Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Бакир Имаров: Бакиевден башкага кол койгондорго кысым болуп жатат


Баткенде президентикке талапкер Алмазбек Атамбаев үчүн кол тамгалдарды топтоп, шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун көзөмөлүнөн өткөрүү бир кыйла түйшүктөрдү жаратканына карабай үч миң кол тамга тапшырылган. Анын 24 пайызы жараксыз деп табылып, жумушчу топтун текшерүүсү өтө катуу деңгээлде жүргөн. Ушул кол тамга топтоонун жүрүшү тууралуу Бириккен элдик кыймылдын облустук штаб жетекчиси Бакир Имаров “Азаттык” менен маектешти.

- Абакир мырза, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев үчүн кол тамгаларды топтоп облустук шайлоо комиссиясына тапшырдыңыздар. Ушул кол тамгалардsy аныктыгын текшерүүлөр кандай жүрдү?

- Биз 4 миң 108 кол тамганы алып бардык, негизи Баткен облусу боюнча 12 миң кол тамга топтогон болчубуз. Натыйжада 5 күн түнкү саат онго чейин текшерүү болду. Жыйынтыгында 24 пайыз кол тамга таза эмес деп эсептелинди дагы, Атамбаев үчүн топтолгон 3 миң кол тамга таза деп табылды. Кол топтоону ар кандай фальсификация жол менен жасаган деген шек менен бийлик тарабынан текшерүү өтө катуу жүргүзүлдү. Барган жерде "кол сеникиби", "эмне максатта койдуң" деген суроолорду беришти. Туулган жылын жаңылыш жазып койгондорду сабатсыз болгонуңдан кийин эмне үчүн кол коесуң деген сөздөр менен коркутуп-үркүтүп жүрүштү комиссиянын мүчөлөрү.

- Эмне үчүн ашыкча кол топтотуңуздар?

- Кол тамга жарабай калабы, кандай топтолот деген ой менен биз ашыкча топтоп алып келдик. Жараксызы көп чыгып калышы мүмкүн деген ойдо биз үч эсе көп топтогон болчубуз.

- Ушул кол тамгаларын жыйноодо, уюштуруу иштерин жүргүзүүдө тоскоолдуктар болгон жокпу?

- Атамбаев үчүн кайсы айыл өкмөттөн көп кол коюп бериптир деп азыр райондук жана облустук жетекчилик тарабынан басым жасалып жатат. Мен үй ээлери менен макулдашып алып, келишим түзүп кол койдурган жеримден органдын кызматкерлери тарабынан кысымчылык болуп, үй ээлери айнып, 8-үйдүн ээсин келишим түзүп кармап калдык, калган жетөө коркутуп-үркүтүүдөн коркуп, үндөрүн бизге бергенден баш тартышты.

Ал эми биз барган айылдарда көп адамдар "Бакиевге гана кол койгула, башкага кол койбогула" деп айтып кетти айыл өкмөттөн адамдар деп бизге ачык айтып жатышты. Ага карабастан көп азаматтар өз ыктыярлары менен кол коюп бергендигинен улам Атамбаевге, оппозицияга чоң ишеним бар экендигине биз көзүбүз менен күбө болдук.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG