Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Чабактардын жок болуп кетүү коркунучу жогору


Ысык-Көлдө чабактардын жок болуп кетүү коркунучу жогору. Мындай абалдан чыгуу үчүн көлдөрдөгү форел, судак өңдүү жырткыч балыктарды кармап, алардын санын азайтуу керек. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиги Балык чарба департаменти менен бирдикте чабактарды көбөйтүүнүн жаңы жолдорун караштырууда.

Ысык-Көлдө чабактарды сактап калуу үчүн жырткыч балыктын санын азайтуу керектигин Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Самаган Маматов билдирди.

Анын айтымында, учурда чабактардын жок болуп кетүү коркунучу жогору. Мындай абалдан чыгуу үчүн көлдөрдөгү форел, судак өңдүү жырткыч балыктарды кармап, алардын санын азайтуу керек.

- Негизинен эле Ысык-Көлдөгү балыкты көбөйтүү үчүн жырткыч балыктардын бардык түрүн жоготуу керек. Мисалы, форелди акваторияда эмес башка көлмөдө өндүрсө болот.

Балыктын бар миңдеген түрү...

Союз убагында балык чарбасы жана балык продукцияларын өндүрүү боюнча Кыргызстан алдыңкы орундарда турган. Ушул тапта чоң мүмкүнчүлүккө карабастан бул тармак аксап турат. Акыркы он жыл ичинде балык чарбасында иштеген адистер да бир топ кыскарган.
Балыктарды кармоого уруксат бергенде да биз ошол балык табиятка зыян бербей турган түрүбү, жокпу билишибиз керек.


Экологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бекболот Маматаиров балыктын түрлөрү жана саны боюнча мониторинг жүргүзүү зарылдыгын белгилейт.

- Биз сактоо жакын колдон келишинче аракет кылып атабыз. Ал эми көбөйтүү жагы бир аз жай кетип жатат. Балыктарды кармоого уруксат бергенде да биз ошол балык табиятка зыян бербей турган түрүбү, жокпу билишибиз керек. Андан тышкары биздин сайда, дарыяда, мисалы, Көкөмерен, Нарында канча балык бар, кандай түрлөрү бар билишибиз керек. Аны эч ким билбейт.

Табиятты коргоого алалы, балыктарды сактайлы

Мындан сырткары Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттик бүлгүнчүлөрдүн (браконьер) мыйзамсыз ишин токтотуу боюнча да иштерди жүргүзүп келет.

Б.Маматаировдун айтымында, жыл башынан бери рейдердин жыйынтыгында 93 километр тор, 122 кайык кармалган. Жалпысынан балыкты мыйзамсыз кармоо боюнча жүзгө чукул окуя катталып, 600 миң сомдон ашуун доо коюлган.

Ошондой эле акыркы беш күндүн ичинде укук коргоо кызматкерлери 14 километр тор, 10 кайык алышкан. Мындан тышкары ал базарларда, Ысык-Көлдү жолдой балык сатылган жарманкелерде казактардан алынып келинген балык сатылып жаткандыгын айтты.
Жыл башынан бери рейдердин жыйынтыгында 93 километр тор, 122 кайык кармалган.


Б.Маматаиров акыркы рейд учурунда сатуучулардан 13 килограмм балык мыйзамсыз кармалгандыгын билдирди.

- Бул боюнча материалдарды биз жаратылыштын мыйзамын бузгандарды көзөмөлдөө орган катары сот, укук коргоо органдарына беребиз. Көбүнчө прокуратурага берилет.

Адистер Ысык-Көл менен Соң-Көлдөгү гана форелдерди жок кылуу маселесин көтөрүп жатышат. Алар калган көлмөлөрдө байыр алган форелдерди кармоого тыюу күчүндө экенин эскертишет. Ошондой эле аталган агенттик жаңы жылдын алдында балатыларды кыюуга да көзөмөл жүргүзөт. Учурда токой чарбаларында балатыларды мыйзамсыз кыюу иштерине каршы рейд жүрүүдө. Жаш балатыларды мыйзамсыз кыйгандарга 7 миң сомго чейин айып салынат. Иш-чара 5-январга чейин уланат.
XS
SM
MD
LG