Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Т.Акимов: “ММК жетекчилеринин жарандык туруму курч болуш керек”


25-майда Бишкекте массалык маалымат каражаттарына арналган тегерек үстөл жыйыны өттү. Жыйындын модератору Турат Акимов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Сиз ушул жыйында Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары төртүнчү бийлик боло алабы деген суроо көтөрүгөнүн айттыңыз. Кандай тыянакка келдиңиздер?

Турат Акимов: Катышкандардын көбү муну жасаса болоорун айтышты. Ошонун ичинде 19дай турумду белгилеп, акылдашып чыкты. Ошонун баарын кагаз түрүндө бекитип, ошол боюнча пособие даярдайбыз дегендерге тапшырдык. Биз негизинен тезистерди гана жазганбыз. Кудай буйруса, аны өздөрү толуктаса, мен ойлойм чыгарса болот.

- Сиз ошол жыйында жана маалымат боюнча өзүнчө агенттик түзүүнү сунуштаган экенсиз. Бул агенттикти түзүүнүн зарылчылыгы эмнеде, ал кандай функция аткарат?

Турат Акимов: Мен бир ай мурун Убактылуу өкмөттүн арасында иштегенде гезит тармагын, ММК маселесин карасак, биз эки түрдүү министрликке бөлүнүп калганыбызды байкадым. Жарым гезит Транспорт министрлигине карап калыптыр. Анткени гезитти жайылтып, ар кайсы айыл бурчтарга жеткириш керек. Маданий, идеология чөйрөсүн болсо Маданият министрлиги башкарып калыптыр. Бирок Маданият министрлигинен эч кандай көз салынбаптыр, эч кандай иш болбоптур. Байланыш министрлиги болсо гезиттерди алып барып, ар кайсы жерге таратканга аракет кылчу экен.

Туура, туура эмес дейт, бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзгөнгө эч ким көзөмөл салбаптыр. Катчылык болсо өзү каалагандай калчап, бир адамдын көз карашына каратып койгон экен. Мамлекеттик кызыкчылыктар бул жерде билинбей калган экен.

- Демек ошол агенттик ММКлардагы ички, сырткы саясатты аныктоо үчүн иш алып барат турбайбы. Апрель окуяларынан кийин бир катар маалымат каражаттарын бир тараптуу маалымат берип жатат, кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүп жатат деген да сындар айтыла баштады. Сиз буга кошуласызбы? Бул сындар канчалык деңгээлде жүйөлүү?

Турат Акимов: Бизге жаны бийлик “биз сөз эркиндигин колдойбуз, сөз эркиндигисиз эркин мамлекет болбойт” деп айтпадыбы. Ошондуктан, мен ойлойм, бул жерде журналисттер бир гана өзүнө күнөө коюш керек, ачык иштесе ачык иштеш керек. Анан бийликти башынан баштап эле сынга алып, башынан катуу кармаш керек. Болбосо илгеркидей эле айланып келип өзү кийин кысымга түшүп калышы мүмкүн. Бирок бул жерде ММК жетекчилеринин жарандык туруму курч болуш керек. Эгерде алар туруштук бере албаса, баарына макул болуп кетсе сөз эркиндиги аксай баштайт.

- Убактылуу өкмөт сөз эркиндигин камсыздоо жаатындагы аракети катары УТРКны Коомдук телерадио берүүгө айландыруу тууралуу чечим чыгарганы маалым. Азыр байкоочулар кеңеши түзүлүп атат. Өзүңүз билгендей мурунку бийликтин тушунда да мындай кеңеш түзүлүп, бирок жарытып деле иштеген эмес. Ошондой ката кайталанбаш үчүн дагы кандай аракеттер керек?

Турат Акимов: Бул концепцияны ким иштетет, муну ким алып барат? Байкоочулар болсо кез-кези менен көз салып турат. Мен ойлойм, муну башка жолго салып эле, бүт УТРК продюссерлик борборлорго, же чыгармачыл деп өзүнчө бөлүп койбой, жаштар студиясы, карылар студиясы, идеология студиясы, жанылык студиясы деп эле, кийин барып өзүнүн чыгарган материалдарын чыгармачыл кеңеш чечип, кайсынысы жарайт, кайсынысын жаратпайт, бир түрдүү чыккандан кийин эле көрүнүп калат да, ушундай кылып тезирээк реформалар жүрүп, анан ар бир редакция өзүнчө иштеп кете бермек. Баягыдай кала бергенде аны ким көзөмөлдөсө пайда чыкпайт го деп ойлоп турам.

- Сиз бийликтин кысымы тууралуу айтып кеттиңиз. Кандай деп ойлойсуз, азыркы учурда ММКлар мындан кийин бийликтин кысымына тушугуп калбашы үчүн журналисттер коомчулугу да бир кошумча чараларды сунушташы керекпи?

Турат Акимов: Менимче, мыйзам жагынан тийип деле кереги жок, бардыгы жакшы. Бул жерде бир гана мамлекеттин башчысы өзүнүн мойну менен жооп тартыш керек, өзүнүн милдетин алыш керек. Мисалы, Орусияда Путин эгерде 2 миң кишинин астында 2 миң журналистти залга жыйып алып жооп берип атса коркпой-үркпөй, анан ошол журналистке эч кандай кысымдык болбогондон кийин башка төмөн жактагы бутактын баары ошондой кабыл алат маселени.

Бизде болсо жогору жак жооп бербейт, орто жерде жүргөн катчылыктын адамдары, же атайын органдардын адамдары каалагандай маселени чечип коюп атат. Бир туруп криминалдык түрүндө чечип коет, бир туруп маселени такыр изилдебейт. Эгерде журналисттер кыйналып калса, төмөн жакта тургандар кааласа 10 млн. сомду мойнуна илип коюп, гезитти жок кылып таштайт.
XS
SM
MD
LG