Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

30-март: Тарых барактары


АКШ президенти Рональд Рейган 1981-жылдын ушул күнү кол салууга кабылып, Джон Хинкли аттуу 25 жаштагы жигит аткан октон катуу жарадар болгон.
АКШ президенти Рональд Рейган 1981-жылдын ушул күнү кол салууга кабылып, Джон Хинкли аттуу 25 жаштагы жигит аткан октон катуу жарадар болгон.

Кыргызстандын борбор шаарындагы биринчи планетарий 1974-жылдын 30-март күнү салтанат менен ачылган. Россиялык дипломат, барон Эдуард Стекль 1867-жылдын 30-март күнү Вашингтон шаарында Аляска жарым аралын Америка Кошмо Штаттарына сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Рональд Рейганга кол салуу 1981-жылдын 30-мартында жасалган.

Кара-Кыргыз Автономиялык областтык кеңештин I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 30-март күнү ишин аяктаган. Курултайга област аймагынан 135 делегат чакырылып, алардын 81и кыргыз, 29у орус калгандары башка калктардын өкүлдөрү болушкан. Областтык Революциялык комитеттин жоюлушуна байланыштуу, 30-март күнү 63 адамдан турган Аткаруу Комитети уюшулган. Областтык Кеңештин Уюштуруу курултайында «Кара-Кыргыз автономиялык областынын жобосу» талкууга алынган. Областтык жобону, тактап айтканда Конституцияны иштеп чыгыш үчүн курамында Айдарбеков, Абдрахманов, Каменский, Султанаев жана Кизин турган атайын комиссия уюшулган. Атайын уюшулган комиссияга, Кара-Кыргыз автономиялык областы деген аталыштан «Кара» сөзүн алып, өлкө аталышы расмий түрдө Кыргыз Автономиялык областы деп жазылсын деген тапшырма жүктөлгөн. Мындан тышкаары, Өзбекстандын Хожент уездине караштуу кыргыз болуштуктарын Кара-Кыргыз областына кайтарылыш маселеси козголгон.

Совет мезгилиндеги кандуу кезең арасынан адамга жасалган мыкаачылык жагынан 1937-1938-жылдар башка убактан айрыкча айырмаланып турат. Сталиндик кандуу террордун башы 1937-жылдын февраль-март айында өткөн пленумда аныкталган. Пленумдун материалдары жарыяланбагандыктан советтик тарых илиминде анын максат, милдеттери буга чейин беймаалым бойдон калып келген. Сталиндин партия пленумунда жасаган негизги доклады «Советская Киргизия» гезитинин 1937-жылдын 30-март күнкү санына жарыяланган. Ушул күндөн баштап, «эки жүздүүлөр», «зыянкечтер», «тамырын кыркыш керек», «талкалоо зарыл» деген сөздөр мамлекеттик деңгээлде колдонулган жана маани алган лексикага айланган.

Кыргыз Автономиялык областынын Борбордук Аткаруу комитетине караштуу өспүрүмдөр комиссиясы 1929-жылдын 30-мартында борбор шаарда даяр көйнөктөр сатылчу биринчи дүкөн ачкан.

Кыргызстандын борбор шаарындагы биринчи планетарий 1974-жылдын 30-март күнү салтанат менен ачылган. Республиканын куруучулары жаңы имаратты Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арнап, анда аалам системасы туурасында даректүү фильмдер көрсөтүлүп, адистер космос жөнүндө дарстар окуп турушкан.

Америка Кошмо Штаттарында бүгүн Доктор күнү белгиленет. Доктор күнү биринчи жолу 1933-жылдын 30-марттында өткөрүлгөн. Доктор күнүн белгилөө идеясын Чарльз Элмонд аттуу врачтын зайыбы Эодора Элмонд көтөрүп, кийин ал коомчулуктун колдоосун тапкан.

Палермодогу фестиваль маалында жергиликтүү кызды шылдыңдаган француз аскеринин айынан Сицилиянын калкы козголуп, 1282-жылдын 30-март күнү алар 2 миң француз аскерин өлтүрүшкөн.

Джорджия штатынын Джефферсон шаарынын врачы Кроуфорд Уильямсон 1842-жылдын 30-март күнү биринчи жолу медициналык практикада эфирди анестезиялык каражат катары колдонгон.

Россиялык дипломат, барон Эдуард Стекль 1867-жылдын 30-март күнү Вашингтон шаарында Аляска жарым аралын Америка Кошмо Штаттарына сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон. Келишимге ылайык орус-америкалык компания Кошмо Штаттарга Алясканы 7 миллион 200 миң долларга кармата берген. Падышалык Россия Аляска менен Алеут аралдарынан мурда эле кутулууну каалаган. Аляскадагы орус колониясы ал убакта 600 адамга жетип, өлкө казынасы алыскы аймакты коргоого күчү келген эмес. Падышалык бийлик алыскы аралдарды коруганга караганда Амур жээги менен Орто Азиядагы ээликтерин кеңейтүүнү самаган. Американын өзүндө да жарым аралды сатып алуу идеясы кызыгуу туудурган эмес. Алясканы сатып алуу маселеси Кошмо Штаттардын Сенатында болгону бир добуш артыкчылык менен кабыл алынган. Сенатор Ч. Самнер жаңы территорияны сатып алуу керектигин жактап, ал үчүн «Аляска», тактап айтканда «Чоң жер» терминин колдонгон. Аляскада качан алтын жана башка минералдык кендердин бай запасы табылгандан кийин америкалыктар терисине батбай сүйүнүшкөн. Орустар болсо ошондон бери Американын колтугундагы стратегиялык маанилүү аймактан айрылганына бармагын тиштеп келишет.

«Правда» газетасы биринчи жолу «ТАСС билдиргенге ыйгарым укуктуу» («ТАСС уполномочен заявить») деген сөздү 1934-жылдын 30-март күнкү санында колдонгон.

Советтер Союзунун коргоо министрдиги 1967-жылдын 30-март күнү космоско каршы коргонуу күчтөрүн курган.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Рональд Рейганга кол салуу 1981-жылдын 30-мартында жасалган. Джон Хинкли аттуу 25 жаштагы жигит президентке ок чыгарып, аны катуу жарадар кылган.

Теңдешкис испандык живописчи Франсиско Гойя 1746-жылдын 30-мартында жарык дүйнөгө келген.
Голландиялык таланты таш жарган сүрөтчү Вицент Ван Гог 1853-жылдын 30 март күнү туулган.
XS
SM
MD
LG