Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:46

И.Чудинов: Шайлоочулардын тизмесинде каза болгондор да бар


Бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов президенттик шайлоого карата даярдыктар боюнча республикалык штабдын отурумун өткөрүп, Ысык-Көл облусунун жана Ош шаарынын администрациясы шайлоочулардын тизмесин түзүүдө калпыстыктарды кетирип жатканын айтып сынга алды.

Премьер-министр Игорь Чудинов алдыдагы президенттик шайлоо өткөрүүгө өкмөт тарабынан 125 млн. сом каражат которулганын, жер-жерлерде шайлоо участкалары түзүлгөнүн, Шайлоо кодексине ылайык бул саясий өнөктүктү жогорку деңгээлде өткөрүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, айрым жергиликтүү администрациялар тарабынан шайлоочулардын тизмесин түзүүдө калпыстыктар кетип, көптөгөн шаарларда, аймактык шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесин тактоого байланыштуу графиктер түзүлгөн эмес. Кээ бир жерлерде президенттик шайлоо 23-июлда өткөрүлөөрү тууралуу жарнаамалар илинбей, маалыматтар жетишсиз.

Премьер-министр шайлоочулардын дарегин, туруктуу жашаган жерин тактоодо паспорттук кызматтар, никеге каттоо бөлүмдөрү өз убагында маалымат менен камсыз кылбай жатканын айтып сынга алды.

- Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарында шайлоочулардын тизмесине өткөн жылы каза болгон 55 адамдын дагы фамилияласын киргизип койгону маалым болду. Үстүбүздөгү жылы январда каза болгон 115 адамдын жыйырмадайы шайлоочулардын жалпы тизмесиенен чыгарылган эмес.

Игорь Чудинов Ысык-Көл райондук администрациясына эс алуу үйлөрүнө жана санаторийлерге келген адамдардын убактылуу тизмесин түзүүнү, жергиликтүү бийлик органдарына тизмелерди жана өлкөдөн сыртка чыгып кеткендер боюнча маалыматтарды тактоону милдеттендирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский өкмөт башчынын жергиликтүү бийлик органдарынын дарегине айткан сын пикирлери туура дейт. Анын айтымында, шайлоочулардын тизмесине каза болгон адамдардын фамилиясын кошуп жиберишкени уят иш.

-Уят болот да. Тизмеден өлгөн кишилерди өткөрсө уят болот. Негизинен райондук администрациялар шайлоочулардын тизмесин тактап чыгышы керек. Анан шайлоого 25 күн калганда тизмелерди бизге берет. Ошондон кийин биз 25 күндө биз БШКнын мүчөлөрү карап чыгып, тизмеге оңдоолоор болуп калса толуктайбыз. Азыр учурда бул маселе боюнча жергиликтүү администрациялар иштешет.

Саясат таануучу Жыргалбек Турдукожоев белгилегендей расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын аймагынан 300 миңден 500 миңге чейин жаран башка өлкөлөргө чыгып кеткен. «Так эмес маалыматтарга караганда алардын саны бир миллионго чейин барышы мүмкүн себеби жайында эмгек мигранттарынын саны эки эсе көбөйүп, президенттик шайлоого өлкө жарандарынын шайлоого жарамдуу катмары катышпай калышы мүмкүн»,- дейт Турдукожоев.

- Эгерде шайлоочулардын тизмесин чындап тешкерсе 100 миңдеген "өлүк жандар" чыгат жалпы республика боюнча. Өкмөттүн шайлоо иштерине эми араң кийлигишимиш болуп жаткандагысы калп эле шайлоонун демократиялык мүнөздө өтүүсүнө өкмөт, бийлик кам көрүп жатат деген эле сырткы аракеттер деп эсептейм.

Айрым байкоочулар болсо президенттик шайлоого карата административдик ресурс азыр эле иштей баштагынын, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик мекемелерде иштегендерди күчтөп, аны үй-бүлө мүчөлөрү менен кошуп тизмеге алып жатканын айтышууда. Кээ бир жогорку окуу жайлардагы окутуучуларды, мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлерди кыстап «Ак жол» партиясына киргизүү, президенттикке талапкерлиги көргөзүлгөн өлкө башчысы үчүн кол тамгаларды күчтөп чогултуу көз көрүнөө эле жүргүзүлүп жатканын айтышууда.

Саясат таануучу Жыргалбек Турдукжоев президенттик шайлоого карата учурда административдик ресурстар катуу колдонулуп жатканы тууралуу СДПкы фракциясы бир нече билдирүү таратканын белгиледи.

-Административдик ресурстар азыртадан баштап эле колдонулуп жатат. Бул жөнүндө Кыргызстан социал-демкраттар партиясы, СДП фракциясынын билдирүүлөрүндө конреттүү мисалдар келтирилип жатпайбы. Өзгөчө президенттикке талапкрелиги көрсөтүлгөндөргө кол топтоо иштерине каршы чаралар, тоскоолдуктар болуп жатпайбы. Ал эми жогорку окуу жайлардагы студенттердин, мектептердеги окуучулардын ата-энесинин, жакын туугандарынын тизмесин түзүп, эртелеп аларды белгилүү бир адам үчүн добуш бергенге чакырык таштап, жетекчилердин кылган иштеринин бардыгы эле административдик ресурстардын колдонула баштагынанын далилдейт. Шаййоочулардын тизмеси дегенибиз бул накта административдик ресурстарды колдонуунун ыпылас ыкмасы болуп эсептелет.

Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү алдын ала эле президенттик шайлоо таза өтпөй, шайлоочулардын укуктары тебеленет деген кооптонууларын билдиришүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы болсо Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык президенттик шайлоо калыс, акыйкат, ачык өткөрүлүп, шайлоочулардын өздөрү каалаган талапкерге добуш берүүсүнө толук шарт түзүлөрүн, шайлоого эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын байкоочулары катышарын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG