Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Алмазбек Атамбаев Таласты кыдырууда


Президенттикке талапкер А. Атамбаев бүгүн Таласта шайлоочулар менен жолукту. Ал шайлоонун жыйынтыктарын коргоп калыш үчүн бул ирет 100 миң кишини көчөгө алып чыга алаарын айтып, элди добуштарын коргоп калууга чакырды. Жыйын соңунда таластыктар Атамбаевге ат мингизип, бата беришти.

Жолугушууда алгачкы сөздү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шернизов сүйлөп, жергиликтүү бийлик аларга бут тосуп жатканын, жолугушууга бир саат гана убакыт берип, алар келээр замат электр кубатын өчүрүшкөнүн трибунага деп ылайыкталган автоунааны жолугушуу өтө турган стадионго өткөрбөй, кыйынчылык менен киргизишкенин белгилеп өттү.

Ошентип Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондун түштүк жагындагы Талас токойунун арасында көлөкөлөп, жүздөгөн шайлоочу талапкер Алмазбек Атамбаевдин айткан сөздөрүн угуп отурушту. Талапкер элди шайлоо күнү добуштарын коргоп калууга чакырып, БШКнын бир мүчөсүнө айткан сөзүн кайталады:

- БШКнын мүчөсү келиптир, бир эжеке мен ага “эжеке, элдин түрү башкача, мына 2005-жылы эч ким тааныбаган кезде 20-30 миң адам алып чыккам Ак үйгө бул жолу 100 000 адамды алып чыгам Бишкекте. Элдин түрү башка, абайлагыла” деп айттым.

Талапкер Алмазбек Атамбаев мындан тышкары үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция, чек ара, жерлердин башка мамлекеттерге берилип жатышы, Каркыра жайлоосу тууралуу сөз кылып, “эл бийликтин кулу болбой, бийлик элдин кулу болсун” - деп, сөзүн аяктады.

Бөлүнгөн бир саат убакыттын ичинде Алмазбек Атамбаев менен келген коноктор да кенен сүйлөй алышкан жок. Таласка анын менен кошо Болот Шерниязовдон сырткары БЭКтин жетекчилери Топчубек Тургуналиев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров жана Роза Отунбаева да келишкен эле.

Алмазбек Атамбаевдин Талас облусу боюнча ишенимдүү өкүлү Асылбек Найзабеков болсо бул жолугушууларды уюштуруу оңой-олтоң болбогонун жергиликтүү бийлик колдон келишинче бут тосконун “Азаттыкка” билдирди:

- Бийликке кызмат кылгылары келип атабы түшүнүксүз, эртең ушул эл менен калаарын билишпей, штаб ачканга дагы мүмкүнчүлүк бербей атышты да. Эл чогултууда да көп кыйынчылыктар болду, ортодон МАИлер токтотуп алышып биз келаткан машиналарды жибербей атты. Бирок ошондой болсо дагы бүгүн элдин баардыгы бир жакшылык менен келечеке үмүт кылып кетишти.

Жолугушууга көз салган облустун губернаторунун басма сөз катчысы Бакай Садыров Атамбаевдин шайлоочуларга карата кайрылуусунда мыйзамга ылайык келбеген сөздөр бар деп, жергиликтүү бийлик талапкерлерге бут тоспостон баарына калыс карап келе жатканын айтат:

- Өзүңүздөр көрдүңүздөр, эч кандай бут тосуулар, тоскоолдуктар болгон жок. Бир гана айта турган нерсе, кээде мыйзамга жат көрүнүштөрдү да айтып, туура келбеген ураандарды айтып жиберди да тескери бата деп. Эми биз билебиз, мына өзүңүздөргө маалым, баягы Ак-Сайда Талас эли өзү Атамбаевге тескери бата берген да.

Талас шаарынын тургуну Соотбек Токтогазиев болсо президенттик үчүн ат салышып жаткандардын арасынан ылайыктуу талапкерди көрбөгөнүнө нааразы.

Алмазбек Атамбаевдин Таластагы жолугушуусу мындан ары Кара-Буура, Манас райондорунда уланмакчы.

XS
SM
MD
LG