Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Шайлоо жыйынтыгын жарыялоо создукту


Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын санап бүтпөй жатат. Ал ортодо шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышууда.

Санак бүтө элек...

Азыр БШК айрым протоколдордун көчүрмөсүн “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системадагы маалыматтарга салыштыруу, айрым талаштуу маселелерди тактоо менен алек.

Ал арада өлкөдө шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу түрдүү нааразылыктар күчөп, каршылаш тараптардын тирешүүлөрү башталды. Мындай кыйчалыш кырдаалда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы да ыктымал, деген пикирлер арбын айтыла баштады.

"7-апрель" кыймылынын өкүлдөрү митингде
Азыр шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышын “Мекен шейиттери” менен “7-апрель” кыймылдары талап кылып жатышат. Алар шайлоодо салыштырмалуу эң көп добуш алган “Ата-Журт” партиясынын тизмесинде мурунку бийликке жакын адамдар көп, деп нааразы болушууда.

“Ата-Журт” партиясы болсо 5 пайыз чек боюнча талашта турган “Бүтүн Кыргызстандын” таламын ачык колдоп чыкты. Аларга шайлоодо жеңген “Ар-Намыс” партиясы да кошулууда.

Бул эки каршылаш тарап бир нече күндөн бери жүздөгөн жактоочуларын көчөгө жыйнап нааразылык акцияларды байма-бай уюштуруп жатат. 19-октябрда Бишкекте аз жерден кагылыша да кете жаздашты.

БШКнын чечими кимдин пайдасына болот?

Кыргыз өкмөтүнүн атын атабаган мартабалуу өкүлү “Азаттыкка” парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 1-2 күндүн аралыгында чыгып калышы ыктымал, деп айтты.

Ал эми БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова “Азаттыкка” айрым протоколдорду тактап салыштыруу иштери бүтө электигин, ошондуктан добуш берүүнүн жыйынтыгы качан жарыяланары белгисиз экенин билдирди:

- Азырынча эч кандай жыйынттыкка келе элекпиз. Азыр иштер болуп жатат. Партиялар протоколдорду алып келишти. Эми анын баарын изилдеп-иликтеп чыгышыбыз керек.

Өлкөнүн Шайлоо кодексине ылайык, парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча күн чектелген эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова Кодексте эгерде шайлоо участкаларынын үчтөн биринде добуш берүүнүн жыйынтыгы туура эмес болсо, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылат деген жобо бар экенин айтты. Ошондой эле жокко чыгаруу чечимин сот жана шайлоо комиссияларынын жогорку органдары да чыгара аларын кошумчалады.

Президент партия лидерлери менен жолукту

19-октябрда шайлоодо жеңген төрт партиянын - “Ата-Мекен”, “Ата-Журт”, “Ар-Намыс” жана “Республика” партияларынын лидерлери президент Роза Отунбаева менен жолугушту. Президенттин маалымат-катчысы Султан Каназаров “Азаттыкка” анда “Бүтүн Кыргызстандын” да маселеси көтөрүлдү деп билдирди:

- Мына ушул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы азыр шайлоочулардын тизмесин тактап жатканын айтты. Негизги жана кошумча тизмелерди салыштырып, эки жолу кайталанган фамилияларды алып салуу процедурасы жүрүп жатканын билдирди. Андан кийин БШК жүргүзө турган экинчи кадам - саясий партиялар жана шайлоого байкоо жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын байкоочулары алып келген протоколдордун түп нускаларын салыштыруу жана мамлекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасындагы маалыматтарды салыштыруу. Анан үчүнчү кадам, мыйзам болду деген күмөндүү шайлоо участкалардын маселесин карап чыгуу.

Жогорку Кеңештин мурунку спикери Мукар Чолпонбаев
“Азаттыкка” БШК нааразыланган тараптын талабы менен баардык шайлоо участкаларда добуштарды саноону чечсе, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып калышы ыктымалдыгын айтты:

- Эгерде мындай учурда БШК жокко чыгарбай кое турган болсо “Бүтүн Кыргызстан” баары бир сотко берүүгө аргасыз болот. Мына ошондо соттун жыйынтыгы менен деле шайлоонын жыйынтыгы жокко чыгып калышы мүмкүн. “Ата-Журт”, “Ар-Намыс” жана “Республиканын” бийликке келишине көпчүлүк эл нааразы. Алар “биз көпчүлүктүн добушун алып уттук”, деп айтышы мүмкүн. Эми алар көп деле мактан беришпесин да. Мисалы, эң мыкты деген “Ата-Журт” 8,8 пайыз добуш алды. Ал элдин тагдырын чече албайт. 8 пайыз алган “Ар-Намыс” де чече албайт. Эл аларга ишенбей шайлоого барбай койгонун баары сөзсүз түрдө эске алышы керек.

Бийлик эмнени күтүп жатат?

Талдоочу Кубан Абдымен
эгерде шайлоонун жыйынтыгы өзгөрбөй парламент азыркы абалындай беш партиядан куралса абал мындан да курчуп кетиши ыктымал экенин эскертти:

- Ошол себептен БШК да, кыргыз бийликтери да эң жагымдуу чечим кандай болушу керек деген суроонун үстүндө баштарын оорутуп, эмне кылышты билишпей көп нерселерди күтүп атышат.

“Ата-Журт” жана “Ар-Намыс” партиялар 18-октябрда биринин арты бири президентке кайрылуу жолдошкон эле. Анда эки партия тең шайлоонун жыйынтыгын тааныганы айтылат. “Бүтүн Кыргызстан” партиясына байланыштуу маселени чечүүдө президенттен кийлигишүүнү өтүнүшкөн.

Президент 19-октябрда шайлоодо жеңген төрт партиянын лидерлери менен жолугушуп, ар кандай кыйчалыш-кыйынчылыктарга карабай шайлоо өткөнүн, эми анын жыйынтыгы үчүн баары жоопкерчиликте экенин айтты. Өлкөнүн ички саясий кырдаалын курчуткан акциялардан кармануу керектигин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG