Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

С. Бөрүбаев: Административдик ресурс колдонулду деген туура эмес


Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаев жооп берди.

- Самат мырза, сиздердин байкоо боюнча үгүт өнөктүгү кандай жүрүп жатат?

- 18-июндан баштап Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары катталган талапкерлер өздөрүнүн үгүт иштерин жүргүзүп атышат. Аны жүргүзүү өздөрү билгендей уюштуралат. Негизинен ММКлар аркылуу, массалык иш чараларды өткөрүп, шайлоочулар менен жолугушуу, анан теле, радио аркылуу жүргүзүп атышат бүгүнкү күндө.

-“Менин тандоомдун мезгили” уюмунун өкүлү Динара Ошурахунова президент Курманбек Бакиевге телекөрсөтүү жана башка маалымат каражаттарында артыкчылык берилип, административдик ресурс пайдаланылып жатат деп айыптоодо. Буга жообуңуз?

- Андай туура эмес. Мен жумушчу топтун жетекчиси катары айтып койоюн, биз 22-июндан баштап ар бир талапкерге мүмкүнчүлүк бергенбиз. 10 мүнөттөн күн сайын телероликтерди берип атабыз. Анан айрымдары роликтерин жасашты, бирок акысыз теле эфир менен акы төлөнүүчү телекөрсөтүүлөр бар. Бирок бүгүнкү күндө административдик ресурс, андай-мындай деген сөздөрдү айтышка туура келбейт. Себеби ким өз фонду аркылуу төлөп, келишим түзсө алардын жарыялары көрсөтүлө берет

- БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаевге өткөн жума күнү эскертүү бердиңиздер. Ошол эскертүүгө себеп болгон баракча эмне мазмунда экен?

- Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде талапкерлер башка талапкер жөнүндө аныкталбаган, жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат. Ошондой баракчаларды чыгарган экен. Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү бизге кайрылып, башкы прокуратурага да ошондой каттар келип аны карап чыктык. Чындыгында эле ошондой баракчалар кеткен экен. Биз аларды карап көрүп, анан аларды укук коргоо органдарына тапшырдык, Атамбаевге эскертүү берилди.

- Алдын ала добуш берүүлөр качан башталат жана кандай тартипте жүргүзүлөт?

- Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетип аткан жарандар үчүн алдын ала добуш берүүгө шарт түзүлүп берилет. Бул добуш берүүгө 10 күн калганда башталат. Өлкөнүн аймагынан чыгып кетип жактан жарандар өздөрүнүн купуялуулугун сактоо менен добуш берип, конвертке салып калтырып кеткенге болот.

- Жаңы конуштарда жашаган, бирок каттоосу жок көп адамдар шайлоого кандай катышабыз деп жатышат. Бул маселе кандай чечилүүдө?

- Учурда шайлоочунун тизмелери берилди шайлоо комиссияларга. Бүгүндөн баштап барып өзүлөрүнүн тизмеде бар, жогун билип, эгер жок болсо паспортун көрсөтүп, арыз берип, мисалы башка бир жактан келген болсо ал жактан тизмеден чыгарып кою боюнча арызын берип, бул жерге кошуш боюнча кошумча тизмеге киргизилип шайлоодо добуш бергенге укугу бар.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG