Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:05

Президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлердин саны он бешке жетти


Бүгүн президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктайт. Буга байланыштуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда БШКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакытбек Жумагуловго буга чейин канча талапкер арыз бергени, шайлоого даярдыктар тууралуу суроо узаттык.

- Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген талапкерлердин саны акыркы убакытка карай канчага жетти

- Бир жума мурун БШКнын төрагасынын буйругу менен 3 топ Орусия менен Казакстандын бир катар шаарларына иш сапары менен кеткен элек. Мен дагы ошол топто болуп, чет өлкөдөгү кыргыз жарандардын, мигранттардын добуш берүү маселелерин караштырып, изилдеп, маалымат чогултуп келдик. Азыр эки топ келди, үчүнчү топ майдын жыйырма экилеринде келет, келээри менен маалымат БШКнын жыйынына чыгарылат. Биз жаңы эле келдик Кыргызстанга. Мен азыр маалыматты тактасам, азыркы кезге чейин 15 талапкер көрсөтүлүптүр. Анын ичинен 3 талапкер саясий партиялардан, калган талапкерлер болсо өздөрүн өздөрү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жарандары.

- Кечээ 13 талапкер деп айтылып атты эле. Кийинки 2 талапкер жөнүндө айтып кетсеңиз...

- Бүгүн эртең менен биз учак менен кондук. Азыр жумушка барып, ал боюнча такташабыз, мен жалпысынан 15 киши болду деген маалыматты тактадым.

- Президенттик шайлоо Кыргызстандан сырткары аймактарда кандай өңүттө өтөт. Мына сиз Казакстан, Орусияда болуп келдим деп айтып атпайсызбы, ал жакта шайлоо кандай өткөрүлөт?

- Бул багытта биз тизмелер боюнча кандай иш аракеттер жүрүп атканын, мигранттар кайсы жерде добуш берээрин карап келдик. Эми бул боюнча 23-майда акыркы топ келет, ошолордон маалыматтарын жыйнап, анан БШКнын жыйынына чыгарылат, ошол жерден чечим кабыл алынат.

- Бакыт мырза, азыр президенттикке талапкерлер кол топтоо иштерин жүргүзүп атышат. Кол топтоо кайсы убакта аяктайт?

- Талапкер каттоодон өтүш үчүн кеминде 50 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултуш керек. Анын ичинен 50 миңдин 3 пайызы облустардан жана Бишкек, Ош шаарларынан келиш керек. Ушул 3 пайыз бир жарым миң кол тамга болот. Ошончо кол тамганы чогултушса, булар облустук комиссияларга тапшырылат, андан кийин Бишкек, Ош комиссиялары чечим кабыл алуу үчүн БШКга берет. Андан сырткары көрсөтүлгөн талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG