Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Марат Токоев: “Журналисттерде тилектештик жок”


Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, журналисттерге кол салуулар, маалымат кызматкерлеринин өз ара тилектештиги тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Марат мырза, сиздин баамыңызда эмне себептенжурналисттерди коркутуп-үркүтүү күч алды? Мына, кечээ эле “БалтИнфо” интернет басылмасынын кабарчысы Александр Евграфовду сабап кетишти. “Ош шамы” гезитине ок оролгон эскертүү кат таштап кетишти. Андан мурдарак аталган гезиттин кабарчылар түйүнүн жетекчиси Кубанычбек Жолдошов сабалган эле.

Марат Токоев: Сиз айткандай, акыркы учурда журналисттерди уруп-сабап кетүү, коркутуу өнөкөткө айланып калды. Ага себептердин бири - мурда журналисттерге кол салуу боюнча кылмыш иштери аягына чейин чыгарылбай, кылмышкерлер жаза албаганынан болуп атат. Эгерде андай болгон фактылар болсо да, ал фактылар эл арасына кеңири тарап тартылбай атат. Эң биринчи себептердин бири ушул деп ойлойм.

Экинчиден, журналисттердин тилектештиги жоктугунан болуп атат. Журналисттер тилектеш болсо, булар талап коюп, коомдук маани жасап, бул фактыларга элдин көңүлүн көбүрөк бурдурат эле. Ошол эле кылмыш иштерин козгоп, аларды тергей турган укук коргоо органдарынын иштерине да көзөмөл кылат эле.

“Азаттык”: Эмне себептен Кыргызстандын тартип коргоо органдары журналисттерге кол салууларды жетиштүү иликтеп, кылмыш ишинин бетин ачпай жатат?

Марат Токоев: Чынын айтканда эмне үчүн мынчалык кайдыгерлик кылып атышат - такыр биле албадым. Себеби өздөрү менен барып сүйлөшкөндө “макул көзөмөлгө алабыз, бул иштердин бардыгы биздин көзөмөл алдыбызда” деп ишендиришет да, анан эле иш жүзүнө келгенде журналисттерге каршы кылмыш иштери көп ачылбай калып атат. Ачылганда көбүнчө бейбаштык болгон иштер ачылып калат, журналисттин жеке ишмердигине түздөн-түз тиешеси жок болгон учурларда.

Ал эми журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген иштер болуп калганда эле кылмыш иштеринин аягына чейин чыгарылышы, ачылышы такыр эле создуктурулуп калат.

“Азаттык”: Сиз кыргыз журналисттери арасында тилектештик жок деп айттыңыз. Журналисттер арасында биримдикти жаратуу үчүн сиздерди уюм, дагы башка ММК уюмдары бул жагдайды оңдоо үчүн кошумча чараларды көрө алабы?

Марат Токоев: Мен ойлойм биздин Кыргызстанда иштеп аткан медиа уюмдардын аракеттеринин бардыгы бир эле максатты көздөшөт: Кыргызстандын аймагында иштеп аткан бардык ЖМКлар кичине профессионал деңгээли көтөрүлсө экен, аларда тилектештик болсо экен дешет. Бирок эмнегедир азыр биздин аракеттен көп деле майнап чыкпай атат.

Журналисттер менен өз ара сүйлөшкөндө да алар муну моюнга алып атышат. Бирок биздин азыркы учурдагы журналистика бир нече тарапка бөлүнүп кеткен: мамлекеттик, мамлекеттик эмес ЖМКлар, бийликтик, оппозициялык ЖМКлар деп. Алар бири-биринин таламдарын көп талашпай, тилектештик жакшы көрсөтө алалбай атышат.

Азыр жаңы муун келатат, алар чынын айтканда чыныгы сөз эркиндиги кандай экенин көрүшкөн эмес, учурдагы абал чынында эле ушундай болуш керек деген ойдо, пикирде калып атышат. Аларда салыштыруу мүмкүнчүлүк болбогондуктан көп деле талашпайт сөз эркиндигин.

Жалпы айта кетиш керек, журналистикалык профессионализм жылдан жылга кичине төмөндөп баратат, бул да байкалат, канчалык аракет кылбайлы, өзгөчө журфактан чыккан кадрлардын даярдыгынан көрсө болот.
XS
SM
MD
LG