Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Гуманитардык жардамды кышка сактоо керек


Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаң орун алган аймактарда тамак-аш, азык-түлүк продуктуларынын таңсыктыгы болбойт. Бул жакка гуманитардык жардам жетишээрлик деңгээлде келип, запас үч айга жетери айтылып жатат. Бирок бул жардамдарды кышкыга калтыруу сунушталууда. Жаңжал болгон аймактын тургундары болсо гумжардам толук жетпей, же өтө эле аз берилип жатканын айтышууда.

Ош жана Жалал-Абаддагы тополоң учурунда гуманитардык жардамды уурдаган же саткан фактылар катталган жок. Бул тууралуу түштүктөгү коогалаңдагы жабыр тарткандарга жана үй-жайын таштап качкандарга жардам көрсөтүү боюнча Убактылуу өкмөттүн өкүлү Айгүл Рыскулова бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ушундай маалымат тараганда көзөмөлдөөчү органдар тиешелүү жерлерди текшерген:

- Мындай убакта ушундай нерселер абдан көп болот да. Бүгүнкү күндө уурдап жатат деген сөздөр чыккандан кийин эле каржы полиция, прокуратура, коопсуздук кызматы жана жарандык коомдун өкүлдөрүн ар бир унааны кантип ташып, таратып, каякка жеткирип жатканын текшерип бериңиздер деп суранганбыз. Бүгүнкү күндө бир дагы уурдалды деген факты жок. Бирок кээ бир кварталдык комитеттердин кампаларында туруп калгандар болду. Аны мэрия өзүнүн кызматкерлери менен текшерип жатат.

Мурда-кийин мындай кыйын кезең Кыргызстандын башына келбегендиктен жана улут аралык жаңжал абдан тез курчуганына байланыштуу алгачкы күндөрү гуманитардык жардамды таратуу жагынан башаламандык орун алып, бир системага түшүү кыйын болду.
А.Рыскулова Ошко алты миң тоннага жакын гуманитардык жардам жеткирилип, алар жер-жерлерге, муктаж болгон бардык адамдарга жеткирилип берилгенин айтат. Маалыматка ылайык, эл аралык уюмдардын жардамы менен үй-жайы талкаланып, өрттөлгөндөргө эки миң чатыр таратылып берилген.

Коомчулук арасында, айрым маалымат булактарында гуманитардык жардамдардын сатылып жана уурдалып толук жетпей жатканы айтылып келген болчу. Ал эми Тополоң орун алган аймактын айрым тургундары жардамдар өтө аз берилип жатканын “Азаттыкка” билдиришкен.

Нургүл Бердиева: Мен уруш чыккан Он-Адырдан болом. 11-июнда бала-чакабыз менен качып чыкканбыз. Бул жакта бизге эки кило картошка, эки кило пияз, бир аз май берген. Бул төрт балага жете беле. Кийимдерибиз жок, бирөөнүн үйүндө жашап жатабыз. Тууган-уруктан, кошуналардан тамак-аш алып эптеп жашап жатабыз.

Мукарам: Биздин жашай турган жерибиз жок, каякка барганды билбей кыйналып жатабыз. Менин туугандарым да жок. Барарга үйүм жок. Көчөгө чыгайын десем документимин баары күйүп кеткен. Ал күнү күтүүсүздөн келип, үйдө өрттөп жиберишти.

Ал эми А.Рыскулова тополоң башталган алгачкы күндөрү мындай маселелер болгондугун, бирок акыркы он күн ичинде ал дээрлик чечилгенин белгиледи:

- Гуманитардык жардам келе баштаганда кээ бир райондор жабык болчу. Ал жакка кирүү мүмкүн болбой калган. Ошондуктан жардам аларга жеткире албай калганбыз. Акыркы он күндө бул райондордун бардыгы ачылды. Жардамдар жеткирилип жатат. Албай калдым деген адам болбош керек.

Айгүл Рыскулова Орусиядагы эмгек мигранттардан жакында келген ири көлөмдөгү гуманитардык жардам жаңжалда Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу сыяктуу аймактарга качкан жарандарга жеткирилгенин кабарлады.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн балдардын коопсуздугун коргоо боюнча өкүлү Толкун Бекбулатова түштүктөгү жаңжал өлкөдөгү маанилүү маселелерди калпып чыгарып койду деген пикирде. Эң эле жөнөкөй мисал Кыргызстанда кыргыз эмес, орус тилдүү да балдар психологу жетишпейт экен:

- Тополоңдо сегиз бала жараат алды. Бир кыз зомбулукка учураган, апасы жараат алган бир бала өлүк төрөлдү. Бүгүнкү күндө Ош облусу жана Ош шаарында эл аралык уюмдар психологиялык реабилитация үчүн 40 борбор ачты.

Т. Бекбулатованын айтымында, түштүктөгү окуяда беш өспүрүм каза тапкан. Алардын төртөөнө ок тийген. Бул сандар дагы такталып, иликтенүүдө.

Коогалаңда жабыркагандарга жана бозгундарга көмөк көрсөтүү боюнча өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары, мурдагы вице премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева түштүккө гуманитардык жардам жетиштүү барганын белгилеп, гумжардамдардын запасын кышкыга сактап коюну сунуштайт.

- Бүгүнкү күндө негизги дүкөндөр, базарлар иштеп калса гуманитардык муктаждык эч кимде болбойт. Андан көрө эл аралык уюмдардан келген жардамдарды кышкыга даярдаш керек. Кампага сактап койсок ошол керектүү болот деп ойлойбуз.

Ө.Абдулаеванын айтымында бул ар-кандай тобокелдин алдын алат.
XS
SM
MD
LG