Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын курамы кантип түзүлүүдө?


Шайлоо кодексинин талабына ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы добуш берүүгө 30 күн калган убакытка чейин бекитилиш керек. Бул иштер кандай аткарылып жатканы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна БШКнын бөлүм башчысы Аманкул Молдалиев жооп берди.

- Аманкул мырза, бизге Кара-Буура, Ысык-Көл жана башка райондордон чалып атышат, жергиликтүү участкалык шайлоо комиссияларына БЭКтин, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүн комиссия курамына киргизүүдө бут тосуулар болуп атат деп. Ушул участкалык шайлоо комиссияларынын курамы кандай түзүлүш керек?

- Биринчиден, кечээ күнү саат он алтыга чейин сурамжылоодо чогуу иштедик. Менин билишимче, Талас районунан бөлүмгө ушундай бир кайрылуулар болуп аткан. Башка аймактардан бир дагы кайрылуу болгон жок. Экинчиден, Шайлоо кодексинин талабында чектөөлөр бар, ошону туура түшүнүш керек. Биринчи, участкалык шайлоо комиссиясынын курамын райондук, шаардык шайлоо комиссиялары түзөт, алардын курамы канчадан болуш керек экендигин ошолор аныктайт. Анткени участкадагы шайлоочулардын санына жараша болот. Бул төрагасы, катчысы жана 5 адам, жети адамдан кем эмес болуш керек, жогору жактагы участкалык шайлоочулардын саны канчалык көп болсо комиссиянын курамы дагы 11, 13, 15ке чейин болушу мүмкүн. Эң биринчи чектөө, бир комиссиянын курамында саясий партиянын өкүлү үчтөн биринен ашпаш керек. Экинчи чектөө, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын муниципалдык деп коет, ошолордун өкүлдөрү дагы үчтөн биринен ашпаш керек. Эң негизги талап - бир мекеме, уюмдан бирден гана өкүл болуш керек.

Мунун тартиби мындай, биринчи, эгерде шайлоо комиссиясынын курамы жети адамдан боло турган болсо партиянын өкүлү үчтөн бир болгондо экиден ашпаш керек. Эгерде ошол участкалык шайлоо комиссиянын курамына 5, же андан көп саясий партиядан документ, протоколдор түшсө талапкерди сунуш кылган, анда чүчү кулак кармалат. Чүчүкулакты эгерде беш саясий партия пртокол тапшырса, бешөөнүн өкүлү ишеним кат менен келишет райондук шайлоо комиссиясына, ал жерде атайын топ түзүлөт чүчү кулакты өткөрүү боюнча, аны партиянын өкүлдөрү өздөрү тартышат. Бул жерде кандайдыр бир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка бир жолдорду жасап кетүү мүмкүн эмес. Анткени чүчү кулакка өздөрү катышып, өздөрү тартышат.

- Аманкул мырза, дагы бир маалымат түшүп атат, айрым комиссия мүчөлөрүнө көрсөткөн талапкерлердин иштеген, жашаган жеринен күбөлөндүргөн кагаз алып келүү боюнча ар кандай шылтоолор болуп атат деген?

- Түшүндүм. Өткөндөгү 2008-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрыкча Бишкек шаарындагы мисал, анан башка дагы чоң шаарларда бир мекеме, уюмдан бирден ашык өкүл болбосун дегенде мындай болуп атат, бирөө партиядан сунуш кылып келет экен, бирөө иштеген жеринен шайлоочулардан, бирөө жашаган жеринен сунуш жасап келип атпайбы. Бир мектептен үч киши келип атат, үчөө тең кирип кетип атат. Мына ушундай болгондо биз Кодекстин талабын бузуп атабыз. Бир мекеме, уюм, ишканадан бирден ашык адам болбош керек шайлоо комиссиянын курамында. Ушул мыйзам бузууга жол бербеш үчүн комиссиялар иштеген жериңен справка алып кел деп талап кылышы мүмкүн. Бирок бул өтө катуу нерсе. Мына мисалы бүгүн Кодекстин талабы боюнча участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүгө, б.а. шайлоо күнүнө 30 күн калганда түзүлүш керек. Бүгүн 22-июнда райондук, шаардык шайлоо комиссиялары алардын курамын бекитиш керек. Эгерде ошол эле справка жетишпей атса, эскертип айтыш керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG