Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Ош: Эс алууга чыкпаган студенттер К. Бакиевди колдоого мажбур


Ошто президент Курманбек Бакиевди колдоо үчүн атайын «Жаш демилгечилер» тобу түзүлдү. Топтун курамына мамлекеттик мекемелерде иштеген жаштар жана жогорку окуу жайлардын студенттери киргизилди. Эми аталган демилгечи топтун жаштары, үгүт иштери токтогончо көчөлөрдү кыдырып, жаштарды талапкер Бакиевге добуш берүүгө үндөшөт. Жергиликтүү серепчилер бул жолку шайлоо өнөктүгүндө бийлик органдары азыркы президентке көз көрүнө үгүт жүргүзүп, шайлоо кодексинин мыйзамдары одоно бузулуп, административдик күч ачык пайдаланылып жатканын белгилешүүдө.

Ушул тапта коомчулуктун көңүл чордонунда болгон президенттике талапкерлердин эл менен жолугушуусунда, үгүт иштеринде Ош шаарынын жаштары жигердүү аралашып жатканы байкалат. Оппозициянын бирдиктүү талапкеринин шаар калкы менен болгон жолугушуусунун да дээрлик жетимиш пайызын жаштар түзүп, алар шайлоодо «Атамбаев утат» ураанын көтөрүшкөн. Андан көп өтпөй студенттер жана бийлик органдарында иштеген жаштар биригип К. Бакиевди колдоо үчүн «демилгечи топ» түзүштү.

Аталган топтун өкүлү Абдувасит Гапаров демилгечи топту шаар бийлигинде иштеген жаш кызматкерлер түптөгөн менен студенттерди мажбурлоо болбойт деп ишендирди:

- Туура, демилгечи топто шаар мэриясында иштегендер бар. Бирок алар админстративдик күч колдонушкан жок. Мен бул топко өз каалоом менен эле келдим. Башка студенттерди коркутуп, мажбурлоо болбойт.

Бакиевди сүрөөнгө алчу жаш демилгечилер 6-июль күнү жыйын куруп, жаштарды кантип азыркы президентке ынандыруунун жолдорун талкуулашты.

Президенттик шайлоого чейин окумай болгон Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Акмат учурда окуу процесси токтоп эле, студенттер жалаң шайлоого байланышкан жыйындарга катышып жүрүшкөнүн айтат:

- Бул жыйынга «Акжол» партиясынын чакыруусу менен келдик. Ректораттан барып катышкыла деп досума айтыптыр. Азыр биздин университетте окуу деле болбой, ушундай жыйындарга катышып жүрөбүз.

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев, өлкөнүн бардык аймагында административдик күч азыркы президент К. Бакиевдин пайдасына иштеп, Шайлоо кодексинин мыйзамдары көзгө илинбей жатканын белгиледи. Анын пикиринде, жыл сайын бул убакта эс алууга таркачу студенттер быйыл минтип окуусу узарып, аргасыз Бакиевге үгүт жүргүзүүгө мажбур болушууда.

- Мэрияда иштеген жаштар демилгечи топ түзүп, Шайлоо кодексинин мыйзамдарын одоно тепселеп жатышат. Бакиев үчүн колунан келишинче кошоматчылык көрсөтүп жатышат. Студенттер окуусу менен, экзамендери менен алек болуш керек, алардын укугун бузуп, Бакиев деген жазуусу бар футболка, баш кийимдерди кийгизип жатышат.

Келдибаев белгилегендей эле оппозициячыл жаштар дагы бул жолку шайлоо өнөктүгүндө жаштардын, өзгөчө студенттердин укугу одоно бузулуп жатканына даттанып келишет. Жаш социал-демократ Айбек Исаев оппозициянын жыйындарына катышкан студенттерди окуу жай жетекчилери окуудан четтетебиз деп коркуткан фактылар толтура дейт:

- Соцал-демократтар партиясына мүчө болгон бир студент кыз ыйлап келди. Аны деканы окуу жай жетекчилерине ээрчитип кирип, окуудан айдатабыз деп коркутушуптур.

Бирок оппозициянын мындай дооматтарын шаар бийлиги жана укук коргоо органдары ар дайым четке кагып, эч кандай кысымдар болбогонун айтып келишет. Ал эми Бакиевди жактаган студенттер өздөрү «Бакивди колдоо» максатында уюштурулган иш-чараларга алар сабактардан да бошотулаарын айтышат. Ушундан улам шайлоонун адилет өтөөрүнө ишеним артышпаган оппозиция жаштары, шайлоодон кийин бирдиктүү оппозиция нааразычылык акцияларын уюштурса кошулууга даяр экендиктерин эмитен билдиришүүдө.

Эске сала кетсек, талапкер Алмазбек Атамбаев шайлоо адилет өтпөсө 24-июль күнү Ак үй алдына жүз миңден ашуун адамды нааразычылык акциясына алып чыгаарын билдирген.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG