Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Алдын-ала добуш берүүдө мыйзам бузуу арбынбы?


Шайлоо кодекси боюнча милиция кызматкерлери да алдын-ала добуш берүүгө укуктуу
Шайлоо кодекси боюнча милиция кызматкерлери да алдын-ала добуш берүүгө укуктуу

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө байкоо салган “Интербилим” уюмунун байкоочусу Мирлан Акматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын “Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси айтып чыкты. Ошол эле учурда БШК эч кандай мыйзам бузуулар жок, баардыгы мыйзамдын алкагында өтүп атат деп айтып жатат. Сиз байкоочу, эксперт катары ушул окуяларга кандай баа бере аласыз?

- Биз мөөнөтүнөн мурда шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн Свердлов районуна барганбыз. Ошол жакта мөөнөтүнөң мурда шайлоо үчүн бир эле учурда Шайлоо кодекстин бир канча нормалары, эрежелери бузулганын байкадык. Биринчиден, эл ушунчалык көп болчу, эч кандай шарт түзүлгөн эмес, элдер арызданып жатышты, “4-5 сааттан бери кезекте турабыз, өзүбүздүн укугубузду аткаралган жокпуз” - деп. Ошол эле убакта мөөнөтүнөн мурда шайлоого негизинен Шайлоо кодексинин 41- беренесинин биринчи пунктуна ылайык, төрт категориядагы атуулдар укуктуу болуп саналат. Биринчиси, ички иштер кызматкерлери. Экинчиси, аскер кызматерлери, эгер алар шайлоо күнү башка жерде кызмат өтөй турган болсо. Үчүнчүсү, шайлоо учурунда чет мамлекетке кете турган болгон кыргыз жарандары. Төртүнчү категория - шайлоо учурунда башка жерде боло турган шайлоо комиссиянын мүчөлөрү.

- Маалыматтарга караганда, сантехниктер да, медицина кызматкерлери да алдын ала добуш берип атыптыр?

- Биз барганда “Кыргызтелеком”, “Кыргыз темир жолу”, “Кыргыз почтасы”, Кател, Бител, БГТС кызматкерлери, поликлиниканын дарыгерлери добуш берип атыптыр. Алардын башына бирөөнү дайындап коюп, топтун башчысы аларды топ-тобу менен алып келип киргизип атты. Элдер арызданып жатышты, биз 23үндө эле өз укугубузду колдонсок болот эле деп. Анткени 4-5-6-7 саатка чейин туруп атышты да. Биринчи Май районунда болсо бир аял өтө жаман абалда болуп, ысыкта көп турганы үчүн жыгылып түштү. Участканын ичинде да бир эле убакта бир канча эрежелер бузулду. Биринчиден, кабина жок, кабинанын сырткары эле бюллетень берилди, аны алган милиция кызматкерлери столго отуруп алып ачык, баардыгынын көзүнчө өзүнүн добушун берип атты. Ошол эле учурда башка офицерлер анын кимге добуш бергенин карап турушту.

- Ал эми конверттердин сыртына да кол койдуруп атат деген маалымат бар?

- Эми бул мыйзамда каралып калган экен, 41-берененин үчүнчү пунктунда. Бул мыйзамда кетирилген жаңылыштык. Адам ал жерге кол койгондон кийин колу аркылуу кимге добуш бергенин кийин билип алса болот. Бул эми мыйзамдын жаңылыштыгы, райондук шайлоо комиссиянын жаңылыштыгы эмес. Бирок ошол эле учурда райондук шайлоо комиссиялары мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган атуулдардын арыздарын алып, атайын тизме түзүшү керек болчу. Бирок келген адамдарды негизги тизме менен өткөрүп атты. Бул жерде атайын тизме болгон эмес. Бул эмнени маалымдап атат? Бул деген эч кандай мыйзамсыз эле райондук өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргелешип жасалган иш аракет болуп атат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG