Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Дүйнөдөгү ар бир алтынчы адам ачка уктайт


Босния-Герцеговина. Жарды адамдар кедей-кембагалдар үчүн ачылган коомдук ашкананын ачылышын күтүүдө. 20-август 2009-ж.
Босния-Герцеговина. Жарды адамдар кедей-кембагалдар үчүн ачылган коомдук ашкананын ачылышын күтүүдө. 20-август 2009-ж.

БУУнун Азык түлүк агенттигинин билдиришинче, күнүгө 1 миллиард адам өзөгү карарган бойдон жаздыкка баш койот. Бул жер бетиндеги ар бир бешинчи адам ачка уктайт дегенди билдирет.

Өткөн 2008-жылы 46 миллион адам жардылардын катарына кошулган. Бул маалымат БУУнун 2015-жылга жардылардын санын 50 процентке кыскартуу боюнча 2000-жылы кабыл алган программасы ишке ашпай калат шекилдүү деген ойго түртөт.

2050-жылы дүйнө элинин саны 9 миллиардга жетет.



Ирандык жана ооганстандык жардылар таштандыканада желим бөтөлкөлөрдү чогултуп жан багышат. Тегеран. Декабрь, 2008
Дүйнөлүк финансылык кризистин кесепетинен акыркы бир жарым жылда жардылардын саны кескин өстү, деп айтылат БУУнун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) жарыялаган докладда. Улуттар Уюму күнүмдүк тапканы 1,25 доллар же кыргыз пулу менен 55 сомдон аз адамдарды жарды эсептейт.

Жардылыктын өсүүсүнө соңку кырк жылда айыл чарбасын инвестициялоонун азайганына катар акыркы мезгилде Африканы каптаган кургакчылык да кошумча болууда. Мисалы, Сахара чөлүнө чектеш Батыш Африканын Нигер республикасында 2,6 миллион адам жутка кабылат, деп эскертишет адам укугун коргоочу уюмдар. Анткени өлкөнүн аянты Кыргызстандан 6 эсе чоң болгону менен анын 0,02 процентинде гана суу бар. Казакстандын жеринин 1,7 проценти, Кыргызстандын - 3,6 проценти суу.

БУУнун Азык түлүк агенттигинин экономистти Дэвид Давенин айтышынча, ачкачылыкка каршы
TТажикстандык унаасы жок бей-бечаралар өгүз ордуна өздөрүн чегип, буурусун тартып, жер айдашат. Бадахшан. Май, 2009
күрөшүү үчүн өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн айыл чарбасына инвестицияны көп салуусу абзел:

-Бардык жардылар тапкан акчасынын көбүн тамак ашка жумшашат. Алар үчүн азык түлүктүн баасын арзандатышыбыз керек. Анын бирден бир жолу - айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу.

Дыйкандарга жардамдашуу жана менчик секторду инвестициялоо 1980-жылдан тарта улам азайып барат. БУУнун эсебинче, 1980-жылы донор өлкөлөр берген жардамдын 17 проценти айыл чарбасына чегерилсе, 2006-жылы бул көрсөткүч төрт прцентке да жеткен жок (3,8 %).
Конголук бала төгүлгөн унду чогултууда. Бул жаш баланын Дүйнөлүк азык түлүк программасы бөлгөн жардамдан кошумча алган ырыскысы.15-ноябрь 2008-ж.
Тамак-аш боюнча эксперт Грейне Малонейдин эсептөөсүнө караганда, 2009-жылдын сентябрында алты адамдан турган сомалилик үй-бүлө тамакка жана башка зарыл азык-түлүккө 171 доллар жумшаган. Он сегиз ай мурда алар курсакка деп 92 доллар кетирчү.

Даве 1970-80-жылдардын аралыгында айыл чарбасына көп капитал салынып, анын натыйжасында эмгек өндүрүмдүүлүгү жана түшүмдүүлүк кескин жогорулаганын эске салат:

- Натыйжада, азык-түлүктүн баасы ылдыйлап, дыйкан чарбалардын өндүрүмдүүлүгү жогорулады. Андан дыйкандар, шаар-кыштактардын жарды калкы пайда көрдү. Айыл чарбасындагы түшүмдүүлүктү кайра калыбына келтирүү үчүн тармакка көбүрөөк капитал салуу зарыл.

БУУнун эсептешинче, 2050-жылы дүйнө элинин саны 9 миллиардга жетет. Анча элди тойгузуу үчүн азыркыдан 70 процент көп тамак аш керек болот.

XS
SM
MD
LG