- Рыскелди мырза, сизди бүгүн прокуратура кызматы чакырып жатыптыр. Ага эмне себеп болду?
- 1-Май райондук прокуратура чакырганына биздин өткөн шейшембидеги жарык көргөн саныбызга чыккан эки макала, Айбек Шамшыкеевдин “Текебаев президент болбосо ким болот?”, Кожоталантбек Таштанбек уулунун “Бийликке кулдун тукуму келсе” деген макалалар себеп болуптур. Ошол боюнча чакырып жатышат. Кечээ биздин Айбек Шамшыкеев деген кабарчыбыз барып, ал боюнча түшүнүк берип, эки саат сурап, эскертүү берип жөнөтүшүптүр.
- Эмне деген айып коюп атышат ал жерде?
- Ошол макалалардагы төрт сөз президенттин ар-намысына шек келитирген дешүүдө. Ошолорду аныктап чыгышып, ошол боюнча тактоо жүргүзүп атат.
- Силер мунун моюнга алып жатасыңарбы, ал жерде ушундай кордоо сөз болду беле?
- Бул боюнча алардын аныктама чыгарганга негиз жок болчу ар-намысына шек келтирди деп. Аны сот, же кандайдыр бир тил боюнча комиссия чыгарса болмок. “Тезек” саясаты, үй-бүлөлүк башкаруу системасы, саясий куугунтукту күчөтүп жибериптир деген сөздөрдү кынтыкка алыптыр. Бул негизинен караганда шылтоо го дейм.
- Буга чейин Бириккен элдик кыймылдын кайрылуусун жарыялоо себебине байланыштуу прокуратурага чакырышкан эле, ал эмне менен бүттү?
- Ал боюнча дагы президенттин ар намысына шек келтирипсиңер деп ал боюнча дагы мен Бишкек шаардык прокуратурасынан эскертүү алып чыккам. Бул экинчи эскертүү. Менин байкашымча, “Ачык саясат” гезитин жабуу аракети башталып калса керек.
- Сиз өзүңүз сотко, же Башкы прокуратурага укугуңузду коргоп кайрылдыңызбы?
- Бүгүн Бакшы прокурордун өзүнө жана Акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылганы жатам. Прокуратура кызматкерлери президенттин ар-намысын коргогондун ордуна, тескерисинче кордоп жатат деп кат жаздым, бүгүн жөнөтөм.
-Чыгармачыл жамаатка коркутуулар түшкөн жокпу?
- Акыркы күңдө андай коркутуулар көп. Телефон чалып алышып, атын атабай, “силер эмне үчүн Американын базасын колдоп чыктыңар, эмне үчүн тигини колдоп жатасыңар, жөн жашагыла, жөн жүрсөңөрчү, жазбай эле койсоңорчу”, - деген сыяктуу коркутуп-үркүтүүлөр көп, биз ага көнүп деле калдык, кулагыбыз деле бышып калды.
- Президенттик шайлоо жакындаган сайын кысым күчөйт деп ойлойсузбу?
- Албетте күчөйт, мындан дагы катуу чараларга барышы мүмкүн го дейм. Акыркы кездеги басма сөзгө болгон басмачылык саясат мындан дагы катуу курчушу толук мүмкүн.
- Ушундай шартта гезитти чыгарууга кантип үлгүрүп жатасыңар, мындан аркы максатыңар кандай болот?
- Колдон келген аракетибизди кылабыз. “Баш кесмей бар, тил кесмей жок” дегендей баардык мүмкүнчүлүк менен иштеп атабыз. Коркутуп-үркүтүп, сотко берем дегендер болот. Редакциянын алдында күнүгө 2-3 машина кайтарып турушат бизди, көпчүлүгүн мен сыртынан тааныйм, кезектешип күзөттө турушат, ким келип, ким чыгып атат, жазып турушат. Биз чыга беребиз.
- Маегиңизге рахмат.