Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Оштогу окуялардын аныгынан кадиги көп


 Ош -- Областтын коменданты Бактыбек Алымбеков маалымат жыйынында.
Ош -- Областтын коменданты Бактыбек Алымбеков маалымат жыйынында.

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кагылыштарга кайрылган чет элдик кабарчылар менен эксперттер, алар өздөрү айткандай, "окуянын анатомиясын" аныктап чыкканга аракет кылышууда. Бирок алардын аныгынан азырынча кадиги көп болууда.

Айрым баяндамачылар "окуянын күбөлөрү" айткандарга көбүрөөк таянышат. Күбөлөр болсо мындайда "керт башынын коопсуздугунан чочулап", өз аттарын толук айтышпайт жана негизинен бир тараптын гана таламын коргошот.

"Азаттыктын" кабарчысы Брюс Паниерге да ошондой күбөлөрдүн бири өзүн Алишер деп атап, таң эрте, болжол менен саат бештен 20 мүнөт өткөн кезде акырындап эл топтоло баштаганда капыстан эле БТР пайда болгонун, ал катуу ылдамдыкта келип, коргонуу максатында жолго көлдөлөң коюлган КАМАЗ машинасын аңтара сүзүп кеткенин, алардын артынан автоматчан адамдар, аламандаган топ, снайперлер каптап киришкенин айтып берди. "Биз жадакалса каршылык көрсөткөнгө да аракет кыла албай калдык", -деп ырастады Алишер аттуу оштук жигит.

Экинчи бир Гүлбахор Жураева аттуу тургун тополоң түн ортосунда башталды, 200-300 чакты жаштар көчөдө айкалап, "Максим, Максим" деп кыйкырып өтүштү, андан соң машиналарды, өзбектердин дүкөндөрүн өрттөп киришти, ресторанда отурган өзбек жигиттерин да өлтүрүп кетишти деп билдирди.

Паниер өз макаласында Оштогу окуялар үчүн убактылуу өкмөт бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевди жана анын тарапкерлерин айыптаганы менен жакшылап териштире келгенде кыйла татаал картина түзүлөт деп эсептейт.

Ал эми кара тополоң башталганда Абдыкадыров көчөсүндө жашаган өзбек-кыргыздарды чогултуп, өздөрүнүн мааласын коргоп калганга жетишкен Афридин Аланов аттуу жергиликтүү бизнесмен бизге баарын өзбек туугандар баштады деп ырастады.

"Алар он чакты жерден бирдей учурда чыгышты. Ошо күнү кечинде мен бир топ жерлерде болгон элем, алар эмнегедир эле бир-бирине телефон чалышып, чогулуп жатышканын байкадым. Кийин баары бир моментте чыгышты, Каныкейдин эстелиги турган жер бар эмеспи, ошол жерде 2-3 миңдей киши пайда болду. Анан эртеси кыжырданган кыргыздар баштады",- деп айтты Аланов.

Аланов окуя үчүн өзбек-кыргыз эмес, бийлик талашкан саясатчылар күнөөлүү деп эсептейт. "Ош алар үчүн "разменная монета", алар үчүн биздин керегибиз жок. Үсөн Сыдыковдун жанагы (телефондогу) сөзүндө бар, Батыровго тийбегиле, ал биздин киши деп жатышпайбы. Батыровду булар колдонушту, анан ал контролдон чыгып кетти. Мына шаардык кеңеште сессия болуп, ошо жерде бир өзбек депутат – Фахриддин Тешебаев - айтыптыр, койгула, Батыровго кошулбайлы, Инамга (Иномжан Абдирасилов –ред.) кошулбайлы, Ошто андай-мындай болуп кетиши мүмкүн десе, сен чыккынчысың деп аны сөгүшүптүр. Өзү ушинтип айтты сессияда. Ал бечеранын да үйү, рестораны күйүп кетти", -деп билдирди бизге Аланов.

Калк арасындагы ушундай карама-каршы пикирлерден улам бейтарап бир катар байкоочулар, эл аралык ырасмий өкүлдөр Ош менен Жалал-Абаддагы окуялар тууралуу бир беткей пикир айтуу али эрте, аларды эл аралык деңгээлде терең жана кылдат иликтеп чыгуу зарыл деп эсептешет. Муну Европа биримдигинин гуманитардык жардам бөлүмүнүн төрайымы Кристина Георгиева да колдоду.

"Мен Бишкекте өкмөт мүчөлөрү менен жолукканымда алардын абдан ачык экенин байкадым. Президент Роза Отунбаева эл аралык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экен жана ошого багытталган кадамдарды жасап жатыптыр. Чын эле, эгер окуяларды иликтөө ишин Кыргызстан өзү гана жүргүзсө, анын натыйжалары элдин ишеничине ээ боло албайт. Оштогу адамдар менен жолукканымда алар мага азыркы өкмөткө ишенбегенин билдиришип, бейтарап, көз карандысыз жана терең иликтөөлөр керек экенин айтышты", - деп билдирди Георгиева.

XS
SM
MD
LG