Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Т. Акун: Калк шайлоого активдүү катышууда


Акыйкатчы Турсунбек Акун
Акыйкатчы Турсунбек Акун

Жүздөн ашуун өкүлү шайлоого байкоо салып жаткан Акыйкатчы Турсунбек Акун добуш берүүнүн жүрүшү, айрым мыйзам бузуулар тууралуу кеп салды.

- Акыйкатчы институту шайлоого кандай байкоо жүргүзүп жатат?

Турсунбек Акун: Акыйкатчы институту мындан бир ай мурун мониторинг жүргүзүү үчүн атайын топ түзгөн. Азыр жүздөн ашуун өкүлүбүз өлкөнүн бардык жеринде байкоо жүргүзүп жатат. Азыр эле бардык облустардагы өкүлдөр менен сүйлөшүп чыктым. Эл аябай активдүү добуш берүүдө. Референдумга караганда эл эки эсе көп. Жалпы жонунан элдин пикири жакшы.

- Нарында мыйзам бузуу катталганы тууралуу маалымат бар.

Турсунбек Акун: Ооба, мыйзам бузуу катталды. 1052-шайлоо жайында. Саат 9дан 20 мүнөт өткөндөн 9 жарымга чейин шайлоо жайы жабылды. Анткени аларда бюллетендер саналган эмес экен. Негизи эртең мененки саат сегизге чейин эсептелиш керек болчу. Бул иш боюнча акт түзүп койдук. Бул боюнча президенттин администрациясына билдирдим. Ал эми Нарындагы ал участок ачылып, азыр добуш берүү мыйзам чегинде уланып жатат.

- Мындан сырткары башка жерлерде мыйзам бузуулар катталган жокпу?

Турсунбек Акун: Кээ бир жерлерде адамдардын тартыштыгынан улам бир эле адам бюллетенди каттап да, шайлоочуларга таркатып да жатат. Бул көрүнүш туура эмес. Бул иш эки башка адамдын милдети.

Айрым жерлерде болсо шайлоо комиссиясы болгону тогуз экен. Жетишпей жатышат. Ал эми элдин агымы көп. Мындан сырткары бардык партиялардын өкүлчүлүктөрү менен иштеше албасак да 10-15 партия менен маалымат алышып, иштешип жатабыз.

- Белгилүү болгондой кээ бир партиялар кошумча добуш саноо жүргүзүп жатышат. Бул канчалык деңгээлде пайда алып келет?

Турсунбек Акун: Мунун эч кандай зыяны жок. Менимче кайра БШКнын ишин жеңилдетип, көзөмөлдү күчөтөт.

- Кошумча тизмеге көңүл буруп жатасыздарбы?

Турсунбек Акун: Буга чейин туура эмес түшүнүк тараган. Эгер тиркеме талондон элүү берилсе, аны кээ бир партиялар өзүнүн гана кишилерине таркатат экен деген. Мен атайын участокторду кыдырып чыктым, ар бир участокко элүү төрттөн берилиптир. Эч кандай партияларга берилген эмес. Айрым жерлерде беш-алтыдан элге таркатылган экен. Калганы ошол жерлерде турат. Кээ бир партиялардын бул дооматтары туура эмес болуп чыкты.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG