Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Ош: Жаштар аянтчасында «Добушумду уурдаба» акциясы өтөт


«Добушумду уурдаба» акциясынын демилгечилери А. Исаев жана Б. Калмаматов
«Добушумду уурдаба» акциясынын демилгечилери А. Исаев жана Б. Калмаматов

Президенттик шайлоонун таза өтөөрүнө ишенбеген Ош шаарынын бир катар активист жаштары 23-июль күнү шаардагы 82 шайлоо участогун «Жаштар аянтчасы» деп жарыялашты. Демилгечилер бул күнү шаар жаштарын кечки саат алтыдан тарта шайлоо участокторго топтолууга чакырып, комиссия мүчөлөрүнөн «элдин добушун бурмалообону» талап кылышат.

Келаткан президенттик шайлоодо элдин добушу сөзсүз бурмаланат деп тынчсызданган оппозициялык партиялардын жаштары бул жолу жаштарды өз добуштарын коргоп калууга үндөп чыгышты. Демилгечилердин бири «Ата-Мекен» партиясынын жаш лидери Бакыт Калмаматов, бул үчүн 23-июль күнү жүздөгөн шаар жаштары шайлоо участокторуна топтолушаарын айтты:

-23-июль күнү шаардагы 82 участокту «Жаштар аянтчасы» деп жарыяладык. Келечеке кайдыгер карабаган жаштардын баарын ошол күнү добуштарды коргоп калууга чакырабыз. Атамбаев айткандай, келгиле бул жолу добушту эл өзүбүз санайлы.

Калмаматовдун айтымында, учурда «Ата-мекен» партиясынын жаштары 23-июль күнү өтчү шайлоо кыргыз эли үчүн өтө маанилүү тандоо экенин жаштарга түшүндүрүп, аларды кайдыгер болбоого чакырышууда.

-Бийлике ак жүрөк адам келеби же мыйзамды сыйлабаган, зордук зомбулукту принцип туткан адам келеби? Кыргызстанда демократия болобу, сөз эркиндиги болобу же анын баарынан кол жууйбузбу? Бул шайлоо кыргыз элинин тагдыры үчүн өтө маанилүү. Бакиев бул шайлоодо дагы президент болот. Бирок кандай жол менен шайланып жатат, кантип ага абийири чыдайт.

Деген менен жаштардын таза шайлоо өтпөйт деп билдирүү жасап, түрдүүчө акцияларды өткөрүү камылгасын шаардык шайлоо комиссиясынын жетекчилиги мыйзамсыз аракет деп баалап, шайлоо комиссиясынын курамын түзүүдө жаштардын кайдыгерлигин айыптады. Шайлоо комиссиясынын Ош шаардык төрагасы Мухтар Пайзылдаев:

-Комиссиянын курамын түзүүдө отуз жашка чейинки жаштар эки пайызды да түзгөн жок. Каалоочулар жок. Ошол нааразы болгон жаштар эмне үчүн ошондо келип комиссиянын курамына кошулууну суранышпайт. Алардын добушту кошо эсептөөгө укугу жок.

Мындай ойду кубаттаган бийликчил «Ак жол» партиясынын жаштары дагы, бийлике нааразы жаштардын тобунун «Жаштар аянтчасы» аталыштагы иш-чарасы колдоо таппайт деп билдирип жатышат. Партия мүчөсү Абдувасит Гапаров, Ош жаштарынын басымдуу бөлүгү К. Бакиевдин талапкерлигин жактап жатышканын айтат:

-Курманбек Салиевичтин платформасын биз колдоп жатабыз. Буга чейин жаштар жаатында көп иш жасады. Эл оозунда элек жок дейт, ар ким ар нерсени айта беришет.

Бирок «Ата-мекен» партиясынын «Жаштар аянтчасы» акциясын президенттике талапкер Алмазбек Атамбаевди жактаган жаштар да колдой тургандыктарын билдиришти. Алар, бул жолу да парламенттик шайлоодогудай добуштар уурдалса, шайлоодон кийинки оппозициянын нааразычылык акцияларына жаштардын жоон тобу да кошулаарын билдиришти. Жаш социал-демократ Айбек Исаев буларга токтолду:

-Биз, албетте, эртенки келечегибиз үчүн күрөшүшүбүз керек. Алмаз Атамбаев айткандай, биз дагы добушубузду коргоого чыккан жүз адамдын катарында болобуз.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG