Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Блэйк: "Кыргызстан Борбор Азияга өрнөк боло алат"


АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк жана Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Бишкектеги маалымат жыйынында. Апрель, 2010-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк жана Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Бишкектеги маалымат жыйынында. Апрель, 2010-жыл.

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Кыргызстандагы шайлоо ойдогудай аяктаса жалпы аймак үчүн келечекте бийликти тынч, кансыз жол менен алмаштыруунун туруктуу өнөгөсүнө айланышы мүмкүн деп эсептейт. Блейк бул жолдо АКШ Кыргызстандын жаңы түзүлө турган өкмөтүнө колдоо көрсөтө турганын ырастады.

Ал ишемби күнү "Азаттыктын" кабарчысы Хизер Махердин айрым суроолоруна жооп берди.

"Борбор Азияда мындай парламенттик эркин шайлоо биринчи мерте болуп жатат"

Бул жолку шайлоонун Кыргызстандын мындан аркы болочогу үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген "Азаттыктын" кабарчысы Хизер Махердин кебине кошулуп, Роберт Блейк дегеле "Борбор Азияда мындай парламенттик эркин шайлоо биринчи мерте болуп жатканын" баса белгиледи. Блейк АКШ өкмөтүндө демократиялык жол менен бийликти тынч өткөрүп берүүнүн мындай усулу келечекте "чын эле бүткүл регион үчүн көрөңгөлүү өнөгө болуп калат" деген ишеним бар экенин бышыктады. Ошондуктан "бу шайлоого колдоо жана бардык тараптардын ага шайма-шай даярданышына көмөк көрсөтүү үчүн Вашингтон бир топ иштерди жасады". Өнөктүктүн ушул кезге чейинки жүрүшү бизди абдан алымсынтты. Ал өтө активдүү жана негизинен тынч мүнөздө болду", - деп кошумчалады Блейк.
... болжолдо 11-15 процент добуш менен парламентке өтө турган беш-жети партия бар. Ушундан улам өлкөдө коалициялык өкмөт куралары айкын. Бул да Кыргызстан үчүн буга чейин боло элек жаңы көрүнүш болот.
Роберт Блейк Бишкектеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 15-апрели.

Айрым бир окуяларды, алардын ичинде "Ата Журт" партиясынын кеңсесиндеги чатакты эске албаганда өнөктүктүн жүрүшүндө олуттуу эч кандай кооп-коога болбогонун көрсөтүп, Блейк муну шайлоого катышкан атаандаш тараптар менен жалпы элдин бул процесске өтө кызыкдар болгону менен түшүндүрдү.

"Коалициялык өкмөт куралары айкын"

Блейктин айтымында, кимдер жеңишке жетерин алдын-ала айтуу кыйын, болжолдо 11-15 процент добуш менен парламентке өтө турган беш-жети партия бар. Ушундан улам өлкөдө коалициялык өкмөт куралары айкын. Бул да Кыргызстан үчүн буга чейин боло элек жаңы көрүнүш болот. Коалициялык өкмөттүн позициясы кандай болорун болжоп болбойт, ага кимдер мүчө болору азырынча белгисиз. Бирок АКШ үчүн "процесстин өзү, демократиянын тамырлашы жана элдин ыктыяр-эрки эске алына турганы маанилүү". Мамкатчынын жардамчысы "коалициялык кандай өкмөт түзүлсө да аны менен АКШ кызматташарын жана баштагыдай эле президент Отунбаева менен эң жакшы мамилесин сактап каларын" ырастады.

"Буга чейин эле АКШ эки тараптуу маанилүү донордун бири болду. Кыргызстанга биз быйыл пайда болгон гуманитардык жана башка проблемаларды чечкени 100 миллион доллардан ашуун жардам көрсөттүк. Президент Барак Обама да Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясы маалында президент Отунбаева менен жолугуп, АКШ Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү уланта берерин ачык-айкын туюнтту",- деп айтты Блейк.

Быйыл жайдагы окуяларга токтолуп, аларды эл аралык деңгээлде изилдеп чыкканга президент Отунбаева колдоо билдиргенин Блейк АКШ өкмөтү абдан алымсынып кабыл алганын, кандуу калабаны Кыргызстандын өзүндө да көз карандысыз комиссия териштирип жатканын эске салды.

Мамкатчынын кеңешчиси ошондой эле Кыргызстанда АКШ менен Россиянын өз ара тиреши жок, тескерисинче, бул өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Вашингтон менен Москванын көз карашы жалпысынан окшош деп ырастады. "Кыргызстан кайсыдыр бир деңгээлде Россия менен АКШнын кызматташтыгы үчүн жакшы өнөгө болуп саналат", - деп айтты Блейк.

Блейк жакынкы аралыкта Кыргызстанга барар-коерун так айткан жок, бирок коалициялык өкмөт куралып бүткөн соң ушундай мүмкүнчүлүк пайда болоруна үмүттөнүп жатканын да жашырбады.

XS
SM
MD
LG