Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Д. Ошурахунова: Шайлоодогу мыйзам бузууларга бут тосушубуз керек


“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясы бир канча жылдан бери Кыргызстандагы шайлоолорго байкоо салып келататат. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунованы алдыдагы президенттик шайлоо жана ага даярдыктар тууралуу сөзгө тарттык.

- Динара айым, сиздер кечээ эл аралык уюмдар, БШК менен конференция өткөрдүңүздөр, анда талкууланган маселе жана жыйынтык тууралуу айта кетсеңиз?

- Ал жыныда БШК менен жарандык коом отуруп диалог жүргүздүк, ошонун ичинде алдыдагы президенттик шайлоону канткенде ачык, акыйкат өткөрө алабыз деген маселени талкууладык.

- Сиздердин уюм ар дайым шайлоолорго байкоочуларды коюп, көз салып келет, бул ирет мындай ишти кандай жүргүзөсүздөр?

- Бул шайлоого да албетте байкоо жүргүзөбүз жана азыр да жүргүзүп жатабыз. Кудай буюрса, бир айдын ичинде узак мөөнөттүү байкоочулардын отчетун беребиз, андан тышкары шайлоо күнү 3 миң байкоочу коебуз.

- Сиздердин уюм курамына кирген “Менин тандоомдун мезгили” аттуу бирикме президенттик шайлоого кандай салым кошууну көздөп жатат?

- Биз ошол уюм менен чогуу байкоо жүргүзүп жатабыз. Бул уюмга өткөн жылдагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосу болгондо 6 уюм бириккенбиз. Бул 6 уюм негизинен Кыргызстандагы шайлоо жараянында байкоо, окуу иштерин жүргүзүшөт. Ошон үчүн биз баарыбыз өз күчүбүздү бириктирип карап көрдүк, бул жакшы экен. Биз азыр кайрадан президенттик шайлоого чогуу барып ошондой байкоо, окутуу иштерин жүргүзөлү деп жатабыз. Андан тышкары БШК менен да ар кандай иш чараларды жүргүзүп, анан саясий партиялар менен да иштешели деген максатыбыз бар.

- Европа Биримдиги БШКны эл аралык байкоочуларды чектеп жатат деп сындады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү буга чейин шайлоолорго Кыргызстанда 600гө жакын эл аралык байуоочулар көз салса, бул ирет бир жарым миң байкоочуга квота берилгенин билдирип жатат. Мында акыйкаттык, адилеттүүлүк кайсы жерде турат?

- Мунун себеби башкада. Булар эл аралык байкоочулардан тартынып атышат, коркобу, же билбейм... Ошондуктан биз кечээ күнкү конференцияда да байкоочулардын саны эмне үчүн чектелип жатканы боюнча сурообузду бердик. Бирок БШК төрагасы “эгерде биз азайтсак, анда башка өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болуп атат”, - деп жооп берди. Бирок ага карабастан биз баарыбыз муну түшүнүп атабыз, бул - саясат.

- Кандай деп ойлойсуз, Түптөгү окуя болуп кетти, бийлик административдик ресурсту аябай пайдаланып жатат деген сөздөр бар. Ушундай кырдаалда шайлоонун адилет өтөрүнө сизде ишеним барбы?

- Албетте биз баарын көрүп атабыз, административдик ресурс колдонулуп атат, бүт жерде мугалим, студенттердин баарын тең административдик ресурс катары кысым жасашып, “Бакиевге иштейсиңер” дегендей сөз болгону тууралуу бизге деле маалыматтар түшүп атат. Албетте өткөн парламенттик шайлоодон кийин биздин ишенимибиз азайды. Бирок ага карабастан биз аракеттенишибиз керек, кайрадан байкоо жүргүзүшүбүз керек, шайлоочулар үчүн биз өзүбүздүн жумушубузду көрсөтүп, ушул шайлоодо да мыйзам бузууларга бут тосушубуз керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG