Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

“Ата Журт” партиясынын үгүт баракчалары өрттөлдү


"Ата Журт" партиясынын кеңсесинин алдындагы нааразылык, Бишкек, 6-окятбрь.
"Ата Журт" партиясынын кеңсесинин алдындагы нааразылык, Бишкек, 6-окятбрь.

Шаршембиде нааразылыкка чыккан "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдарынын өкүлдөрү кечке жуук "Ата Журттун" кеңсесине кирип барышты.

Апрель ыңкылабында мерт болгондордун жакындары жана бул окуяда жапа чеккендер тарабынан түзүлгөн “Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү бүгүн борбордук эски аянтка нааразылык акциясына чыгышкан эле. Алар "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин мурунку президент Курманбек Бакиевди алып келүү демилгесине каршылык билдирген.
Партиянын үгүт баракчалары өрттөлүүдө.

Кечке жуук аталган кыймылдын өкүлдөрү партия кеңсеси жайгашкан имаратка келишип, түз эле бул партияга тиешелүү бөлмөлөргө кирип кетишти. Алар кеңсе ичиндеги үгүт барактарын, партиянын желегин сыртка ыргытышып, имарат алдына түшкөн кагаздарга өрт коюшту.

Окуя болгон жерге жетип келген милиция өкүлдөрү кырдаалга көз салып турушту. Өрт өчүргүчтөр болсо бир саатка жетпеген убакытта имарат алдындагы өрттү өчүрүүгө жетишти.

Кийинчерээк бул жерге партия лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев келип, нааразы топ менен жолугушту. Чогулгандар партия төрагасы Камчыбек Ташиевдин алардын алдына келип жооп берүүсүн талап кылышты. Бирок бул учурда Камчыбек Ташиев Бишкекте эмес экени айтылды. Ошондон кийин, кечки саат жети жарымдарда митингчилер тарап кетишти.

"Ата Журт" партиясына нааразылык
Окуя болгон жерден кабарчыбыздын маалымдашынча, нааразы топтун өкүлдөрү 30 чакты болуп, жалпысынан бул жерге чогулгандардын саны 200 кишиге жетти.

Буга чейин Камчыбек Ташиевдики делген үн, кийинчерээк видео тасма Интернетке жарыяланып кеткен эле. Анда партия лидери өлкө түштүгүндөгү кайсы бир жолугушууда мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөгөнү көрсөтүлгөн.

"Ата Журт" партиясына нааразылык
Партия лидерлеринин бири Садыр Жапаровдун бүгүнкү окуядан кийин “Азаттыкка” билдиришинче, тасмада айтылган сөздөр монтаждалган жана партия лидерлери бул боюнча эртең билдирүү жасамакчы. Садыр Жапаров ошондой эле бүгүнкү окуяда кеңсе буюмдары, компьютердик жабдыктар жапа чекпегенин кошумчалады.

Ушул эле күнү Башкы прокуратура “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдики делген үн, видеотасмаларга байланышкан факт боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланды. Анда кылмыш иши Кылмыш кодексинин 299-беренесине ылайык, аймактар аралык касташууну көкүткөн деген негизде козголгону айтылат.

Партия лидерлери эртең бул окуялар боюнча маалымат жыйынын өткөрмөкчү.


"Ата Журт" партиясынын кеңсесиндеги ызы-чуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

XS
SM
MD
LG