- Самат мырза, алгач талапкерлердин санына токтоло кетсек. Бүгүнкү күнгө карай канча талапкер калып, канчасы марадан четтеди?
- Буга чейин бизде президенттикке аттанган 14 талапкер келатты эле. Кечээ БШКнын отуруму болуп, мамлекеттик тил комиссиясынан өтпөй калгандыгына байланыштуу Уламаев менен Эшембаев талапкерликтен чыгарылды, ошондой эле өзүнүн арызы менен Сүйүналиев талапкерлигин алып салды. Бүгүнкү күндө ошентип 11 талапкер жарышта жүрүп атат.
- Канча талапкер 50 миңден ашуун жарандын колун топтоп тапшырды?
- Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер шайлоо күнүнө 50 календарлык күн калганга чейин өздөрүн колдогон шайлоочулардын кол тамгасын 50 миңден кем эмес облустук шайлоо комиссиясына тапшырыш керек болчу. Алардын ичинен 1-июнь күнү Бакиев Курманбек Салиевичтин ишенимдүү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга облустук шайлоо комиссиясынан текшерилип өткөн 1 млн. 200 миң колду тапшырды. Бүгүн БШКнын жумушчу тобу ошолордун аныктыгын текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айрым жерлерде 7 талапкер, айрым жерлерде 8 талапкер облустук шайлоо комиссияларына өздөрүнүн топтогон колдорун тапшырып, кечээ аяктады. Бүгүн аны тактап туруп кимдики канча болгондугун карап чыгабыз. Булар негизинен Жеңишбек Назаралиев, Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев, Нурлан Мотуев, Токтоайым Үмөталиева жана Акбаралы Айтикеев аттуу талапкерлер болуп атат. Бүгүн ошолордун баарынын тууралыгын облустук шайлоо комиссиясы текшерет, ошол текшерүүдөн анык деп чыккандарынын гана эсебин алабыз 50 миңден.
- Талапкерлердин шайлоо фондуна чегерген каражаты тууралуу маалымат барбы? Кайсы талапкер канча акча салды?
- Бүгүн негизинен 100 миң сомдон өзүнүн күрөөсүн койгон 5 талапкер бар.
- Ал эми шайлоо өнөктүгүн жүргүзүш үчүн да расмий фонд аркылуу каржыланыш керек да?
- 5 талапкерден башка бүгүн 7 талапкер шайлоо фондун ачып, өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн, каржылоо иштерин жүргүзүп жатат. Кечээ эле бул боюнча БШКнын отурумунда комиссиясынын билдирүүсү угулду.
- Суммасы жөнүндө маалымат барбы, ким канча акча сала алды?
- Менин маалыматым боюнча эң эле көп акча каражат салган Курманбек Бакиев болуп жатат, 6 жарым млн. сомдой, эң азы Боронбаев, 6 сом салгандары дагы бар.
- БЭКтин талапкериники канча болду?
- Алардыкы 600 миң сомдой бар.
- Байкоочулардын санынын чектелишине Европа Биримдиги тарабынан сын айтылды эле. Негизи канча байкоочунун келишине уруксат берилген?
- Жалпы бул жердеги чет элдик, эл аралык байкоочулардын келиши боюнча ошондой сөз болуп жатат. Биз бул маселени карадык. Буга чейинки болуп өткөн президенттик, депутаттык шайлоолордо эл аралык байкоочулардын келгенин талдап чыктык. Өткөн шайлоодо 600гө жакын эл аралык байкоочулар катышкан экен. Бүгүн биз ошол 600 эмес, 1 жарым миңге жакын орун берип жатабыз. Өткөн жылдарга карганда көбүрөк квота берип жатабыз, бул жалаң гана чет элдик жарандарга тиешелүү.
- Маегиңизге рахмат.