Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

А.Сариев: Өлкөнүн тагдырына таасир этчү күн


Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев даярдыктар жана добуш берүүнүн жүрүшүндөгү тартиптер туурасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Акылбек Сариев: Бүгүнкү күндө республика боюнча 2289, чет мамлекеттерде 44 шайлоо түйүнү иштейт. Шайлоонун жүрүшүнө көз салуу үчүн эл аралык 32 уюмдан же 52 мамлекеттен 850 байкоочу катталды. Кыргызстандын тарыхында бул эң жогорку көрсөткүч. Эл аралык байкоочулардын көп болушу биздин мамлекет дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп жатканын айгинелеп турат.

- Ош шаарынын шайлоочуларына бюллетендер жетишпей жатканы кабарланды эле, бул маселе кандай чечилди?

Акылбек Сариев: Бул жерден туура айта кетиш керек. Биздин шайлоочулар бюлеттендер жоголуп кеткен деп түшүнүп жаткан экен. Андай эмес. Негизинен шаардык комиссия бизге билдиргенде аскерий бөлүктөрдүн санын эсепке албай калыптыр. Комиссия сураган бюллетендер толугу менен жеткирилген. Бирок 2-2,5 миң бюллетен деп айтып жатышат. 0,5 пайыздык босогонун арты менен аны толуктаса болот. Бизде бюллетен жоголгон жок. Тек гана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жаңы болгондуктан тажрыйба алганга убакыт жетишпей калды. Ошол себептен гана болду.

- Демек бул маселе чечилдиби?

Акылбек Сариев: Бул маселе чечилет. Бирок жоголуп кетти дегенден алыс болуш керек. Убагында бизге бул сан берилбей калган. Азыр алар мойнуна алып жатышат. Аны туура түшүнүш керек. Шайлоо комиссиясы да жаңы түзүлгөн, тажрыйба алуу деле оңой эмес.

- Орусиянын Челябинск аймагына миңге жетпеген шайлоочуга беш миң бюллетен жеткирилгендиги тууралуу маалыматтар айтылууда. Анын канчалык чындыгы бар? Ошол эле референдумда бул аймакка 160 бюлеттен берилген экен.

Акылбек Сариев: Ар кандай кептер жүрө берет. Бул жерде биз Тышкы иштер министрлиги канча бюллетен керек десе, ошону толук бердик. Балким адаштырып же биринчи Челябинскке жеткирип, андан ары башка аймактарга жеткирем десе аны башкача ойлобош керек. Ушул күнгө чейин тынчтыкта келгенден кийин ар кандай кептен алыс болуп, бүгүнкү күндө шайлоону тынч өткөрүп, 2-3 күндө жыйынтыгын чыгарышыбыз керек.

- Айрым партиялар “Шайлоо” системасына атаандаш электрондук система иштей тургандыгын жана катарлаш эсептөө боло турганын айтып чыгышты. Бул канчалык негизде мыйзамдуу?

Акылбек Сариев: Партиялар эмне кыларын билбейм. Биздин иш-аракеттер жөнүндө сөз кылсак, бизде "ГАС Шайлоо" автоматташтырылган система иштейт. Андан сырткары ар бир добуш берүү участогуна факс жеткирилген, ушуну да байкап көрөлү деп жатабыз. Бул мыйзамга карама-каршы келбейт. Добуш берүү аймактарында факс аркылуу жыйынтык чыгары менен протоколдун көчүрмөсүн жөнөтсө адистер менен текшерип, каталары болсо оңдогонго жардам беребиз деген эле ой.

Экинчиден, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү саноо бүткөндөн кийин кысымга алынбасын, жыйынтыкты районго алып баратканда кимдир бирөөлөр кыйнап, протоколдогу маалыматтарды өзгөртүүгө аракет кылынбасын деген ой менен ушундай жаңылыктарды киргизип жатабыз.

- Ар бир партиянын ушундай аракеттери өз кызыкчылыгына колдонулуп, кырдаалды курчутпайбы?

Акылбек Сариев: Андайды айта берсек боло берет. Менимче бардыгы эле түшүнүп турат, Кыргызстанда кырдаалдын курчушунун кереги жок. Бүгүн өлкөнүн тагдырына таасир этчү күн. Кыргызстандын тагдыры ар бир жарандын тагдыры десек болот. Ошого байланыштуу баарыбыз ушуга чейин чыдагандан кийин бүгүн, эртең, бүрсүгүнү ар кандай чагымчыл күчтөрдүн аракетине кошулуп кетпей, аксакалдар жаштарды, апалар кыз-келиндерди токтотуп, акылын айтып, бүгүнкү күндү тынч өткөрүп алсак баарыбыздын келечегибизге эле пайда болот.

- Шайлоо жыйынтыктарын шайлоо бүткөндөн кийин канча убакыттан кийин жарыя кыла аласыздар?

Акылбек Сариев: Практика боюнча болжол менен эки-үч күндө жыйынтык чыгып калчу. Мында деле ошондой мөөнөттө бүтөт болуш керек. Бирок азыр 29 партия болгондуктан ар биринин өкүлү болот, жыйынтык чыгып жатканда убакытты созуп коюшу мүмкүн. Анткени ар бир партиянын өкүлү өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жакшылап текшерип, тактагысы келет. Ошол себептен гана бир аз узарып кетпесе, анан чыр болбосо ошол эле мөөнөттө жыйынтык чыгарылат.

XS
SM
MD
LG