Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Президент К. Бакиев Ысык-Көлдүн эли менен жолугушту


Өлкө башчысы К. Бакиевдин президенттикке талапкер катары Ысык-Көлгө тик учак менен барышын жергиликтүү тургундар кызмат абалынан пайдалангандык деп эсептөөдө. “Аалам Ордо” маданий комплексине чогулган 4 миңдей элдин көпчүлүгүн театрдын ачылышына кызыгып келгендер түздү.

Президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин 9-июль күнкү Ысык-Көлдөгү үгүт иши 2 жерге уюштурулду. Ал Каракол шаарына тик учак менен келип шаардын “Жеңиш” паркында эл менен жолукту. Бул жерге облустун Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз жана Каракол шаарынын жашоочулары келди.

Бакиев чогулгандарга өлкөнүн 2010-жылдагы өнүгүү планы кабыл алынганын, мамлекеттин күчү менен курулуп аткан Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты кыш айына чейин ишке кирээрин белгиледи.

Талапкер кечке жуук Тоң районунда Ташкул Керексизов куруп аткан “Аалам Ордо” маданий комплексинин биринчи театрын ачты.

- Айтматовдун “Өткөн кеткенди бил, ата мурасыңды жана тегиңди унутупа, антпесе айласыз маңкуртка айланасың”, деген тилеги дүйнөлүк асыл ойлордун нукурура эркине айланган. Азиз мекендештер, Аалам Ордобуз, Айтматов театрыбыз кут болсун!

Кажы-Сай айылынын тушундагы көл жээкте 40 гектар жерди маданий комплекске айландырып аткан Ташкул Керексизовго сөз берилгенде отургандар ордуларынан туруп ызаат менен кол чаап коштоду. Комплекстин ээси бул чоң курулушка адегенде тоскоолдуктар болгонун кыйытты:

- Ошол 3 жылда кемчиликтер кетти, Бийликтен, депутаттардан, өкмөттөн кетти. Акыркы бир жарым жылда көңүл бөлүндү. Менде зор ишеним болгон. Бийлик бир күнү болбосо бир күнү сөзсүз өзүнүн баасын берет деп ишенгем . Курманбек Салиевич 2-фквральда жардыкка кол койду. Ишеним да кыргызда салт. Президенттен мындан башка жардам күткөн эмесмин. Курманбек Салиевич, мына ошондон бери балдар тынбай иштеп атат.

“Аалам Ордо” театрынын ачылышы менен бирге ошол жерде иштеп, жашаган 2 жигиттин үйлөнүү аземи да өтүп, баш кошкон жаштарга Курманбек Бакиев батасын берди.

Ысык-Көл, Тоң райондору жана Балыкчы шаарынан келген 4 миңге чукул адамдардын айрымдарын сөзгө тартсак президенттикке талапкер менен жолугушууга караганда “Аалам Ордонун” курулушун көрөлү деп келгендер үстөмдүк кылды.

- Менин оюмча, ачылышына көп келди. Иштеген кызматкерлер, жана мекемелерден эле келди. Менин аты-жөнүм Асанкадыр Үмөтов, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнөнмүн.

Президенттикке талапкер Бакиевдин үгүг ишине сын-пикирдеги балыкчылык айым аты-жөнүн ачыктабай буларды айтты.

- Бакиев менен суроо-жооп болгон жок. Көп суроолор бар эле Ал жакка өткөргөн да жок. Эл айтып атат, Бакиев өзүн эле үгүттөп жүрөт деп.

Тору-Айгыр айылынан келгендер да жарышка чыккан талапкерлерге бирдей шарт болбой атканын кошумчалады.

- Президенттигин пайдаланып атпайбы, учак менен келип атат, элдин терең катмары менен жолуккан жок. А башка талапкерлер республиканы машина менен кыдырганда тоскоолдукка учурап атат. Эл баарын көрүп туруп, нааразы болуп атат. Бул калыстык эмес, бийликтин өзүм билемдиги болуп атат.

Ал эми “Ак жол” партиясынын облустагы координатору М. Жетимишпаев президентикке талапкер К.Бакиев Шайлоо кодексинин бир да беренелерин бузбай, мыйзам чегинде гана үгут иши жүрүп атканын ырастап, айтылган сын-пикирлерди четке какты.

XS
SM
MD
LG