Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Динара Ошурахунова: Бийлик шайлоого көп кийлигишип жатат


“Менин тандоомдун мезгили” аттуу жергиликтүү байкоочулар биримдиги бүгүн президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнүктүгүндөгү жүргүзгөн байкоолор боюнча отчётун жарыялашты. Аталган биримдиктин лидерлеринин бири, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова бардык жерде шайлоо иштерине административдик ресурс абдан көп кийлигишип жатканын “Азаттыкка” айтып берди.

- Шайлоо алдындагы үгүт игштерине мүнөздүү кандай оң-терс көрүнүштөрдү айта аласыздар?

-Эми оң жагын айтып кетсем, бул биздин элдин кичине ошол активдүү катышканы. Бул деген абдан керектүү шайлоо болуп атат, ошон үчүн катышыш керек. Калган жактарын айтып кетсек, баягы эле биздин эски административдик ресурс колдонгон эле шайлоо болуп атат. Мурдакы шайлоолорго салыштырмалуу азыркы шайлоодо көбүнчө административдик ресурс абдан көп кийлигишип атат.

Баардык шайлоо процессине административдик ресурс аралашып, шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнө кийлигишип атат. Азыркы учурда шайлоо комиссиясында 50% ашык бүт баягыл эле муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер. Көбүнчөсү азыр убактылуу иштебеген адамдар деп көргөзүлүп атат.

Экинчиден, ар бир шайлоо комиссиясынын курамында “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү бар. Башка оппозициялык партиянын адамдары азыраак. Оппозициялык партиянын бир топ мүчөлөрү кысымга алынып, шайлоо комиссияларынан чыгып кетишти. Мисалы, Көлдөн шайлоо комиссияларына мүчө болуп кирген социал-демократтардын 144 мүчөсүнүн ичинен 48 чыгып кетти. Ушундай учурлар башка региондордо да болуп атат.

-Динара мына өзүңүз дагы четин белгилеп кеттиңиз административдик ресурс деп. Азыр Курманбек Бакиевдин, Нурлан Мотуевдин штабдарын эске албаганда калган талапкерлерде дээрлик кысымдар, коркутуулар, тоскоолдуктар көп жүрүп жатат деген байкоолорун абдан көп айтып атышат. Ушул кысымдар, коркутуулар боюнча кандайдыр бир мыйзам чегинде далилдене турган фактыларды таба алдыңыздарбы?

-Эми алардын баары тең эле көрүнүп, билинип турат. Мисалы Ленин райондук соту “Ата-Мекендин” агитаторлорун кармап кетишти. Биз ошол боюнча деген мурда эле агиткомпания баштала электе БШК кайрылып сураганбыз. БШКдан баарын мыйзам чегинде жазайбыз дешкен. Бирок биз азыр көрүп атабыз, БШК эч нерсе жасаган жок. Ошол адамдар кармалып кетип атат.

Мисалы, Таш-Көмүрдө үгүт жүргүзүп жүргөн Темир Сариевди бир мугалимдин үйүнө түнөп кетейин деп келген жеринен, ошол мугалимге бүт коопсуздук кызматы, аким, милиция бүт чалып чакыртып атып, ошол талапкер кечки саат ондордо чыгып кетүүгө мажбур болгон.

-Сиздер даярдаган отчётту расмий жалпы таратуу качан болот?

- Биздин биринчи отчётубузду бергенде пресс- конференциябызды көргөзбөй коюшту. Ошон үчүн биз өзүбүз таратабыз баардыгын.

-Канча байкоочу катышат президенттик шайлоого сиздер тараптан?

-Шайлоо күнү 3000 байкоочу 1500 участкада отурушат.

-Анда сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG