Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Боршайкомду - Атамбаев, Атамбаевди - Мотуев сотко сүйрөп жатат


Сот чечими БШКнын пайдасына болду
Сот чечими БШКнын пайдасына болду

Бүгүн Биринчи май райондук соту А.Атамбаевдин БШКга каршы берилген доо арызын карап, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү боюнча БШКнын аракетинде эч кандай мыйзам бузуулар жок деп тапты. Атамбаев БШК менен соттошуп аткан учурда президенттикке дагы бир талапкер Н.Мотуев аны үгүт жүргүзүү тартибин бузду деп айыптап сотко арыз жазып, президенттик жарыштан чыгаруу талабын коюуда.

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Борбордук Шайлоо Комиссиясы Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктунда каралган эрежени бузуп Бишкек, Ош шаардык жана облустук шайлоо комиссияларынын курамын жаңы түзгөн эмес, деген дооматы боюнча соттук териштирүү болду. Сот бул ишти карап, БШКнын пайдасына чечим чыгарды.
Талапкер Алмазбек Атамбаевдин борбордук штабынын юристи Азамат Акматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул эместигин, бул маселе боюнча Жогорку Сотко кайрылышаарын айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат жана аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Жумагулов БШК ар бир иш боюнча чечимдерди кабыл алардан мурда өздөрүнүн атайын бөлүмдөрү тарабынан тыкат иштелип чыгып, райондук, облустук шайлоо комиссиялары менен кеңешкенден кийин гана отурумга сунушталарын, чечим БШКнын мүчөлөрүнүн талкуусунан соң кабыл алынарын белгиледи.

Анын айтымында, талапкер Алмазбек Атамбаев тарабынан Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү керек деген дооматында негиз жок. Бүгүнкү соттун чечими дагы БШКнын пайдасына туура чечилип, аны аткарууга тараптар милдеттүү, дейт Жумагулов.

-Бул жерде Шайлоо Кодексине эч кандай карама-каршы келбейт. Билбейм, бул маселе боюнча эмнеге эле сотко кайрылып жатышат. Бүгүнкү соттун чечими туура деп биз айтсак, экинчи тарап туура эмес деп айтышы мүмкүн. Бирок биз сот чечим чыгаргандан кийин аны аткарышыбыз керек. Эгер кандайдыр бир жак соттун чечими менен макул болбосо, анда ал «үч күндүн аралыгында Жогорку Сотко арыз менен кайрылууга болот»,- деп соттун чечиминде дагы көргөзүлүптүр.

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев БШКны сотко берип мыйзамдуулукту талап кылып жатса, экинчи бир талапкер Нурлан Мотуев анын үстүнөн Биринчи май райондук сотуна доо арыз жолдогон.

Мотуев 25-июнда «Комсомльская правда» гезитине чыккан Алмазбек Атамбаевдин үгүт материалдары Шайлоо Кодексинин 30-беренесинин 3-пунктун жана 35-берененин 2-пунктун одоно бузуу деп эсептеп, Атамбаевди шайлоо жарышынан чыгаруу жана басылманы үгүт иштерин жүргүзүү укугунан четтетүү талабы менен кайрылган.

Талапкер Алмазбек Атамбаевдин борбордук штабынын өкүлү Жыргалбек Турдукожоев билдиргендей, талапкер Нурлан Мотуевдин гезиттеги үгүт иштери боюнча коюп жаткан дооматтарында эч кандай негиз жок.

-Президенттикке талапкер Нурлан Мотуевдин талапкер Алмазбек Атамбаевге карата үгүт иштеринде кемчилик кетирген,мыйзам бузуулар болгон деген доосунун бизге милдеттүү түрдө бериле турган нускасы келип түшө элек. Биз ал доонун мазмуну менен тааныш эмеспиз. Бирок ошондой болсо дагы биз айтып коюшубуз керек. Мындай доо коюга эч бир негиз жок. Мыйзам чегинде басылмага жаряланаган материалда шайлоо корунан акча которулган. Бардыгы мыйзамдын чегинде болгон, -деди Ж. Турдукожоев.

Президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, бирок БШК тарабынан каттоодон өтпөй калган Акбаралы Айтикеев дагы БШК анын ишенимдүү өкүлдөрүнүн колун бурмалап койгон деп Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Сот бул ишти кечээ карап анын арызын канаатандырган жок.

БШК А.Айтикеев жыйнап тапшырган кол тамгалардын 27,5 пайызын жараксыз деп таап, эки жарым миңге жакын кол жетпейт деген негизде аны президентикке талапкер кылып каттабай койгон.

Айрым талдоочулар БШКны жана шайлоодогу атаандаштар бири-бирин сотко берүү эми күчөөрүн, бирок сот бийликтин кызыкчылыгы үчүн каалагандай чечим чыгарышы мүмкүн деген пикирлерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG