Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Ош: Үгүт иштеринде «Бакиев гана!»


А. Атамбаевдин Ош шаарындагы чала сыйрылып, айрылган үгүт плакаты
А. Атамбаевдин Ош шаарындагы чала сыйрылып, айрылган үгүт плакаты

Президенттике талапкер Алмазбек Атамбаевдин Ош шаарына илинген үгүт баракчаларынын дээрлик сексен пайызы, тактап айтканда тогуз миңден ашуун плакаттары сыйрылып жок кылынды. Талапкердин Оштогу өкүлдөрүнүн айтымында, бийлик келаткан шайлоодо негизги атаандаш катары Атамбаевден чочулап, шайлоочуларга анын программасын жеткирбөөгө аракет кылып жатышат.

Алыскы Алай районунан келген Рабия айым, айылдарда талапкерлердин үгүт баракчалары илинбеген менен, телеканалдардан Курманбек Бакиевдин гана үгүт жарыяларын тынымсыз көрүп турушаарын айтууда. Кечээ эле шаарга келген бул айым, бул жакта деле «Бакиев накта президент» деген көрнөк-жарнактарды каадам сайын учуратып, башка талапкерлердин жарыялары көзгө илинбейт дейт:

-Шаарга мейманчылап келгем. Бул жакта деле жалаң Бакиевдин жарнактарын көрөт экенсиң. Негедир Атамбаевдин үгүт кагаздарын көргөн жокмун. Балким солгун иштеп жаткан чыгаар.

Бирок оппозиция талапкери Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабынын өкүлдөрү, талапкерге теледен убакыт аз бөлүнүп, жалаң гана аны каралаган материалдар көрсөтүлүп жаткан үчүн, талапкердин программасы жарыяланган гезиттерди үзгүлтүксүз таратып турушканын айтышат. Андан сырткары Атамбаевдин сүрөтү тартылган плакаттар кенири илингенине карабай, аларды кимдир бирөөлөр үзгүлтүксүз сыйрып жок кылышууда.

Буга чейин 12 миң үгүт баракчасын илсек, анын тогуз миңден ашууну тез эле жок кылынды дейт Атамбаевдин Оштогу штаб жетекчиси Алымбай Кадыров:

-Баракчаларды жабыштырабыз, эртеси ордунан таппай калабыз. Күндүзү илсек, кечинде жок. Башыбыз катып бүттү. Элдердин айтуусунда, кимдир-бирөөлөр артында туруп алып, жаш балдарды жулдуруп атышыптыр. Атаандаштар же жергиликтүү бийлик жасашы мүмкүн. Бир гана Атамбаевге ушундай мамиле жасалууда.

«Азаттык» ушул эле маселенин тегерегинде шаар тургундарына сурамжылоо жүргүгзүп, кайсыл талапкердин үгүт-чакырыгына күбө болуудасыз деп сураган:

Калыбек, айдоочу: -Телевизордон баарын эле берип атат дейт, бирок мен Атамбаевдин жарыясын анча көралбай жатам. Көчөлөрдө сүрөттөрү турат, бирок баары эле айрылып, жыртылып калыптыр.

Ашыргүл, тигүүчү: -Көчөлөрдө студенттер Бакиев деп кыйкырып жүрүшөт. Андан башка эч нерсе көргөн жокмун.

Аскат:-Назаралиевдин жүз миң сом берем деген жарыясын окудум. /мөталиеванын бир жарыясын көрдүм. Атамбаевдин сүрөттөрүн да көп эле жерден көрдүм. А Бакиевдин жарыясын магазинден, ишканалардан, маршруткадан, күөчөдөн бардык жерде эле турбайбы.

Ошол эле имараттарга оппозициянын талапкеринин жарнактарын илдирүүгө алар уруксат беришпейт дешет атамбаевчилер. Ал тургай, бир нече күн мурда Атамбаевдин шайлоо алдындагы программасы жарыяланган гезиттерди таркатып жүргөн партиянын жаштарына да укук коргоо кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп, аларга катуу эскертүү берилгени айтылган. Андан көп өтпөй Ош облустук ардагерлер кенешинин төрагасы Мырзалы Абдрахманов, эки кабат үйүн Атамбаевдин штабына ижарага бере коюп, эртеси кызматынан четтетилген.

Жергиликтүү бийликтин шайлоого чейинки эле мындай иш-аракеттерине, бут тосууларына кабылган жергиликтүү оппозиция өкүлдөрү «Президенттик шайлоо таза өтпөйт» деп билдиришүүдө. Бирок буга «акжолчулар» макул эмес:

Шайлоо адилеттүү өтөт. Эркин фонддор менен биригип социологиялык иликтөө жүргүзгөнүбүздө 30 адамдын 27си Бакиевди шайлайбыз деп айтышкан”,-деди «Ак Жол» партиясынын өкүлү Руслан Ташанов.

Жергиликтүү коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, азыркы президент Курманбек Бакиев дагы бир мөөнөткө шайлануу үчүн түрдүүчө ыкмаларды колдонуп, оппозицияны каралоого өзгөчө басым жасоодо деген пикирде:

-Талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөдү. «Албетте Бакиев» деген гана жарнактар. Бакиев Мотуевди дагы талапкер кылып алып чыгып, оппозицияга каршы тукурууда. Бакиевдин Мотуевге күнү түшүп калыптыр, бул өтө уят иш.

Ошентип азыркы бийликти сынга алган талапкерлердин эл менен жолугушуусуна гана эмес, алардын үгүт баракчаларынын көчөлөргө илинишине да чоң тоскоолдуктар жаралууда. Азыр түштүк борборунун көчөлөрүнүн айрым гана жерлеринде талапкерлер Ж. Назаралиев менен Т. Үмөталиеванын үгүт жарнактарын көрүүгө болот.

Ал эми мекеме ишканаларда, чоң соода түйүндөрдө кыпкызыл баракчада жөн гана «БАКИЕВ» деген жазууну каадам сайын кезиктирүүгө болот. Булардын катарында күн сайын айрылып, кайра илинип турган Атамбаевдин «Бириксек колдон келет» деген үгүт плакаттары да бар.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG