Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

М. Бекешова: Кыргызстанда сөз эркиндиги катуу кысымга кабылууда


Бүгүн бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү. Буга байланыштуу Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Мери айым, сиздин баамыңызда, өлкөдө сөз эркиндигине байланышкан жагдай кандай?

- Учурдагы саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу журналисттердин абалы барган сайын оорлоп баратат. Белгилүү болгондой, акыркы март айында эле 4 журналистти сабап кетишти. Анын бирөө оор жаракат алып, ушул күнгө чейин жакшы боло элек. Мунун баардыгы тең саясий кырдаалга байлыныштуу болуп жатат деген ойдобуз. Саясий кырдаалга байланыштуу сөз эркиндиги катуу эле кысымга алынып бараткандыгы талашсыз. Маселен, эркин теле-радио компания жок калды деп айтсак жаңылышпайбыз. Эки тарапты теңдеп, эки тарапты тең терең анализдеп туруп берген салмакттуу аналитикалык басылмалар да жокко эсе болуп калды. Жеңил гезиттер көп болуп кетти акыркы учурларда.

- Президент Курманбек Бакиев февралда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги жок- деп баса айтпадыбы. Президенттин минтип айтканына караганда, балким Кыргызстанда чын эле сөз эркиндигин сезбей жаткан чыгаарбыз?

-Албетте, мындан 5-6 жыл мурун чындыгында эле Орто Азия аймагында Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги жок болчу да. Бул салыштырмалуу нерсе. Кыргызстанда дагы сөз эркиндиги жогорку деңгээлге чыгып кетти деп айтканга болбойт, бул салыштырмалуу гана. Мисалы: Өзбекстанга, Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар эле болчу. Бирок акыркы учурларда биздин сөз эркиндигибиз акырындап барып Өзбекстандын деңгээлине теңелип баратат окшойт.

- “Журналисттер” коомдук бирикмеси сөз эркиндигинин, масаалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча кандай иштерди жасап атасыздар?

- Сөз эркиндиги негизи ар бир журналисттин өзүнүн жеке позициясы, жеке ой пикири, иштеген иши деп эсептейбиз да. Ушул жаатта биз азыр жаш журналисттерди окутуу менен алектенип жатабыз, аларды эркин жазганга, эч кимге сатылбаганга. Кайсы маселе болбосун фактыга таянып, жөндөн-жөн эле бирөөнүн оозунан айтып ушак-айыңдарды жаза бербегенге, эл аралык эрежеге жакындашууга аракет кылганга үйрөтүп жатабыз. Азыркы жаштардан ошондой стандарт менен иштеген, өзүнүн ой-пикирин ачык айта билген, сатылбаган, эл үчүн иштеген журналисттерди тарбиялап алсак менин оюмча, ошондой муун ал өзүнөн өзү эркин иштеп, эркиндикке элди дагы үгүттөгөн журналисттерден болот да.

- Рахмат маегиңизге.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG