Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Баткенде К. Бакиевди талапкерлик тизмеден чыгаруу маселеси козголууда


Президентикке талапкер Курманбек Бакиевдин Баткендеги жолугушуусу, 29-июнь, 2009-жыл.
Президентикке талапкер Курманбек Бакиевдин Баткендеги жолугушуусу, 29-июнь, 2009-жыл.

Президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Баткендеги штабы талапкер Курманбек Бакиевди талапкерлердин катарынан чыгаруу маселесин козгоодо. Талапкердин облустагы штабынын башчысы Ташболот Балтабаевди аймактагы кабарчыбыз кепке тартты.

-Ташболот мырза айтсаңыз, сиздер Баткен облусунун аймагында район-шаардык шайлоо комиссиялары мыйзамсыз түзүлгөн деп сотко, БШКга кайрылдыңыздар эле жыйынтыгы кандай болду?

-Алар мыйзам боюнча 3 күн ичинде маселени чечүү керек болсо, 10-11 күнгө созуп атып айла жок өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин моюнга алып, район-шаардык шайлоо комиссияларынын 8 мүчөсүн четтетишти. Бул деген шайлоо комиссияларынын мыйзамсыз иштерди жасаганы далилденди дегендик.

-“Мыйзам бузуулар” деп көптүк түрдө айттыңыз, мындан башка дагы кандай мыйзам бузуларды байкадыныздар, алар далилдүүбү?

- Мен далилдүү фактыларга токтолсом: КР Шайлоо кодексинин 56-беренесинин 1-пунктунун “В” бөлүмү боюнча биздин штабка атын ачык айтуудан тайсалдаган бир нече кишилер кайрылды. Баткен облусунун бюджеттик мекеме-уюмдарында президент Баткенге учуп келээринин астынан миң сомдон акча жыйналып, жолугушуу уюштуруптур. Дагы бир маселе: эмне үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлөт деген Шайлоо кодексинин пунктун бузуп, Курманбек Бакиев мамлекеттик учак менен жолугушууларга барып жатат. Дагы бир өзүнүн кызмат абалынан шайлануу үчүн пайдаланды деген пунктка далил боло ала турган иш бул - Баткенге келгенде 5 миңден ашуун киши жолугушту дешүүдө. Алар эмненин эсебинен жыйналды? Ошол иш күнүнө карабастан мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик окуу жайлар жабылып ошол жолугушууга айдалды. Бул факт. Пенсияны бүгүнкү мамлекттик бюджетке киргизилбеген белгисиз акчанын эсебинин жогорулатып, төлөгөндүгү шайлоочуларды сатып алуунун белгисиби же белгиси эмеспи?

- Эми ушуларды тизмектеп жатыпсыздар, дагы кандай аракеттерди жасайлы деп жатасыздар?

- Бизде бир эле аракет бар. Бүгүн Кыргыз Республикасынын соттору калыс болсо, президенттик бийликтен көз каранды эмес болсо биз азыр атайын доо арыз менен кайрылганы атабыз. Бүгүнкү президент, эртенки президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин талапкерлигин каттоодон алып салуу боюнча доо арызды даярдап, жергиликтүү сотко беребиз. Албетте, жергиликтүү соттор аны чечпейт, анан Жогорку Сотко беребиз. Эгер соттор болбосо анда элдик сот болушу керек, эл сот болот. Мамлекеттик соттор акыйкаттыктан тая турган болсо, кесиптик берген антын аткарбай турган болсо анда эл сот болушу керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG