- Бабырбек мырза, Равшан Жээнбековдун өзгөчө курч кайрылуусун Элдик курултай алдында жарыялоо менен гезиттерди жабууга шылтоо пайда болуп жатканын сездиңиз беле?
- Биз андай болоорун билгенбиз. Бирок биз кандай болгон күндө дагы чындыкты элге жеткиришибиз керек болчу. Ошондуктан биз Равшан Жээнбековдун курултайга кайрылуусун басууну туура көргөнбүз.
- Бийлик тарап сизди кызматташууга чакырганы айтылган эле, ошондой сунуштар болду беле?
- Мындай сунуш мага февралдын 25инде түшкөн. Мага мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жолугушууну сунуш кылып, экөөбүз анын кабинетинде жолуктук. Ал мага Максим Бакиевдин сунушун билдирген. Анда эгерде биз өзүбүздүн гезиттерди Максим Бакиев менен иштешүүгө бурсак, анда бизге кызмат берилип, Равшандын иштери жабылып, анан биз каалагандай шартта иштешүү сунушу айтылган экен. Мен ошондо эле дароо айттым, Бакивдер менен иштешүүгө эч убакта баралбайбыз деп. Анткени бүгүнкү күндөгү алардын эл-журтка, кыргыз элине, кыргыз жерине жасап жаткан саясаты, мамилеси, бизди алар менен иштөөгө эч убакта бир жолго алып баралбайт. Анда биз эл-журтка чыккынчылык кылып калган болобуз деп мен баш тарттым. Кийин биздин гезиттердин жабылуусу ошого шылтоо болуп берди. Экинчиси, Равшандын кайрылуусу жөн эле орто жердеги нерсе болуп калды.
- Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Аксаамаев эки гезитти токтотуп туруу чечимин чыгарды. Гезиттердин тагдыры боюнча соттук териштирүү качан болот?
- Бул жерде көпкө сүйрөйт деген эч кандай түшүнүк болбош керек. Анткени ошол эле Аксаамаев доо арызды колуна алгандан тартып бир саатка жеткирбей туруп, аныктаманы чыгарып берди. Ал доо камсыз болуп, чаралар көрүлдү деген шылтоо менен чыгарып атат. Андан бир саатын ичинде сот аткаруучу өзүнүн токтомун чыгарып, гезиттерди камакка алып атат. Мындай нерселер эки сааттын ичинде болуп аткандан кийин, калган чечимди дагы ашып кетсе 10-15 күндүн ичинде чыгарыш керек. Мыйзам боюнча 2 айдын ичинде караш керек. Бирок эки ай эмес, 20 күндүн ичине жеткирбей эле карап коет деп айтуу туура болбойт, бирок мен алдын-ала сезип турам.
- Сиз гезиттердин материалдары башка жолдор менен чыга берет дедиңиз эле. Ал кандай ишке ашат?
- Мен алдын-ала айтып койоюн, биздин колубузда “Алиби” деген гезитибиз бар. Ал дагы бир кезде Бакиевдердин доо арызы боюнча жабылып, биз 1 млн. сом төлөп берүүгө мажбур болуп, кайрадан чыгарганбыз. Кудай буюрса 26-март күнү гезит окурмандары “Алибинин” “Ачык саясат” гезитинин салтын улаган жаңы санын окуп баштаса болот. Анан экинчи гезит жөнүндө да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде биз экинчи гезит таба турган болсок “Назар” гезитин ошол гезитке которобуз.
- Рахмат маегиңизге.