Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Шайлоо бүттү, алгачкы жыйынтыктар чыгууда


Бишкектин бир добушканасынан көрүнүш, 10-октябрь.
Бишкектин бир добушканасынан көрүнүш, 10-октябрь.

Кечки саат сегизде шайлоо аяктап, добуштар санала баштады. БШК дароо эле алгачкы жыйынтыктарды жарыялай баштады.

Шайлоого 50 пайыздан ашык шайлоочу катышты
Акылбек Сариев

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев добуш берүү аяктаган соң, КТРК каналында түз ободо чыгып сүйлөп, парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы көрсөткүчтөрүн билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан боюнча катталган шайлоочулардын саны 2 852 751ди түзөт, алардын ичинен шайлоодо добуш бергендердин саны 1 556 396ге жетти. Бишкек шаарында шайлоого катышкандардын пайыздык көрсөткүчү - 56,18; Баткен облусунда - 53,07; Жалал-Абад облусунда - 56,68; Ысык-Көлдө – 52,99; Нарында 53,31; Ош шаары боюнча – 66,28; Ош облусунда – 50,95; Талас өрөөнүндө – 61, 32 жана Чүй олбусунда – 52,5 пайызды түздү. Сырттагы жарандардын добуш берүүсү 57,28 пайыз болду. Жалпысынан катталган шайлоочулардын 54,5 пайызы добуш берүүгө катышты. Бул көрсөткүч маалыматтар толукталган соң дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Добуш берүү тынч өттү

Ички иштер министрлиги бүгүнкү шайлоо одоно мыйзам бузууларсыз, негизинен тынч өткөнүн кабарлады. ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" айтышынча, бүгүнкү шайлоодо Кыргызстан боюнча эч кандай тартип бузган жагдайлар катталган эмес.

Анча-мынча мыйзам бузууларды эске албаганда Ош, Жалал-Абад облустарында добуш берүү негизинен тынч өттү. Кооптуу делген аймактарда болсо коопсуздукчаралары күчөтүлүп, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Оштогу бир добушкана, 10-октябрь.

Шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөө максатында милиция 5-октябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул үчүн 7 миң милиция кызматкерлери тартылып, аларга 13 миңден ашуун элдик кошуун өкүлдөрү көмөк көрсөтүүдө.

Президенттик администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев өлкөгө экстремисттик күчтөр кирип келүүсү ыктымал деп чочулоого негиз жоктугун КТРКнын түз обосунда билдирди. Ал Тажикстан кырдаалга байланыштуу Ооганстан менен чек арасын тыгыз жапканын, Өзбекстан да чек арасын катуу кайтарууга алганын, кыргыз тарап дагы ар кандай коркунучтун алдын алуу максатында чек араны кайтарууну күчөткөнүн кошумчалады. Анын айтымында, бүгүнкү добуш берүү жалпы өлкө аймагында тынч кырдаалда, чыр-чатаксыз жана шайлоо жыйынтыгына таасир бере алар мыйзамсыздыктарсыз өтүп жатат, саат 18:00 тартып добуш берүү түйүндөрү жайгашкан имараттарды кайтаруу күчөтүлдү. «Мурдагы шайлоолордон белгилүү болгондой айрым кызыкдар адамдар добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууну үзгүлтүккө учуратуу үчүн ар кандай чагымдарга барышат, ошондуктан, мындайдын алдын алуу максатында биз шайлоо комиссияларынын толук кандуу иштөөсүн камсыздоо үчүн бардык кошумча чараларды көрөбүз,» - деди Б. Табалдиев.

Алгачкы эсептөөлөрдө КСДП алдыда келатат.
Алгачкы эсепте КСДП алдыда


Борбордук шайлоо комиссиясы добушканалар жабылгандан көп өтпөй эле алгачкы жыйынтыктарды жарыялай баштады. Жалпы 2333 добушкананын отуз бешинен түшкөн алгачкы жыйынтыктарга караганда, КСДП 14 пайыздан ашык добуш менен алдыда. Андан кийин "Ата Журт", "Ата Мекен", "Республика", "Ар-намыс" партиялары келатат. Бул көрсөткүч мүнөт сайын өзгөрүүдө.

XS
SM
MD
LG