Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Эмил Алиев: Сотко ишеним жок


Бишкек гарнизондук соту 11-январда мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Буга байланыштуу “Азаттыкка” “Ар-намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев маек курду.

- Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды. Сиздин оюңузча, ага коюлган айыптар канчалык негиздүү?

Эмил Алиев: Бул системаны башынан эле адилетсиз, же болбосо туура эмес иштейт деп биздин айтканга укугубуз бар. Өзүбүздүн тажрыйбабыздан алганда эле биринчи саясий туткундарды соттогондо эле Феликс Кулов, дагы бир топ “арнамысчыларга” ушундай өкүм чыгарган кезде, биз билебиз, сот системасы өзүнүн билгенин жасайт да, кандай кааласа, ошондой өкүм чыгарып коет.

Биз муну билип турабыз. Ошон үчүн биз башынан эле айтчубуз, мурунку режим кеткенден кийин Феликс Кулов деле, башкалар деле акталган болчу. Эми ошол сот системасы ошо бойдон эле калды, өзгөргөн жок.

Биз бул генерал Исаковду эмес, башкалардын сотторун караганда деле айтканга укугубуз бар - бул системаны түбүнөн өзгөртүш керек. Укуктук системаны Кыргызстандын ичинде кичине жамачудай кылып өзгөртпөй, тергөө системасын, сот системасын - бүт баарын алмаштырып, реформа жасаш керек. Ушуга убакыт жетип калды, бийлик деле өздөрү түшүнүшү керек эле.

Мисалы, жакында Каракол сотунун төрагасын камакка алып коюшту, “силердин өкүмүңөрдү өзгөртүп коем” деп, көз көрүнө акчаларды кайра-кайра эле сурай берет экен. Себеби алардын колунда бар, өздөрү билгендей, каалагандай жасап коет. Бирок баса айтып кое турган нерсе - системаны алмаштырган кезде деле ошол системада иштеген адамдарын алмаштырыш керек. Аларды алмаштырмайын бизде акыбал эч качан алмашпайт. Ал жерде генерал болобу, жөнөкөй адам болобу - бардыгынын укуктары бирдей эле, бардыгынын укуктары тебеленип турат.

- Азыркы бийликтин сот системасын өзгөртүүгө, жаңылоого ниети барбы?

Эмил Алиев: Мен аны айта албайм. Акаев кезинде эле Аксы окуясы боюнча тегерек үстөл болуп атканда айткан болчубуз: реформа өткөрүш керек. Ал реформанын жолдорун программа кылып көрсөтүп бергенбиз. Дагы эле биз ошол ойдо турабыз.

- Исаковдун камалышы кыргыз коомчулугундагы чыңалган абалды курчутуп жибербейби? Бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

Эмил Алиев: Бийликтин жоокерлери ошол системанын жоокерлерине окшогон жоокерлерден болсо, анда сөзсүз жаман абалга алып келет.

- Бүгүн Аликбек Жекшенкуловдун жана Петровкадагы жаңжал боюнча кармалгандардын соту болот. Исаковдун сотунан кийин ошол соттук процесстерге таасири тийбейби?

Эмил Алиев: Бири-бири менен байланышы болобу же болбойбу деп түз айтканга болбойт. Бирок жалпы сот системасына ишенбегенден кийин андай болушу мүмкүн деп айтсак болот.

- Рахмат маегиңизге.

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG