Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Абитуриентке кеңеш: Кесипти кантип тандоо керек?


Кыргызстан боюнча бул жылы 75 миңден ашуун окуучу орто мектепти аяктап жатат. Эми дал ошол миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдында кесип тандоо маселеси турат.

“Өкүмзор ата-эненин үстөмдүгү”

Адатта алдыңкы жылдары кайсы кесипке талап жогору болоорун, кайсы окуу жайда татыктуу билим берээрин айылдагы, ал эмес шаардагы бүтүрүүчүлөр деле биле беришпейт. Психологдордун айтымында, бүтүрүүчүлөр кесип тандоодо классташтарынын, ата-энесинин айтканына карап, ошого жараша чечим чыгарышат.

Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр үчүн ата-энесинин айтканы өзгөртүлгүс чечим, алар мугалим бол десе мугалим, дарыгер бол десе дарыгерлик кесипке окууга мажбур болушат.

Белгилүү саясатчы, бизнес магистратуранын бүтүрүүчүсү Равшан Жээнбеков буларга токтолду:

-Ата-эне баласы кичинекей кезинен баштап эле багыт бериши керек. Балдардын таланттарын өнүктүргөнгө аракет кылышы керек.

-Сиз балдарыңызды кантип тарбиялап жатасыз?

-Мен балдарыма ошондой мүмкүнчүлүк бергем. Алар спорт жана музыка менен машыгышат. Мен бүтүрүүчүлөргө кеңеш берет элем:Кыргызстан - дүйнөнүн бир тамчысы. Силер эч качан Кыргызстанга басым жасабагыла, дүйнөгө басым жасагыла. Жумуш берүүчүлөр жумушка аларда эң негизгиси үч нерсеге көңүл бурат: биринчи кезекте профессионалдуулук, силер жакшы кесиптин ээси болушуңар керек. Экинчиси, силер англис тилин жакшы билишиңер керек. Орус тилин да билишиңер керек, бирок англис тили андан да маанилүү. Үчүнчүсү, компьютерди билишиңер керек. Эгерде ушул үч нерсени билбесеңер силер жакшы адис боло албайсыңар.

“Кыска мөөнөттүү билим - мезгил талабы”


Адистердин айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоо учурунда окуу жайдын престиждүүлүгүнө өзгөчө маани бергени - чоң жаңылыштык. Жумушка орношоордо сенин кадыр-барктуу окуу жайда билим алганың жумуш берүүчүгө маанилүү эмес.

“Эл груп” компаниясынын аткаруучу директору Арсен Иманкулов мындай кеңештерди айтты:

-Мен бүтүрүүчүлөргө практикалык кеңеш бергим келет. Азыр биз сага эмне жагат деп теория жөнүндө сөз кылып жатабыз. Каалаган нерсеңди жасап көрмөй сайын билбейсиң. Адам өз кесибин алмаштырса болот дегенге мен толугу менен кошулам. Бул коркунучтуу эмес. Маселе башкада, беш жыл бою убактыңды коротуп окуу коомго керексиз жана кызыксыз. Кыска мөөнөттүү билим алууну тандагыла. Бул училища, техникум. Бул окуу мекемелеринде силер болгону бир, эки жылда билим аласыңар, практика түрүндө үйрөнөсүңөр. Ошондо көрөсүңөр, бул силерге жагабы же жакпайбы.

Келечекке сереп: Кайсы кесипке талап жогору болот?

Равшан Жээнбеков: Биринчи кезекте маалыматтык технологиялар, компьютер. Экинчиси медицина тармагы, үчүнчүсү туризм, төртүнчүсү спорт, билим инструкторлору, карыларды караган доктурлар, аларды баккан адамдар да келечекте популярдуу боло баштайт. Бешинчиси - финансылык кеңешчилер, андан кийин юристтер жана мугалимдер. Дүйнөдөгү алдыңкы 20-30 жылда популярдуу боло турган кесиптер ушулар.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG