-Алмаз мырза, шайлоо жакындап, үгүт өнөктүгү дээрлик аяктап калды. Кыргызстанды түрө кыдырып келдиңиз - эл бул ирет өзгөрүүлөргө даярбы? Эмнени байкадыңыз?
- Менимче, эл өзгөрүүгө толук бойдон даяр. Эми Чүй облустарынын райондору калды кыдыра элек, анан Бишкек шаарында чоң митингдерди өткөрөбүз, кудай буюрса. Эл өзгөрүүгө даяр, кээ бир облустарда - аягында байкап аттым - керек болсо митингге келген милиция кызматкерлери кол чаап атты дүркүрөп. Баардыгы бул бийликтен тажаган да.
- Азыркы учурда эң көп талкууланган темалардын бири - сиздин ден соолугуңуз тууралу болуп атат. Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Эмил Каптагаев Алмазбек Атамбаев нервти паралич кыла турган белгисиз зат менен ууланган деп, маалымат жыйынында билдирди. Украинадагы шайлоо алдында азыркы президент Ющенко ууланып, ал Венага барып көз карандысыз дарыгерлерден дарыланып келген эле. Сиз эмне себептен дарыгерлерге кайрылган жоксуз? Эми мындан ары анализди аныктайлы деген ой барбы?
- Мен кандай, эмне болгонун айтып берейин. Мен шайлоо өнөктүккө байланыштуу сапарымды түштүк жергесинен баштагам. Он жетисинде жолго чыктым, 18-июнда биринчи жолугушуу болду Көк-Жаңгакта. Жалал-Абаддан эки-үч күнгө мейманкана жалдаганбыз, ал жерде бир түнөгөндөн кийин эртең менен айтышты тамак бергенден кийин, “кайра келбегиле, акчаңардын да кереги жок, кайра келбегиле” деп. Эмнеге мындай болуп кетти түшүнгөн жокпуз. Машинага отуруп атканым эсимде бар, Акманга бармакпыз. Кайда бардык, эмне болдук, кандай жүрдүм - билбейм да, зомбидей эле жүрүптүрмүн. Беш саат өттүбү, он саат өттүбү билбейм, эсимде бар кулагым угуп баштады. Ошондо угуп атсам Азимбек Бекназаров - Жалал-Абаддын шайлоо штабынын башчысы да, ал Оштун шайлоо штабынын башчысы Сорронбай Жээнбековду чакырган экен. Экөө сүйлөшүп атыптыр: “Алмаз Жалал-Абадда өлүп калса уят эле болобуз, Бишкекке жөнөтөлүк, өтүп кетсе да ошол жактан өтүп кетсин” деп. Экинчиси “Алмазды кудай дайыма колдойт, таң атканча коё туралык” деп. Мен албетте сүйлөй албайм, бирок үнүнөн тааныдым, кийин “сен ушинтип айттың” десем, “туура, мен айткам” деп мойнуна алды.
Ошентип эртең мененкиге калтырышты, эртең менен эсиме келип Жалал-Абад театрынын алдында жолугушуу өткөрдүк, Акмандын, Ноокендин элине рахмат, Дооронбек Садырбаев маркумдун карындашы баш болуп кайрадан келишиптир да “кантип эле ушул түштүк жергесинде, динди туудай көтөргөн жерге таң атпай мас болуп алып Атамбаев келди” деп ишене албай. Анан ошол жерден менин абалымды көрүп, өздөрү бийликти каргап шилеп, түкүрүнүштү. Ошондон бери бир да мейманканага түнөгөн жокпуз, андан көрө эч кандай шарты болбосо дагы тааныштардын үйүнө, дыйкандардын үйүнө төнүп аттык.
Ал эми экспертизага барбаганымдын себеби - билесиңер - премьер-министр кезимде деле ууланганымдан кийин президенттик администрациянын поликлиникасы тыянак чыгарган “белгисиз зат менен ууланган” деп. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматы өзүңдү өзүң ууладың дегендей тыяк чыгарган. Ошондуктан азыр деле ошентип айтмак да.
Бирок ошол кебетем менен кудайга рахмат, баары бир Жалал-Абадды бүт кыдырдым, бүт райондорун. Оштун Чоң- Алайы эле калды, кечирим сурайм элинен, ал жакка жете албай калдым. Баткендин бүт районунда болдум. Түштүктөн кийин бул тарапты Ысык-Көлдөн баштадым, анткени түштүк эли ушундай тоскондон кийин Ысык-Көл жумуртка менен тосо албайт го депчи. Ысык-Көл, Нарын, Таласты кыдырып келдик - элдин маанайы башкача. Ошол эле жумуртка менен мурда оппозициянын жигиттерин тоскон Түп, билесиңер, кандай кабыл алганын. Кара-Буурада гүл менен тосуп алышты, мурда таш менен тоскон Талас жүз машина тизип коюп, гүл менен тосуп атат бул ирет. Баардык жерде ушундай - элдин маанайы башка бул ирет. Кудай сактап калды мени, дагы бир жолу кудайга миң мертебе рахмат, элиме рахмат элдин батасы, Алла Таала сактап атат.
- Ошого карабай бир катар укук коргоочулардын маалыматы боюнча шайлоо 23-июлда өтөт, ага чейин эле мөөнөтүнөн мурда шайлоо деп, бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерин шайлоого чейин эле добуш бердиртип атат...
- Бир эле бюджеттик эле эмес, мисалы аскерлерди дагы эрте шайлоого катыштырышты. Болгондо дагы эрте добуш бергенден кийин ар бир бюллетенди, конверттерин ачтырып текшерип атыптыр. Мисалы, Токмоктогу аскердик бөлүктөн ошондой болуптур, ачып карашса добуштардын 80%и Атамбаевга берилиптир, кайра чыр чыгарыптыр. Бул бийлик шайтандын бийлиги да, ачык айтайын. Булар “таза шайлоо” дегенди калп эле айтып атат. Бирок президент Курманбек Салиевич “таза шайлоо өткөргүлө” деп суранып атат, биз бул жолу таза шайлоо өткөргөнгө жардам беребиз, таза шайлоо өткөрүп беребиз.
- Ошол бурмалоолорго каршы кандай ыкмаларды колдоносуздар?
- Ыкмаларды ар бир митингде, ар бир жоолугушууда элге айтып атам. Мисалы, ачык эле айтып атам, орустарда Библияда айтылган “Не убей, не укради” деп. Кыргызда деле шарыят боюнча уурулук абдан чоң күнөө, шарыят мамлекеттеринде керек болсо, уурулук үчүн балта менен колду чабат. Тоок уурдаса, картошка уурдаса – уурулук, бирок элдин добушун, элдин келечегин уурдап атса бул уурулуктун эң жаман нерсеси да! Бул жолу элдин түрү башка - ошон үчүн мен бул жолу айттым - ар бир облустан участкага миңдеп келет, кийин районго да миңдеп барат. Эгерде элдин добушун уурдайм деген бирөө чыкса анда азабын өзү тартат. Анткени бул жолу президент өзү суранып атат “таза шайлоо өткөрөлү” деп, таза шайлоо өткөрүп беребиз, эл өткөрүп берет.
- Сиз шайлана турган болсоңуз - өзүңүздүн программаңызда айткан экенсиз, президенттин мөөнөтү бир гана мөөнөт болот, беш жылга иштейт деп. Ал эми азыркы парламенттин тагдыры кандай болот?
- Азыркы парламентти билесиңер, азыркы бийлик деле таратайын деп атат. Албетте биз деле бул парламентти калтыра албайбыз, анткени Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Клара Кабилова Москвага качканда чындыкты айткан, аны биздин өкүлдөргө дагы айтып берген. Өткөн шайлоодо (2007-жылы декабрда) “Ата Мекен” партиясы жеңген, аны баарыбыз билебиз, бирок добуштар уурдалган. Бирок бул жолу андай болбойт.
- Президенттерден кол тийбестикти алып салыш керек деген сунушуңуз бар. Аскар Акаевге каршы козголгон кылмыш иштери аягына чыккан эмес, бул жолу кандай болот?
- Бул жолу кол тийбестик мурдагы – кийинки президенттерден алынгандан кийин, керек болсо, биякка алып келебизби. Мен бир мисал келтирейин, Түндүк Коеря, анан Түштүк Корея мамлекеттерин карагыла. Мына Түштүк Корея эмнеге гүлдөп атат? Ал эми Түндүк Корея ачка отурат, гумжардам бербесеңер бомба жардырам деп. Анткени Түштүк Кореяда акыркы 15 жылдын ичинде үчүнчү президент камалып атат. Эгер президент уурдаса, ал президент болсо дагы түрмөдө отуруш керек, уурунун орду - түрмөдө. Ошондуктан, албетте канкор эмеспиз, айтабыз “үч айдын ичинде элдикин кайра кусуп бергиле” деп, бербесе анда кустуруш керек.
Мына Ысык-Көлдү кыдырып жүрүп, Барскоонго барсам эл азыркыга чейин ооруп атыптыр цианиддин таасиринен кийин, ал эми Аскар Акаев Москвада хан сарайда жыргап жашап жатат. Бул туура эмес, ар бир адам өзүнүн кылмышы үчүн жооп бериш керек, ал президент болобу, же жөнөкөй жумушчу болобу - мыйзамдын алдында баары бирдей болуш керек.
- Жер-жерлерди кыдырганыңызда Каркыра боюнча пикириңизди айттыңыз. Азыр түштүктө дагы чек ара маселелери өтө татаал, мына Фергана өрөөнүндө, мисалы, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында миграция өтө күч, ушул маселелер боюнча ойлондуңуздарбы?
- Эми аны мен премьер-министр кезимде эле ойлонуп, 2008-жылга ирригациялык программа кабыл алдыргам. Ошол эле түштүктө мисалы, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында совет кезинде эле долбоорлор түзүлүптүр да суу чыкпаган жерлерге суу алып барышка. Чек ара аймактарында, Ак-Турпак, Бүргөндү массиви, Арка массиви - баардык жерлерде совет кезде эле долбоорлор бар экен. Премьер кезимде бюджетке акча пландаштарып кеткенмин да, анан кийин ал ишим аягына чейин чыкпай калды. Албетте, ал ишти аягына чейин чыгарабыз, менин көзүм жетип турат, эгерде ошол эле түштүктө чек арага жакын жерлерге суу жеткирип, электр жеткирип, асфальттап татынакай жол салып берсек түштүктүн эли абдан күжүрмөн эл. Ошол эле балдар Москвада, Казакстанда жүргөнчө өз элине келет. Айдаркенге барсам Рахман ата деген бир аксакал ыйлабадыбы, кээ бир айылдарда адам өтүп кетсе, көр казганга жигиттер жок, деп. Бирок шайлоодо элдин катышуусун ошол аймактарда 99% кылганы турат бул бийлик, бирок биз андайга жол бербейбиз.
- Орусия менен биргеликте түштүктө антитеррордук борбор түзүлүшү ыктымал деген сөз болуп атат. Президент Курманбек Бакиев “Нью-Йорк таймс” гезитине берген интервьюсунда ал тууралу айтты. Андан тышкары АКШнын аскер базасы транзиттик борбор болуп өзгөрүп калды. Бул маселелер боюнча кандай ойдосуз?
- Эми бул бийликти түшүнүш кыйын да. Ойноп атып оюндун аягынан өрт чыкпаса болду. Мисалы, мен билем Орусия нааразы. Акчасын алып Москванын, ошол акчанын эсебинен элди алдап, пенсиясын көбөйтүп, мына биз кыйратып иштеп атабыз деп атат. Орустун 450 миллион долларынын эсебинен пенсияны көбөйтүп, элди алдап атат да. Ошол Орусиянын акчасы түгөнгөндөн кийин бул бийлик элге кайрадан “тезек тергиле” деп айтат го менимче. Бирок бул жолу жылуулук үчүн эле эмес, тезекти шорпо кылып ичкиле, деп айтабы, ким билет - бул бийликти. Бул бийлик ойноп атып аягында от чыкканы турат. Мисалы, мен билем орустар абдан нааразы.
- Дагы бир маселе Алмаз мырза, 2007-жылдын декабрында, өзүңүз айттыңыз азыр эле, парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” уткан деп. Бирок “атамекенчилер” ошондо оппозиция биз сөзсүз парламентке келебиз деп, ушунча чоң ишенимде болуп, шайлоонун эртеси тууралуу такыр ойлонушкан эмес. Бул ирет дагы бийлик административдик ресурсту колдонуп атат деп атабыз, сиздер утулсаңыздар, Курманбек Бакиев кайра өзүнүн ордунда калып, президент катары ант берсе, андан кийинки кадамдарыңыздар жөнүндө ойлодуңуздарбы?
- Биринчиден, биз утулбайбыз. Анткени биздин пландарыбыз бар - кандай утабыз, кандай кылабыз. Айылдардан баштап, башкасына чейин бүт ойлонгонбуз. Элге деле айттык - бул жолу биз утулбайбыз. Бул бийликтин ишенгени эле азыр күч болуп турат. Бирок мен элге айтып атам, ошол эле Улуттук коопсуздук кызматынын балдарына айтып атам – унутпагыла деп, мисалы, Румынияда 1989-жылы ал кездеги башчысы Николае Чаушеску демонстарнттарга ок аткыла деп буйрук берип, андан болгону он киши өлгөн, он киши өлгөндөн кийин Чаушескуну да асып, аялын да аскан эл. Анан секреттик кызматтын баардык кызматкерлерин мамыларга асышкан. Эл деген сел, эл бир чыкса эч ким аны токтото албайт.
Ошондуктан азыр добушту уурдатпайбыз, кандай эсептеп бүтөт деп да күтпөйбүз. Парламенттик шайлоодо эң чоң катачылык ошол болгон да, жыйынтыкты күтүштүн кереги жок, эл өзү санаш керек добуштарды участкаларга барып. Мына эл айтып атат керек болсо, кетмен-чот менен барабыз деп. Мен билем, мисалы, Таласта, Ысык-Көлдө, Чүйдө, Нарында бир топ шайлоо участкаларынын төрагалары иштебейбиз деп баш тартып атышат. Анткени бул ирет элдин түрү башка.
Биз Бишкек шаарынын мэриясына арыз бердик, мыйзам боюнча бизге эч кандай тоскоолдук болбошу керек – 23-июлда шайлоо бүткөндөн кийин сегиз жарымда парламенттин алдында, БШКнын жанында жеңиш концертин баштайбыз. Элге рахмат айтып, жеңдик, деп. Анткени мен көрүп турам - булар канчалык добуш уурдабасын, кудай биздин тарапта, эл биздин тарапта, биз утабыз. Бириксек колдон келет экен да, анткени биздин лозунг эмнеге “Бириксек колдон келет”, мына биригип бир талапкерди алып чыкты оппозиция, элибиз биригип атат, азыр түндүк, түштүк деген жок.
- Алмаз мырза, дагы бир тема прессада катуу талкууланып атат, ага байланыштуу сизди катуу сындап атышат. Бактияр Амиражановдун сөөгү болушу ыктымал делип бир сөөк табылды деп атат милиция, бул боюнча кандай пикирдесиз. Жусуп Жээнбековдун парламенттен, партиядан кетишин кандай кабыл алдыңыз?
- Эми мисалы, Жусуп Жээнбековго күндүз мага келесиң, кечинде Жаныш Бакиевге барасың, деп, эркекче эле мен айткам. Жалал-Абадга барсам ал жерде жок экен, кой, деп айткам. Баласы боюнча айтсам, Жусуп Жээнбеков өзүм издейм деген. Ал эми Руслан Шаботоев жоголгондон кийин мен энесине айткам, эжеси да келген, “эки-үч ай сабыр этелик”, деп. Анткени Ички иштер министрлиги (ИИМ) айтып атпадыбы, ана табабыз, мына табабыз, Алма-Атада отурат, тирүү, деп. Анан эки-үч ай өткөндөн кийин көрдүк ИИМ алдап атат. Анан кийин өзүм чөнтөктөн акча чыгарып, машина берип, мурда милицияда, органдарды иштеген күчтүү оперлерден, полковниктерди жалдаганбыз. Алар үч-төрт айдын ичинде эле жыйынтык чыгарышты берки бала да өлтүрүлгөн, бул бала да өлтүрүлгөн, деп. Ошол эле Русландын айылында ошондо ошол полковник менен барып, жолугушуу уюштургам үч-төрт ай мурун эле. Атайлап Ысык-Ата районуна барып айтпадымбы. Ошол жолугушууга 21 киши келген, Русландын маркум атасынын байкеси баш болуп келишкен. Азыр болсо шайлоодо мобул шайтан оюндар кетип атат. Мен бирок энесине айткам да, керек болсо бийликти алмаштырсак дагы Русландын тирүүсүн же сөөгүн таап берем деп, мен сөзүмө туруп атам. Биздин маалыматтар боюнча эки бала тең өлтүрүлгөн, криминалдын колу менен, бирок бийлик бул ишти жаап атат. Анткени бийлик, азыркы күч органдарынын жетекчилери криминал менен биригип кеткен, ачык эле айтайын Суталинову болобу (Мурат Суталинов – Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы – ред.), Конгантиеви болобу (Молдомуса Конгантиев – Ички иштер министри – ред.).
- Министр Молдомуса Конгантиев кечээ жакында берген интервьюсунда айткан экен шайлоолор бүткөнгө чейин Алмаз Атамбаев азыр бизге маалымат бере албайм деди, шайлоо бүткөндөн кийин андан ушул тууралуу сурайбыз, деп. Демек, сиздердин колуңуздарда ошондой маалыматтар бар, сиздер ал маалыматтарды күч органдарына бере аласыздар?
- Буюрса, шайлоо бүткөндөн кийин ошол Конгантиев бизге маалымат берет, кудай буюрса. Кантип бул ишти жаап аткандары жөнүндө, анткени бакылдап атпады беле “тиякта отурат, биякта отурат, тирүү”, деп. Биз билебиз да криминалдын колу менен жайланган. Азыркы бийликти карасаңар, мурда Акаевдин бийлиги мейли ууру болгон, булар болсо уурулуктан да жаман нерсени - адамды өлтүрмөйгө өтпөдүбү. Бул бийликке кулдай болуп иштеген Медет Чоканович Садыркуловду өлтүрүп туруп, өрттөп кетпедиби. Депутатты өлтүрмөй тоокту өлтүргөндөй эле болду. Бул бийликтен эмне күтсөк болот, ошон үчүн мына бул бийлик кетиш керек. Биз бириктик, эл бирикти, кетиребиз.
- Алмаз мырза, сөзүбүздүн аягында баарыбыз адамбыз, үй-бүлөбүз бар дегендей. Сиздин оппоненттериңиз айтып атат Алмазбек Атамбаевдин эки-үч аялы бар, бирөөсү Түркияда дейт, бирөөсү болсо Москвада экен, анын кызы сизге издөө салыптыр, сиз болсо качып жүрөт экенсиз андан. Ушулардын канчасы чын да, канчасы калп?
- Атамбаев бир кыз эмес, он кызды да бага алат да ачык айтканда. Алтымыш жазуучуга ай сайын стипендия төлөгөн Атамбаев, андан башка эне-атасы Москвага кетип калган эки-үч балага стипендия төлөп атам. Атамбаев кудайга шүгүр, бир кыз эмес, он, жүз кызды багып берет да. Эми Атамбаевдин аялдары боюнча - мен элге теле аркылуу кайрылганда айткам, бирок ал жерин Мелис Эшимканов (УТРКнын башкы директору - ред) кесип салыптыр, ошондо эле айткам - Атамбаевдин экинчи аялын издеп убара болбогула, ал жок, деп. Болгону бир аялым бар. Бирок мен ошондо айттым эле - Бишкекти эле кыдырсаңар, мына азыр мамлекетти башкарып аткан кээ бир адамдардын экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы токолдорун табасыңар деп айткам, ошону Эшимканов кесип коюптур. Атамбаевди жакында “киши жегич” деп деле айтат ошол эле Эшимканов. Бирок эми кудай бар да, “кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет”. Ошон үчүн убара болбой эле койсун. Менимче, кандай шыбаса дагы мындай сөзгө эл деле ишенбейт калды го. Аягында өздөрүнүн башына тиет булар, анткени, мисалы, мусулмандарда Кураани каримде, орустарда Библияда жалаа, жалган сөз да абдан чоң күнөө да, аягында ушулар өздөрүнүн башына тийет, өздөрү элден чыгат ушунтип болбогон сөздөрү чыгарып атып.
- Шайлоо учурунда, үгүт өнөктүгүндө дээрлик бүт Кыргызстанды кыдырдыңыз, эл азыр маалыматты каяктан алып атыптыр?
- Бир жери жакшы да Кыргызстанда “узун кулак” деген бар. КТР канчалык кытырабасын, эл деген эл, сөз жетет, гезит жетпей калган жерге сөз жетет, той-аш деген болот, баары бир маалымат жетип атат. Чындыкты катып калыш мүмкүн эмес. Анын үстүнө азыр Интернет бар, Интернет заманы. Керек болсо кээ бир айылдарга чейин Интернет жеткен. Чындыкты азыр катып калыш мүмкүн эмес.