Конституциялык өзгөрүүлөргө, энергия, коммуналдык кызмат акыларынын кымбатташына, стратегиялык объекттердин сатылышын жактырбагандардын пикири бийлик башчыларына тапшырылмакчы.
Токтогулда суу толуптурбу?
Энергетиканы этектеген кризис Токтогул көлүндө суунун азайышынан башталганы элдин баарына дайын. Өкмөт башчы Д.Үсөнов топтолгон сууну энергетиктер агызып ийишкенин айтып, жалпы республика калкы үчүн жасалма көлдө канча суу бардыгы чоң жаңылыкка айланып кетишине ошолор күнөөлүү экенин ырастап келатат.
- Баарыбыз суу менен алек болуп калдык. Ушуга ким алып келди, урматтуу энергетиктер? Ушуга силер алып келдиңер! Азыр элдин баары, ар бир үйдө Д.Үсөновдун өкмөтүн сөгүп олтурушат. Элге жакпаган ишти жасашыбызды Кудай таала биздин бешенибизге жазган экен. Ошондой чечим кабыл алдык. Бул туура чечим деп ойлойм.
Ошол чечимден кеткен чекилик
Д.Үсөновдун өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдер ансыз да жону жука калкты кандай абалга капталтканын “220 кыймылынын” демилгечилеринин бири Токтайым Үмөталиева конкрет мисалдын негизинде мындайча түшүндүрөт.
- 4 миң сомдун тегереги болот экен бир бөлмө үйдүн жылуулугу жана суусу. Таштанды ташып чыгуу менен муздак суунун кымбатташынан дагы миң сомго жакын акча кошулат экен. Кыймылсыз мүлк салыгы киргенде 2,5 миң сом болот. Ошентип орточо баа менен алганда 1 бөлмө үйгө мамлекет 8 миңдин тегерегинде салык салып жатат.
Алдагыдай кичине үйлөрдө жашаялмет үй-бүлө же кемпир-чал турушат. Алардын орточо айлык кирешеси 5 миңдин тегерегинде. Т. Үмөталиева өкмөттүн акыларды опсуз көтөрүшү элдин көпчүлүгүнө оордук алып келгенин, аларды колдоого бөлүнчү акча чыгымдарды жабууга аздык кыларын белгиледи.
Акча менен суу кайсы тарапка акты экен?
“220 кыймылынын” демилгечилеринин бири Чынара Айтбаева энергетикадагы төрт орчун проблема: жабдуулардын эскириши, электр энергиянын жоготууларынын көптүгү, суунун азайып кетиши, каржылык жетишпестик тармак жетекчилеринин ишти туура уюштура албастыгынан чыкканын белгилеп, 4 жылдын ичинде 12 миллиард кубометр суунун агызылып ийиши эмдигиче табышмак бойдон калып жатканына токтолду. Адистердин эсебинде, энергетика тармагына буга чейин 390 миллион доллар тартылып, мүлкү 386 миллион долларга бааланган.
- 2003-жылы Токтогулда суу аябай көп болгон. Бирок 2004-жылдан баштап 2008-жылга чейин 12 миллиард кубометрге чейин сууну агызып салышкан. Бул проблема суунун аздыгы эмес. Бул гидроресурстарды туура эмес башкаруудан келип чыккан проблема.
Кымбат жарык кыйлага күйөт дейби?
Үчүнчү жылга кетип бараткан энергетикалык кризистен эртерээк чыгуу амалында быйыл өкмөт апрелден тарта жарыкты “жалп” өчүрүүлөрдү токтотууну чечкен. Бирок да Ынтымак курултайы өтүп жаткан чакта көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийген өчүрүүлөр болбосун үчүн жакшы күндү 21-мартка жылдырышкан. Энергетика министрлиги электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө өтүүнү ойлонуп жаткан чакта президент К.Бакиев өчүрүүлөрдү 8-марттан баштап токтотууну өкмөттөн талап кылганы маалымдала баштады. Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат катчысы Татьяна Анкудовичтин айтуусунда, бул маселе 5-мартта өтүүчү өкмөт президиумунда карамлмакчы.
- Бүгүн алар эртерээк жасашты ойлонуп калышыптыр. Бирок так чечим эртең чыгат.
Бишкекте жаңы бала бакчанын ачылышы аземине жакында катышкан президент К.Бакиев энергетикалык компанияларды эларалык адистердин текшерүүсүнөн кийин тарифтер арзандап калышы мүмкүн экендигин билдирген. Анда азыркы бийлик атаандаштары кол топтоого кирише элек болчу.
Токтогулда суу толуптурбу?
Азыр ар бир үйдө Данияр Үсөновдун өкмөтүн сөгүп отурушат...
Д. Үсөнов
Энергетиканы этектеген кризис Токтогул көлүндө суунун азайышынан башталганы элдин баарына дайын. Өкмөт башчы Д.Үсөнов топтолгон сууну энергетиктер агызып ийишкенин айтып, жалпы республика калкы үчүн жасалма көлдө канча суу бардыгы чоң жаңылыкка айланып кетишине ошолор күнөөлүү экенин ырастап келатат.
- Баарыбыз суу менен алек болуп калдык. Ушуга ким алып келди, урматтуу энергетиктер? Ушуга силер алып келдиңер! Азыр элдин баары, ар бир үйдө Д.Үсөновдун өкмөтүн сөгүп олтурушат. Элге жакпаган ишти жасашыбызды Кудай таала биздин бешенибизге жазган экен. Ошондой чечим кабыл алдык. Бул туура чечим деп ойлойм.
Өкмөттүн акыларды опсуз көтөрүшү элдин көпчүлүгүнө оордук алып келүүдө...
Т. Үмөталиева
Ошол чечимден кеткен чекилик
Д.Үсөновдун өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдер ансыз да жону жука калкты кандай абалга капталтканын “220 кыймылынын” демилгечилеринин бири Токтайым Үмөталиева конкрет мисалдын негизинде мындайча түшүндүрөт.
- 4 миң сомдун тегереги болот экен бир бөлмө үйдүн жылуулугу жана суусу. Таштанды ташып чыгуу менен муздак суунун кымбатташынан дагы миң сомго жакын акча кошулат экен. Кыймылсыз мүлк салыгы киргенде 2,5 миң сом болот. Ошентип орточо баа менен алганда 1 бөлмө үйгө мамлекет 8 миңдин тегерегинде салык салып жатат.
Алдагыдай кичине үйлөрдө жашаялмет үй-бүлө же кемпир-чал турушат. Алардын орточо айлык кирешеси 5 миңдин тегерегинде. Т. Үмөталиева өкмөттүн акыларды опсуз көтөрүшү элдин көпчүлүгүнө оордук алып келгенин, аларды колдоого бөлүнчү акча чыгымдарды жабууга аздык кыларын белгиледи.
Акча менен суу кайсы тарапка акты экен?
Энергокризис гидроресурстарды туура эмес башкаруудан келип чыкты.
Ч. Айтбаева