Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

13-апрель: Тарых барактары


 Советтик аскерлер 1945-жылдын бул күнү Австриянын борбору Вена шаарын немецтик-фашисттерден бошотушкан
Советтик аскерлер 1945-жылдын бул күнү Австриянын борбору Вена шаарын немецтик-фашисттерден бошотушкан

Акмоло округунун Тамин волостунда Кененсары хандын кыргыздар тарабынан колго түшүрүлгөндүгүн билдирген жардык 1847-жылдын 13-апрелинде жарыяланган. Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1961-жылдын 11-апрель күнкү чечимине ылайык Эткомбинат көчөсүнүн аталышы Юлиус Фучик болуп өзгөртүлгөн. Нью-Йорктун Шаардык Искусство музейи 1870-жылдын 13-апрелинде негизделген. Америка Кошмо Штаттарынын үчүнчү президенти, эгемендик Декларациясынын автору Томас Джефферсон 1743-жылдын 13-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Кыргыздар 840-жылы Уйгур каганатын талакалагандан кийин жеңилген тарап ар кайсыл жакка бытырап качкан. Кытай жазма булактарында уйгурлардын Уцзе каганы 842-жылдын бул күндөрү кытай ханайымы Тай-хэни алып, түштүк тарапка жер которгондугу кабарланат. Уйгурлар кыргыздардын кысымынан качып, Кытай өлкөсүнүн түндүк чегарасына ыктай жайгашкандыгы жана мындай жакындык империянын ички коопсуздугуна коркунуч жаратаары белгиленет. Кытай стратегдери уйгурлардын кол салуусунан кооптонушуп, алардын күчүн кыргыздардын колу менен жок кылуу максатында, кыргыз өкүмдарына кат аркылуу кайрылышкан.

Акмоло округунун Тамин волостунда Кененсары хандын кыргыздар тарабынан колго түшүрүлгөндүгүн билдирген жардык 1847-жылдын 13-апрелинде жарыяланган. Орус бийлиги Кененсары хандын сары изине чөп сала кууп, ал жүргүзгөн саясаттан тарта, казактардын кыргыздарга кол салганына чейин саксактап көзөмөлгө алып турган. Волосттук жардыкта Кененсары менен кошо Ноорузбай, Кудайменди жана Эржан баатырлардын кыргыздар тарабынан туткундалганы кабарланат.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1961-жылдын 11-апрель күнкү чечимине ылайык Эткомбинат көчөсүнүн аталышы Юлиус Фучик болуп өзгөртүлгөн.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу илим адамдары 1994-жылдын 13-апрелинде нааразылык митингге чыгышкан. Илим Академиясында маяна берилбей жана айлык акыга акча табылбай окумуштуулардын орундары кыскартыла баштаган. Эгемен республиканын жетекчилиги жүргүзгөн саясатка жаны ачыган илим адамдары «айлык акы» жана «эмгек орундарын сактап калуу» талабы менен митинг уюштурушкан.

Советтик аскерлер 1945-жылдын бул күнү Австриянын борбору Вена шаарын немецтик-фашисттерден бошотушкан. Белгилүү болгондой, Улуу Ата Мекендик согушка 300миң чамалуу кыргызстандыктар катышкан жана алардын айрымдары аталган аскер операцияларынын арасында болушкан.
Англия тарыхында 1360-жылдын 13-апрели - Кара дүйшөмбү деп аталат. Король Эдуарддын аскери бул күнү катуу мөндүр жана нөшөрлөп төккөн жамгырга кабылып, алардын көбү кырылып калган.

Нью-Йорктун шаардык искусство музейи 1870-жылдын 13-апрелинде негизделген.

Франция мамлекети 1960-жылдын 13-апрелинде Сахарада ядролук жардыруу өткөргөн. Ошентип Франция ядролук сыноолорду жүргүзгөн төртүнчү өлкө болуп калган.

Калк каттоо бюросунун 1987-жылдын 13-апрель күнкү билдирүүсүнө ылайык Жер шаарындагы калктын саны 5 миллиарддан ашкан.

Америка Кошмо Штаттарынын үчүнчү президенти, эгемендик Декларациясынын автору Томас Джефферсон 1743-жылдын 13-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Томас Джефферсон биринчи америкалык буржуазиялык революциянын көрүнүктүү өкүлү болгон. Анын президенттик маалында Кошмо Штаттар Луизиананы Франция мамлекетинен сатып алган жана Льюис менен Кларктын 1804-1806-жж. экспедициясы уюштурулган.

Атактуу шахматист, шахмат боюнча дүйнөнүн 13-чемпиону Гарри Кимович Каспаров 1963-жылдын 13-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG