Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

А. Атамбаев: Шайлоо ыплас өтүп жатат


Бириккен оппозиция президенттикке чыгарган талапкер Алмазбек Атамбаев бүгүн добуш берүүгө катышкан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.

- Алмаз мырза, cиздин оюңузча шайлоо кандай өтүп жатат?

- Биз үчүн негизгиси берилген добуштарды сактап калуу. Шайлоо абдан ыплас өтүп атат көрүп атасыздар.

- Сиз шайлоого эмне үчүн жалгыз келдиңиз, жубайыңыз көрүнбөйт да?

- Чынын айтсам, менин кичинекей, 12 жаштагы кызымдын дарегине коркутуулар болду. Мага телефон чалып “кызыңды ойло” деп айтышты. Мен айла жок кызымды чет өлкөгө жөнөттүм, мага кызым өзүмдөн артык, кызым өлгөнчө мен өлөйүн дедим. Албетте ал кичинекей болгондуктан жалгыз жөнөтө алган жокмун. Азыркы бийлик баарына жөндөмдүү.

- Сиз жеңилип калсаңыз кийинки кадамдар кандай болот?

- Кийинки кадамды мен эмес, эл жасайт. Шайлоочулар добуштары үчүн жакшы эле күрөшүп атат, бирок билесиңер шаарда массалык ташуу жүрүп атат Бишкекте “айлампа” (Карусель) дегени кетти, тизмеге көзу өткөндөрдү, жок адамдарды да кошуп коюптур. Биз бир үйдөн эле мисалы эки подьездден капкачан кетип калган сегиз адам кирип калганын таптык. Бул бийлик уттураарын билип ушундай оюнга кетип атат да. Анткени бул бийлик албетте уттурат бирок элибиз добушун сактап кала алабы же жокпу аны көрөбүз.

- Атаандашыңыз Курманбек Бакиев административдик ресурс болбойт жана болгон эмес деп билдирди го...

- Эми ага кудай өзү калыс. Сиздер иш жүзүндө кандай болуп жатканын көрүп-билип турбайсыздарбы. Мунун баары калп. Үй-бүлөлүк башкарууну жою жана коррупция менен күрөшүү биздин программада да бар. Бул адам жаман адам эмес, бирок президент боло албайт. Үй-бүлөлүк башкарууну жоготуу, корупция менен күрөшүү, жакшы бир таза айкын башкаруу системасын түзүү – биздин максатыбыз. Өлкөнү эл башкарыш керек, калк башкарыш керек. Уурулук бизде абдан көп, корупция өтө өсүп кеткен.

- Бүгүн концерт убада кылдыңыздар эле...

- Эми биз элге бүгүн кечки саат сегиз жарымда бир концерт уюштуруп атабыз, ар кайсы жактан тополоң чыкпасын деп, партиянын шабынын алдында. Экинчи концерт саат ондо Горький паркында болот. Эски аянтты берген жок, ошондуктан Горький паркында өткөрөлү деп жатабыз. Эгерде бул концерттерди өткөбөсөк, андан жаман болгон турат. Элди тынчыталык деп атабыз, тынч уюштуруп атабыз. Эми элдин түрү башкача, чараларды эл көрөт, биз эл мененбиз. Эми эл деген сел. Сел жүрүп кетсе аны токтотуу кыйын...

XS
SM
MD
LG