Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Шайлоо: Убада, убада жана убада


Серепчилер президенттикке талапкерлердин программасында жаштар саясаты багытында алгылыктуу ой-сунуш айтылбай жаткандыгын белгилешүүдө. Талапкерлер болсо жаштар үчүн чоң камкордук көрүшөөрүн убада кылышууда.

Кыргыз коомчулугуна көнүмүш болуп калгандай ар дайым айтылып келчү «Жаштар биздин келечегибиз, эртенибиз» деген сыяктуу ураан, убадалар бул шайлоонун алдында да байма-бай айтылууда. Үгүт иштеринде өзгөчө жаштар темасына азыркы президент Курманбек Бакиев көбүрөөк токтолуп, келаткан жылы казынадан жаштарга элүү миллион сом каражат бөлөөрүн жана мамлекеттик кызматка жаштарды дайындап жатканын жооп кылууда:

- Биз жаштарды чоң кызматтарга тартып жатабыз, министрлердин орун басарларынан тартып, жетекчилик кызматтарга да коюп жатабыз. Биз иш жүзүндө көңүл буруудабыз. Бирок жаштар өзүңөр мындан да активдүү болушуңар керек.

Ал эми талапкер айым Токтайым Үмөталиева Оштун эли менен болгон жолугушуусунда, өзгөчө түштүк аймагындагы миграция толкунуна жаштар тушугуп жатканына кабатырланды. Үмөталиева президент болуп калса, жаштарды бөтөн жерде эмес, өз мекенинде эле иштөөгө шарт түзөөрүн айтты:

- Канча миңдеген жаштарыбыз четке карай агылып жатат. Төрөй турган келиндерибиз, элдин санын көбөйтө турган энелерибиз сыртта жүрөт. Азыр улуттук генефондду сактоо маселеси эң олуттуу болуп турат. Жаштарыбызды Кыргызстанга кайтып келишин карашыбыз керек.

Ошону менен катар эле социал-демократ Алмазбек Атамбаев президенттик тактыга отураар менен бийликтин бардык структураларынын жетекчилерин отуз пайыз жаштар түзөөрүнө сөз берди. Атамбаев менен жолугушууга келген студенттер «Бакиевди колдойсун» деп окуу жай жетекчилери коркутуп жатканын даттанышты эле, талапкер үй-бүлөлүк бийликти кулатууга жаштарды да жигердүү катышууга үндөдү:

- Жаш деген жалын болуш керек, өрт болуш керек! Бул бийликтен коркпогула, эч нерседен коркпогула. Биз чакан өлкөбүз. Элибиздин жакыр жашаганы уят. Ошон үчүн аттанып атам, мага кызмат керек эмес, элим керек!

Деген менен жаштардын калың катмары талапкерлердин түрдүүчө убадаларына анчалык деле ишеним артышпаганы байкалат. 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин Курманбек Бакиевдин бийлигине катуу үмүттөнгөн Азиз, азыр эч бир талапкерге ишеним артпай турат.

- Мен чоң өзгөрүү күтпөйм, ишенбейм дагы. Президент болот, митинг болот, жакшы иштерди үмүт кылбай деле калдым. Убада берип атышат, бирок анысы аткарылбайт да.

Кумар, Алай районунан:

-Кийинки президент айыл жаштарына көнүл бурса. Айылда интернет деген жок, гезиттер барбайт, маалымат жок жаштарда. Жумуш жок баары бекер. Спорттук залдар да жок.

Жаштардын да, серепчилердин да пикиринде, бул шайлоодо жаштар саясаты жаатында бардык эле талапкерлер олуттуу программа сунуштай алышкан жок. Бирок талапкерлер жаштардын бардык маселелерин чечип берүүгө ишенимдүү убада беришүүдө. Талдоочулардын пикиринде, аткарылбаган убадаларга жаштардын ишеними эбак өчүп, келаткан шайлоодо жаштардын жоон тобу шайлоого келип добуш бериши да күмөн.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG