Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

АКШ Кыргызстан кыйынчылыктан чыгышына көмөктөшөт


АКШ Мамлекеттик катчысынын орунбасары Жеймс Стейнберг Бишкектеги маалымат жыйынында, 18-июль.
АКШ Мамлекеттик катчысынын орунбасары Жеймс Стейнберг Бишкектеги маалымат жыйынында, 18-июль.

18-июнда Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Жеймс Стейнберг Кыргызстандын президенти, биртоп бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан соң журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Ал Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн АКШ өкмөтү көмөк көрсөтөрүн белгиледи.


Кыргызстан капталган кыйынчылыктан чыгышы үчүн Кошмо Штаттары 36 миллион доллар бөлүүгө ниеттенүүдө. Мындан тышкары АКШ бир топ эл аралык уюмдардын иштөөсүн каржылык жагынан колдоо милдетин да өзүнө алган.

Жардам демократияга берилет

Борбор Азия республикаларын кыдырып, андан соң Монголия, Жапанияга иш сапарын улачу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Жеймс Стейнберг 18-июлда Кыргызстан президенти Роза Отунбаева, ошондой эле бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканын маалымдады.

- Биз анда эки өлкөнү кызыктырган суроолор боюнча пикир алмаштык. АКШ Кыргызстан кабылган кыйынчылыктардан эртерээк чыгышына, жагдайды калыбына келтиришине көрсөтчү көмөгү тууралуу сүйлөштүк. Кыргызстан кабылган кыйынчылыктан чыгуу, социалдык кыйынчылыктарды чечүүнүн жолдору тууралуу пикир алмаштык.

Сүйлөшүүлөрдө парламенттик шайлоо жөнүндө да кеп болгонун, өлкө демократиялык жолго кайтып, жарандардын укуктары, сөз эркиндиги, демократиялык принциптердин сакталыш зарылдыгы боюнча пикир алышуулар болгону кабарланды. Жеймс Стейнберг АКШнын “Манас” абамайданындагы транзиттик борборуна байланышкан маселелер талкууланбаганын, сүйлөшүүлөрдө коопсуздук кызматтарынын кесиптик деңгээлин көтөрүү, алардын ишинин ачык болушуна жетишүү, адам укуктарынын сакталышына өзгөчө маани берилгенин ырастады. Бул иштер менен катар тополоңдо үй-жайсыз калгандарды кышка чейин турак-жай менен камсыз кылуу үчүн Кыргызстан кандай көмөк, жардамга муктаж экени аныктап алуу иш-сапардын негизги максаты болгону айтылды.

- Ушул жагдайда, ушул кезде өлкөнү баштагы калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү турат. Калктар ортосунда, жамааттар ортосунда мындан ары катуу жаңжалдар болбошуна бөгөт койчу шарттарды түзүү турат. Бул жаатта биз Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун полиция кызматынын иштерине чоң үмүт артабыз.

Алыскы тууган жардамы

Эл аралык полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү боюнча буга чейин эле сүйлөшүүлөр жүргөнүн АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Майкл Макфол да ырастаган.

- Менин бул жерге келишимдеги негизги максат жагдайды калыбына келтириш үчүн дагы кандай көмөк, жардам көрсөтүү керектигин аныктоо болчу. Ошондой эле президент Барак Обама колдоп жаткан демилге, Ош менен Жалал-Абадда иштеп жаткан коопсуздук күчтөрүнө кошумча эл аралык полиция күчтөрүн бул ишке тартуу маселеси боюнча кыргыз өкмөтүнүн позициясын билип кетиш эле.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Астанада өткөн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан соң уюмдун атынан келчү эл аралык полиция күчтөрү 50 адамдан турары, зарылдыгы чыгып калса ал жүздөн ашуун кишини камтый тургандыгы кабарланууда. Айтса, Ош менен Жалал-Абадда жаңжалдын жаалы күчөп турганда кыргыз өкмөтү Орусиядан жардам сурап кайрылган. Бирок да Орусия андай жардам көрсөтүүдөн баш тартып, маселени Жамааттык коопсуздук кеңешине ыйгарган.

Саясат таануучу Александр Князевдин баамында, Орусиянын тарткынчакташынын жөнү белгилүү болчу.

- Жамааттык коопсуздук уюмунуку кыйла эле татаал. Казакстан эки ачакей позицияны карманууда. Ал Европадагы коопсуздук жана кызматашуу уюмунун төрагасы катары Батышты капа кылбаштын аракетинде. Өзбекстандын буга мамилеси катуу.

Ортодо асылып калган маселени чечүүгө ЕККУ атынан келчү полиция өкүлдөрү көмөк көрсөтүшмөкчү. Анын келишине Кыргызстан өкмөтүнүн макулдугун АКШдан байма-бай келип жаткан расмий өкүлдөр алышканы менен, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн көбү өз позициясын азырынча билдирише элек.

АКШ Кыргызстанга жардам берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

XS
SM
MD
LG