердин кымбатташы азык-түлүктүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн да баасын асмандатат деген ой коомчулукту бушайман кылып турган чак. ”Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиевдин айтымында, товарларга баанын кымбатташы биринчи иретте суроо-талапка жараша болот.


- Энергия булактарындагы баалардын көтөрүлүшү башка товарлардын кымбатташына канчалык деңгээлде таасирин тийгизет деп айта аласыз?

- Эми чыгынып киришкенден кийин анча-мынча баа көтөрүлүшү мүмкүн, бирок өтө деле көп көтөрүлбөйт деп ойлойм. Эми ал ар бир товардын түрүнө жараша болот. Кээ бирөөнө электр көбүрөөк пайдаланылат, кээ бирөөнө азыраак пайдаланылат.

- Мисалы, сиздин ишканаңыздан чыккан азык- түлүктөргө баалар канчалык көтөрүлөт?

- Биздин ишканада баалар ашып кетсе 5-10 пайызга көтөрүлөт же көтөрүлбөй да калышы мүмкүн. Суроо-талапка жараша болот. Кризистин убагында баардык эле товарлардын баалары төмөндөбөдүбү.

- Эми мына кризис маалында чыккан кымбатчылык ансыз да жакыр Кыргызстанды ансайын артка тартат деген пикирлер бар?

- Мен антип ойлобойм, себеби экономиканын субьектиси да энергетика да. Бир нерсе эсиме түшүп атат, самолетту кымбаттатып койдуңар эл уча албай калды, катташа албай калды деп депутаттар кыйкырып аткандары эсимден кетпейт. Мончону сатпагыла менчикке өтүп кетсе эл мончого түшө албай калат, баарыбыз кирдеп өлөбүз деген да ойду укканбыз. Сатылып кеткен мончолор кандай иштеп атканын, сатылбай өкмөттүн эсебинде калгандыры таптакыр жок болуп бузулуп чачырап кеткенде көрбөдүкпү.

Баарыбыз бекер оокатка көнүп алганбыз. Мына былтыр, мурдагы жылы төрт эсе кымбат болсо дагы төлөгөнгө зар болуп турбадыкпы. Электр кубатынын болуп турганы жакшы. Менин оюмча айла жоктуктан жасалган нерсе, баасын эчак эле көтөрүш керек болчу.

Экономиканын өзүнүн закондору бар, мыйзам ченемдүүлүктөрү бар, ага баш ийбесек экономиканы талкалап алабыз. Мына мен Кытайда эки жыл иштеп келдим, бир нерсеге таң калдым. Электр кубатынын баасы Кытайда бизден эки-үч эсе кымбат. Бирок бир жери өнөр жай ишканаларында электр кубаты жеке менчик үйлөргө караганда эки эсеге арзан.

- Рахмат маегиңизге!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG