Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Элдин эркин чагылдырган шайлоо


Бишкектеги бир добушкана, 10-октябрь
Бишкектеги бир добушкана, 10-октябрь

Чет элдик жана жергиликтүү байкоочулардын баасы боюнча Кыргызстандагы парламенттик шайлоо айрым мүчүлүштүктөрүнө карабай эркин жана калыс өттү.

10-октярда өткөн парламенттик шайлоого көз салуу үчүн элүүдөн ашуун өлкөдөн 850 эл аралык байкоочу БШКнын каттоосунан өткөн. Булардан сырткары бей өкмөт уюмдардан жана 29 партиядан болуп алты миңдей жергиликтүү байкоочу иштешти. Бүгүн алардын айрымдары шайлоого карата өз бааларын берип, алгачкы жыйынтыктарын чыгарышты.

“Таза шайлоо” БШКнын маалыматтары менен макул

“Таза шайлоо” ассоциациясы 10-октябрда өткөн шайлоо революциялык өзгөрүүгө жетпесе да, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу акыйкат өттү деп эсептейт. Алар 40 участокто байкоо жүргүзгөн. Ассоциация добуш берүү маалында шайлоочуларды ташып келүү, добуштарды сатып алуу аракеттери катталганын маалымдады. Байкоочулар мындай аракеттер “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-Намыс” партиялары тарабынан жүргөнүн белгилешти.
Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш, 10-октябрь.

“Таза шайлоонун” жетекчиси Айнура Усупбаеванын айтымында, шайлоо учурунда массалык түрдө укук бузуулар болгон эмес. Бирок райондук шайлоо участкаларынын комиссиялары өз ишин туура пайдалана албагандыгы жана тажрыйбасынын жоктугу байкалган. Бармакка белги коюуда, үкөк жетишсиздиги, маркировка лампаларынын иштебей калышы сыяктуу мүчүлүштүктөр байкалган.

- Биздин байкообуз боюнча айрым айыл өкмөттөрү өздөрүнүн мурдагы жасап жүргөн иштерин жасап, эски адаттарына барып жатышты. Бир топ ички жана сырткы мигранттар добуш бере албай калып калды. Негизинен БШКнын айткандарына макулбуз. Анткени добуш бергендердин саны 60 пайыздай болууда. Эгер административдик ресурс колдонулса добуш бергендер 80-90 пайыз болуп кетмек.

“Шайлоо эркин жана ачык өттү”

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын миңден ашуун өкүлү 500 шайлоо участогунда байкоо жүргүзгөн. Коалиция жетекчиси Динара Ошурахунова шайлоодо байкоочуларга мурдагыдай кысым-басым болбогонун айтып, байкоочулардын көп болгону шайлоонун акыйкат өтүшүн шарттады деген ойдо.
Динара Ошурахунова

Ошентсе да коалиция байкоочулары айрым мыйзам бузууларды каттаган. Д.Ошурахунова Ош, Нарын облустарында добуштарды сатып алуу аракеттери болгонун айтты:

- Башка, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу одоно мыйзам бузуулар, административдик ресурс колдонулган жок. Таза, ачык өттү. Биз 26% шайлоо учаскаларында байкоо жүргүздүк. Ошолордун ичинде эң көп шайлоочуларды ташуу Жалал-Абад (39%), Нарын облусунда (33%) байкалды. Ал эми добуш сатып алуу аракети Ош (18%) менен Ысык-Көлдө (14%) катталды.

ЕККУ: Кыргызстан демократия курууга даяр экенин көрсөттү

Кыргызстандагы шайлоого ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу, КМШ, ЕврАзЭШтин парламенттер аралык ассамблеясы, ШКУ миссиясы, Европа, Жапония парламенти өңдүү уюмдардан байкоочулар көз салышты. Жапония парламентинин өкүлү Набухито Суто шайлоо эч кандай зордук-зомбулуксуз, тартип бузган фактылары жок тынч өттү деп эсептейт. Жапониядан келген байкоочулар негизинен Чүй өрөөнүндөгү айрым аймактарды жана көп улут аралаш жашаган Маевка айылындагы, Токмок шаарындагы шайлоо бекеттерине көз салышкан.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун байкоочулары Кыргызстандагы шайлоону активдүү жана саясий плюрализмдин негизинде өттү деп баалашты. ЕККУ байкоочулар миссиясынын башчысы Мортен Хоглунд Кыргызстандагы саясий плюрализм, жарандык жоопкерчилик жана элдин маанайына таң калганын жашырбады:

- Мени бул өлкөдө плюрализм, жарандык жоопкерчилик жана элдин маанайы таң калтырды. Мен көптөгөн жылдар бою Борбор Азияда бир топ шайлоолорго байкоо жүргүзгөм. Бирок бул ирет кандай жыйынтык болорун биле алган жокмун. Бул шайлоо Кыргызстанга жашаган элдин каалоосун чагылдырды.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун узак мөөнөттөгү байкоо миссиясынын башчысы Корин Йонкер:
Добуштарды эсептөө, Бишкек, 10-октябрь.

- Мен бул шайлоо тынч маанайда өткөнүнө абдан кубандым. Акыркы бир нече жуманын ичинде Кыргызстан плюралисттик шайлоо өткөрө аларын, көз карандысыз шайлоо башкаруусун камсыз кыла аларын жана негизги эркиндиктерди сыйлай турганын көрсөттү. Эми негизгиси бул багыттан чыкпай, айрым кемчиликтерди жоюуда турат.

Корин Йонкер ЕККУнун байкоочулары БШКнын берген баасын тааный-тааныбай тургандарын билдирген жок. Ошондой эле алар Кыргызстандын эли тарыхтын жаңы барагын ачып, стабилдүү жана натыйжалуу демократия курууга даяр экенин көрсөттү деп эсептешет.

КМШ мамлекеттеринин байкоочулар миссиясы, ENEMO эл аралык байкоочулардын уюму айрым бир маанисиз катачылыктарды эске албаганда 10-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тынч жана таза, демократиялык жол менен өттү деп баалашты. Бул жерде сөз эркиндигинин жакшы жагына өзгөргөнү да белгиленди.

Серепчилер Кыргызстандын тарыхында байкоочулар абсолюттук рекордго жеткенин айтышып, бул эл аралык коомчулуктун кызыгуусунун көрсөткүчү катары бааланган. Байкоочулардын дээрлик бардыгы коомчулукту кооптондурган коркунучтардын болбой, тынч өткөнүн кубатташууда.

XS
SM
MD
LG