Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Конкурс өттү, жыйынтыгы кечигүүдө


Энергетикалык компаниялардын сатылышына каршы Москва районундагы нааразылык
Энергетикалык компаниялардын сатылышына каршы Москва районундагы нааразылык

«Түндүкэлектр» акционердик коомунун өкмөт ээлигиндеги 80% акциясын конкурста кайсы компания сатып алганы азырынча жашырын сыр катары кармалып турат.

Өткөн жылдын аягында конкурска орусиялык «Якутгидроспецстрой», казакстандын «Алматыэнерго» ошондой эле кыргызстандык «Спецэнергострой» акционердик коомунан арыз түшкөнү маалымдалган. Бирок да айрым маалымдоо каражаттары «Чакан ГЭС» акционердик коому конкурстан утуп алганын кабарлоодо.

“Сүйгөнүнө кыз кетип, жүгүрүп-жүгүрүп биз калдык”

Кыргызстан ичиндеги электр энергиясынын теңине жакынын пайдаланган “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун мамлекет ээлигиндеги 80% ашуун акциялары өткөн жылы “Бишкекжылуулук тармактары” жана Бишкек электр-жылуулук борборунун мүлкүнө кошулуп, эки ирет сатыкка коюлган. Бирок да ылайыктуу кардар чыкпагандыктан өткөн жылдын октябрында өкмөт “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун мамлекет ээлигиндеги акцияларын өзүнчө сатуу чечимин чыгарып, жаңы жылга эки күн калганда конкурска кимдер катышканы аныкталган. Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров конкурска кайсы компаниялар катышарын “Азаттыкка” берген маегинде минтип ырастаган.

- Үч компаниядан азырынча бизге катышууга арыз түштү. Бул компаниялар: Кыргызстандын “Спецэнергострой” акционердик коому, Казакстандын “Алматыэнерго” акционердик коому экен. Жана орустардын “Якутспецстрой” деген үч компаниясы берди.

4-февраль күнү кечки саат он алтыда ушул үчөөнүн кайсынысы “Түндүкэлектрдин” мамлекет ээлигиндеги акцияларын сатып алганы жарыя кылынышы керек болчу. Аны конкурстук комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Сергей Попов да ырастайт.

- Биз жыйынтыкты жарыя кылбоо жөнүндө тилкат бергенбиз. Мамлекеттик мүлк жеңүүчүнү жарыя кылат. Мен аны билбейм, бул Мамлекеттик мүлктүн маселеси.

С.Попов конкурста кыргыз компаниясы утуп алганын кабарлап, конкурска мурда-кийин аты аталбаган “Чакан ГЭС” компаниясы да катышканын билдирди. Ошондой эле ал айрым маалымдоо каражаттарында жеңүүчү катары эмитен эле аты атала баштаган “Чакан ГЭС” “Дастан” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Ширшовго таандык экенин билбестигин кошумчалады.

Кыйлага катылчу сыр

Кыргызстан ичиндеги эң ири “Түндүкэлектр” ачык акционердик коому Бишкек, Чүй, Талас облус калкын тейлеген ири компания. Өткөн жылы ал электр акысын 100% жакынын чогултуп, техникалык, коммерциялык жоготуулардын санын кыйла кыскартты. Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Юрий Даниловдун пикиринде, мындай өндүрүштүк көрсөткүчтөр компания сатыкка коюлгандан кийин гана жасалууда.

- Аракетти жакшы жасашты, азаматтар. Чымырканып болгон күчтү жумшашты. Анан да бул сатууга байланыштуу деле болушу мүмкүн. А эмне буга чейин минтип иштей алышкан жок?

“Түндүкэлектр” акционердик коомунун пресс-катчысы Гуля Мураталиева инвесторлор компанияга келгенден кийин кандай иштер жасалары көпчүлүккө жарыя кылынарын маалымдады.

- Анан ошол инвесторлор компанияга келгенден кийин сөзсүз түрдө жетекчилер жаңы болобу же эскилер калабы, биз пресс-конференция өткөрөбүз. Элге маалымат беребиз. Анан кандай жагдайда иш жүргүзөбүз, кандай саясат болот, анын баарын элге түшүндүрмө беребиз.

“Түндүкэлектр” акционердик коомунун 80% ашуун мамлекет ээлигиндеги акциялары ошентип жеке колго өттү. Анын калган 13% акциясы Кыргызстандын Социалдык фондунун ээлигинде. Калганы жеке жактардын колунда. Ошентип, Кыргызстандагы эң ири энергетикалык компания конкурс жыйынтыгы боюнча сатылганы ырасталып, бирок анын акциялары кимдердин колуна өткөнү азырынча жашырын сыр катары сакталууда.

XS
SM
MD
LG