Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Дыйкандын көйгөйү: насыянын тору бекем


Февраль айынын башында айыл-чарба тармагын көтөрүү максатында “АУБ-Агро” микрокредиттик ишканасы ачылды. Бул уюм Өнүктүрүү фондунан 6% менен насыя алып, дыйкандарга 23 пайыз менен таркатууда. Ортодогу айырмачылык кимдин чөнтөгүнө түшүүдө?

Жыл башында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик Кыргызстанды өнүктүрүү фонду менен биргеликте айыл чарбаны көтөрүү максатында микрокредиттик ишкана түзүлөөрүн кабарлаган.

Натыйжада февраль айынын башында "Азия Универсал банк" менен Өнүктүрүү фондунун ортосунда АУБ-Агро ишканасы түзүлүп, дыйкандарга жылдык 23% менен насыя бере баштады.

Сокулук районунун дыйкандары “айыл жашоочулары мындай үстөк бааны көтөрө албайт” деген пикирде:

Алмаш: Жаңы түзүлгөн кредиттик компания 23% менен насыя берсе, дыйкандарга эмне киреше түшмөк эле? Биз пайда үчүн иштешибиз керек да. Мындай үстөктү биз көтөрө албайбыз. Чындап эле дыйкандарды ойлосо 15-16% менен насыя беришсин. Анда бутка турууга шарт түзүлмөк. Бирок азырынча бизди ойлогон эч ким жок.
“Азия универсал банктын” өнөктөш катары тандалганы шектенүүнү жаратууда.


Элиза: Насыя алуу аябай кыйынга туруп, пайызы да жогору болууда. Айла жок “Айыл-банктан” 22% үстөгү менен кредит алуудабыз. Алганда бекер алып жаткансып кубанабыз. Анан төлөгөнгө келгенде кымбат болуп калууда. Бул жагынан колдоо жок.

АУБ Агро кредиттик ишканасы насыяны жылдык 23% менен 120 миң сомго чейин күрөөсүз таратууда. Ошол эле маалда бул микрокредиттик уюмга Өнүктүрүү фонду 6% менен насыя бергендигин ишканынын башчысы Вячеслав Рожков билдирди:

- Өнүктүрүү фонду 6% менен насыя берүүдө. Биз дыйкандарга күрөөсүз 23 пайыз менен таратуудабыз. Эгер фермер бир жылда 100 миң сом алса жана ай сайын карызын төлөсө, анын бир жылдык үстөк пайызы -12 408 сом болот. Эгер ал дагы үч айга убакыт алса, анда ал 15 428 сом, ал эми 9 ай кошумча убакыт алса, анда 21 168 сом төлөйт.

Каймагын кимдер алууда?

Жогорку Кеңештин 26-февралда өткөн отурумунда Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков “Азия Универсал банк” башка коммерциялык банктар сыяктуу эле кызыл кулактык кылып жаткандыгын айтып, “22-23% үстөк менен айыл чарба тармагын көтөрө алабызбы?” деген суроо узатканында, айыл чарба министри Искендер Айдаралиев ага жооп берүүдөн баш тартты.

Өнүктүрүү фонду “Азия универсал банкка” насыяны 6% үстөк менен берген. Ал эми жаңы түзүлгөн кредиттик уюм үстүнө 17% кошуу менен акчаны дыйкандарга таратып өз кирешесин арттырууда.
Эгер фермер бир жылда 100 миң сом алса жана ай сайын карызын төлөсө, анын бир жылдык үстөк пайызы -12 408 сом болот.


АУБ-Агронун жетекчилигинин маалыматында, Өнүктүрүү фонду тараптан бул тармакка 1 миллиард сом бөлгөн. Бул сумманын 23% менен элге таратылса жылдык кирешеси 230 миллион сомго барабар болот. Анын 6% түзгөн 60 миллион сом Өнүктүрүү фондуна, ал эми 17% барабар болгон 170 миллион сомдук киреше “Азия Универсал банктын” чөнтөгүнө түшүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев “бул киреше булагына жана банктын ишмердүүлүгүнө үй-бүлөнүн тиешеси бар” деген пикирде.

- Өнүктүрүү фондунан 6% менен алгандан кийин 10% менен таркатышса жакшы эле пайда көрүшмөк. Эми минтип 16% үстөк кошуп пайда табышууда. Айыл-чарбаны өнүктүрөбүз десе минималдык процент менен кредит бериши зарыл. “Азия универсал банктын” өнөктөш катары тандалганы шектенүүнү жаратууда. Бул каржы институтуна үй-бүлөнүн тиешеси бар. Бул тууралуу Орусиянын жана жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгууда.

2009-жылдын аягында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик өз программасын жарыялаган. Анда айыл-чарбасын көтөрүү үчүн төмөнкү пайыз менен насыя берилип, дыйкандарга шарт түзүлөөрү кабарланган. Бирок талаа ээлери күткөндөй төмөнкү эмес орточо, жылдык 23% менен кредит бериле баштады. Болгондо да анын 17 пайызы Азия Универсал банктын кирешеси болмокчу.

"Азаттыктын" архивинен: Азаттык+: Жаз жарыш

Бекболот Солтобаев Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынан ижарага 2,5 гектар жер алып арпа себүүдө. Анын айтымында, быйыл күйүүчү май арзан болсо да дан кымбат. МiT.

Азаттык+: Жаз жарыш
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

XS
SM
MD
LG