Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Көк-Жаңгакта күрттөрдүн көчүп кетишин талап кылышууда


Көк-Жаңгактагы жыйынга бир топ киши чогулду. 2-февраль 2010-жыл.
Көк-Жаңгактагы жыйынга бир топ киши чогулду. 2-февраль 2010-жыл.

2- февралда Көк-Жаңгак шаарында болгон нааразылык жыйынына катышкандар күрт улутундагы адамдардын апрель айына чейин шаардан чыгып кетүүсүн талап кылышты. Алар 8 жашар кызды зордуктады делип жаткан 21 жаштагы күрт жигитин эл алдында ачык соттоону билдиришти.

Шаардын маданият үйүнүн алдына 300- 400 дөй адам чогулду. Сузак районунун акими Тажимамат Шаболотовдун айтымында, барс жылынын алгачкы айында катталган окуяга байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши менен тааныштыруу максатында Көк- Жаңгак шаарынын тургундары жыйынга чогулду.

Көк-Жаңгак шаарындагы нааразылык митингисине чогулган эл
Ички иштер органдарынан алынган маалыматтарга караганда, 20-январда шаардын 21 жаштагы күрт тургуну мектептен кайтып келаткан сегиз жашар кызды зордуктаган. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү кылмышка шектүү адам кармалгандан кийин анын жакын туугандары башка жакка көчүп кетишкендигин, ал жигит болсо 2007- жылы Көк-Жаңгакка башка жактан көчүп келгендигин айтышты.

Жыйында Абдымат аттуу карыя Көк-Жаңгакта жашаган бардык күрттөргө шаардан чыгып кетүү талабын койду:

- 1967- 68 – жылдары да биздин бир агабызды өлтүрүп кеткен күрттү Казакстанга кетип калды деген шылтоо менен кылмышын пул менен жаап салышкан. Күрттөр Иракта, Иранда, Түркияда азыр эмне кылып жатканын билесиңер. Көк- Жаңгакта жашаган күрттөрдүн аксакалдары, биз силерге айтабыз, апрелге чейин бул жерден кетип калгыла, жакшылыкча! Петровкадагыдан да жаман окуя болуп кетпесин! Мурдагы төрт жарым миң күрттөрдөн бул жерде азыр 30 үй-бүлө эле калды.

Бул окуя тууралу маалыматты шаардын аймагынан тышка чыгарбай, жашырып эле коёлу, деген дагы бир карыяны зордукталган кыздын таенеси кагып салды. Шарбан эне элдин арасынан суурулуп чыгып, анын небересин зордуктады делген жигит мурда да зордуктоо айыбы менен соттолгонун, бирок ал тез арада эле эркиндикке чыгып кеткенин, себеби ага соттор женил жаза чектегенин билдирди:

Ортоңку планда зордукталган кыздын таэнеси.
- Эмнеге ачык сот болбосун дейсиз? Бул иш бар-жокко жарыя болду, эми кимден жашырабыз? Кыз 17де же 15те эмес, ал 8 жашта. Ачык сот болуп, кылмышкерди атып берсин, өлтүрүп берсин! Эмне үчүн эки иш менен камалган киши кайра чыгып келет? Түнү менен мага келип жатышат, өлтүрөбүз, өрттөйбүз дешип. Биз буларды сыйлап, тыйып атабыз. Менин неберемин айынан, биз үчүн кыргыз балдар бөөдө камалып кетпесин деп! Эмне үчүн ала р өз балдарын тыйышпайт? Күрттөрдүн бир кызынын чачына тийип көрчү, булар тытып жеп салышат!

Ортодо зордукталган сегиз жашар кыздын атасы
Кыздын атасы бийлик эл арасында тополоң чыгып кетпесин деп аракет көрүп жатканын белгилеп, ал болсо дагы эле күрттөрдү шаардан кетирүү талабында турганын "Азаттыкка" билдирди:

- Ал эртең эле абактан чыгат, дагы ушундай акмакчылык кылбайт деп ким кепилдик бере алат? Тополоң чыкпасын деп бийлик элге түшүндүрүп атат. Булар көчүп кетмейинче, эл тынчыбайт.


Качкын макамын кантип алабыз деп ойлонуп жаткан Көк-Жангак шаарындагы күрт аялдары.

Жыйналгандардын арасында турган күрт улутундагы адамдар "Азаттыктын" суроосуна пикирин билдире алышпады. Улуту өзбек Рано Магеева зордукталган кызга боор ооруп атканын, аталган окуяга башка күрттөрдүн тиешеси жок экендигин төмөндөгүдөй туюнтту:

- Бул жерде көчүп кеткидей башка адамдардын кандай тиешеси бар? Зордукчул адамды түрмөгө туура отургузушту. Ошо кыздын тагдырында менин балам же мүмкүн орустун же өзбектин баласы болуп калышы ыктымал. Мында турган күрттөрдөн апрель айына дейре айдап чыккадай алардын кандай күнөөсү бар? Буларга анда качкын макамын беришсин!

Рано Магееванын оюна үндөш пикирди шаардын имамы Сабыр Жороев да айтты. Анын белгилешинче, зордуктаган адамга ислам дүйнөсүндө таш бараң жазасы колдонулганы менен азыр ачууга алдырып, бирөөгө зулумдук кылуу исламда жок. Ошондуктан ынтымак менен маселени мыйзамга жараша чечүү абзел:

- Ким мыйзам бузса, өзү жаза тартуусу керек. Кылмышка тиешеси жок адамдарды жазалаган болбойт.

Сол жактан биринчи - Жалал-Абад обладминистрациянын бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов, үчүнчү - Сузак району акими Тажимамат Шаболотов, андан кийин - облус прокурору Абдыганы Шерипбаев
Жалал-Абад облустук бийлигинин коргонуу жана укук коргоо уюмдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов аталган окуя боюнча соттордун иши көзөмөлгө алынаарын билдирди:

- Алты жылдык жазаны эки жылга түшүргөн соттордун ишин да көрөбүз. Соттордун алдына маселе койгонбуз, ишти аягына чыгарышат. Бийлик эл үчүн иштейт.

Сегиз жашар кызды зордуктаган деген шек менен кармалган Хамза Шоруев аттуу адамга Кылмыш кодексинин 167-беренесинин негизинде иш козголгон. Учурда аталган кылмыш иши аяктоо алдында турат.

Анын атасы да жакында маңзат ишине байланыштуу үч жылга соттолгон. Мындай маалыматты эл менен жолугушууга барган облустун прокурору Абдыганы Шерипбаев « Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Облпрокурордун айтымында Хамза Шоруев 2007-жылы Сузак райондук соту тарабынан зордуктоо статьясы менен 6 жылга түрмөгө кесилген. Кийин аны Жалал-Абад облустук соту жазасын эки жылга чейин азайткан соң, абакта бир жыл, бир ай отуруп чыгып кеткен. Эми болсо кайра эле 8 жаштагы кызды зордуктады делип айыпталып жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG