- Шайлообек мырза, Токтогул ГЭСиндеги акыркы абал кандай, агрегаттардын экинчиси оңдолдубу?
- Кечээ күнү таңкы саат 06.03тө үчүнчү агрегат, анан 06.39да экинчи агрегат иштен чыккан. Эми муну авария деп айтууга болбойт, бул техникалык мүчүлүштүк. Бул жерде болгону металлдын эскирип калганынын негизинде ушундай болду.
- 1975-жылы ишке киргизилген ГЭСтин агрегаттары 30 жылдан ашуун иштеп атыптыр. Ал өзү 30 жылдык мөөнөт менен ишке киргизилген турбайбы. Булардын иштен чыгышына эскилиги эле себеп болдубу же жазында суу сактагычта суу аз калганда иштетилгени да кандайдыр таасирин тийгиздиби?
- Албетте, алардын бардыгы таасирлери тийип, катырылган болттору бошоп, анан кийин ошол жерден контакт болбой, ошондон ээрип, ошонун негизинде болуп атат да. Булардын баары эски напор. Бул напор канчалык эски болсо бизде регуляция ошончолук көп болот. Ал таасирин тийгизбей койбойт да.
- Акыбалдан кандай чыктыңар, каражат, жабдык маселеси, алардын жаңысын ордуна коюу канчалык деңгээлде бат чечилди?
- Бул боюнча өзүбүздө резервдер бар болчу, ошол резервдерди койдук. Убакытты алат албетте, мисалы 14 саат үчүнчү агрегатты, 8 саат экинчи агрегатты топтодук. Мунун бардыгы убакыт деп эсептесек болот, муну кыска убакытта топтодук десек болот.
- Эми кырдаал жакшыбы, кыш кычырап кирип келди дегендей, элдин сураганы кечээтен бери эле Токтогул ГЭСиндеги агрегат болуп атат да?
- Кырдаал жакшы эле. Буга биз жыл бою даярданабыз, жыл башталса, биз аркы күнү эле даярданабыз. Ошолордун негизинде деталдарды алсак алып калабыз, албасак сөзсүз керектүү нерселерди алабыз, даярданабыз ага.
- Ал эми эскирген агрегаттарды жаңыртуу боюнча талаптарды коюп атасыздарбы?
- Талаптар бар, концепция түзүлгөн. 2008-жылдан 2015-жылга чейинки графиктери бар качан, кандай алмаштырылышы боюнча. Бирок каржы жагы начар болуп атат, убагында алмаштырылбай, убагында аткарылбай калып жатат. Эми ишенебиз, мындан кийин каражат болуп калса убакыт-убакыт менен алмаштырабыз.
- Маегиңизге рахмат.